Баткен облусунда 2-июнь күнү катуу шамал, андан кийин сел болуп, облус тургундарына көптөгөн чыгымдарды алып келди. Бул күнү саат 03:00 чамасында Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында жана Исфана шаар башкармалыгынын аймагында ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Шамалдын кесепетинен Тогуз-Булак жана Кара-Булак айылында 12 турак үйдүн чатыры, Миң-Жыгачта 43 турак үйдүн, Айбике айылында 12 турак үйдүн, Айкөл айылында 45 турак үйдүн жана Наргозу баатыр атындагы орто мектептин чатырлары шамалга учуп талкаланды.
Ушул күнү саат 16:00 чамасында сел каптоо болуп, Тогуз-Булак айыл аймагында «Белес» эс алуу жайына бара турган жолду алып кеткен. Унаадагы эл (10 автоунаа, 40 адам) жолдон өтө албай калган. Мындай окуялар Баткен районунда да болуп, Ак-Татыр, Кара-Булак, Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Сай, Дара жана Төрт-Күл айыл аймактарында катуу шамал катталган. Мындан сырткары дагы бир канча айылдардын калай чатырларын да учуруп кеткен.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg