4-июнда депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 8-сессиясы өттү. Сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттарынын төрагасы Таалай Сабиров шаар көйгөйлөрүнүн ичинде бүгүнкү күндө газ башкы орунда турарын баса белгиледи. Депутаттар билим берүү системи, жалгыз жашаган карыялар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелери боюнча талкуулашты.
Социалдык кызматкерлер жардамга муктаж жарандардын үйлөрүнө барып жардам берип келишерин Ош шаардык социалдык башкармалыгы маалымдады. Мындан сырткары учурда шаарда 378 чет өлкөдөн келип эмгектенген жарандар болсо, алардын 37си жеке ишкерлер. Булардын көпчүлүгү Кытай жарандары. Андыктан «Ош шаарынан эми чет өлкөлүктөргө жер сатылбайт» деген чечим кабыл алынды.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg