ЖАҢЖАЛДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ООРУКАНАДА

Бүтпөгөн митингдердин айынанбы, кыргыз, тажик улутунун ортосунда жаңжалдар чыгууда. 4-июнда 1959-жылы туулган Үч-Дөбө айылынын тургуну Абдувахап Ниязкулов тажик жарандарынан токмок жеп, оор абалда Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө келип түшкөн.
Ак-Сай айылынын тургуну Шарафат Надырова 3-июнь күнү баласы менен Бакай айылында унаада баратканда тажик жарандары ур-токмокко алышкан. Ошол жерден Шарафат Надырованын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген.
31-майда Ворух анклавынын Чарку айылында жүргөн 2 адамды тажик жарандары ур-токмокко алып, муунтуп, «өлүп калды» деп кетип калган жеринен тажик жарандары «Тез жардам» чакырып, Согди облусунун Исфара шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө алып барышкан. Кыргыз жарандары эсин жоготуп, өздөрүнө келгенде бирөөсү 1-июнь күнү, экинчиси 3-июнь күнү Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө өтө оор абалда келип түшкөн. Учурда бейтаптарга дарыгерлер кам көрүшүүдө.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
patriottkg1
2013-06-10 18:36:57
чондор кайакты карап атат? губернатор ооозун ачып турабы,мелиске окшогон адам болгондо
0
admin_superstan
2013-06-11 19:56:38
beko-, провокацияга жол берилбейт.
Азырынча эскертүү!
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-06-12 01:51:35
Бирибизди бирибиз кордоп атсак башкасы карап турмак беле ушуну кылат да. Болунгонду бору жейт дешчи эле ата-бабабыз азыр бизди бору эмес шакал жеп кетет бул кетиште.
0
umb
2013-06-12 06:12:18
ай байкуш кыргыздар ай.
0
mi-li-na
2013-06-12 09:42:39
Ит атаарларды ошол жакка жиберип коюш керек экен))) Жер ээн болсо арам донуз как тобоно чыгат деген болуп жатат да.Бул нерсени бийликтин алсыздыгы, иштебегендиги, элдик бийлик эмес экендиги деп тушунсо болот.
0
hann
2013-06-12 10:07:28
Мындай коогаландардын келип чыгышы чек ара маселеси так чечилбегенден болуп жатат. Антпесе тундук деле казак, кытайлар менен туштуктогудой корунуштор деле болмок. Бирок бул жакта андай проблем жок. Кыйратам жыргатам деп ойду омкоруп тоону томкоргондор ошол маселелерди мамлекеттик денгээлде чечкенге салым кошушпайбы. Элди урботуп дурботуп митинг менен алек болбой. Короолорунда чоолордун шимшип жургондорун кормоксонго салышпай....
0
aske2012
2013-06-12 10:23:32
Мен Бийликти алсыз дегенден алысмын ал учун чек араны токтоо керек бул учун мамлекеттик дээнгелде конул бурулуш керек жергиликтуу бийлик ага кучу жетпейит андай статусу жок ошон учун туздон туз преизденттин козмолу менен суйлоошуусу менен ган чечилет, бул ошон учун бийликти алсыз деген кыргыз жараны оз алсыз деп эсептеймин.негизи Мамлекет сизден менен сизден куралат ушуну унутпаныздар.
0
aske2012
2013-06-12 10:52:28
Комиссия түзүп ииликтегиле, ким күнөлүү, кимди иштен алыш керек ошонун камын коргуло, тажик менен чек ара бир күн чечилет, күтүп турайлы андан көрө ким крайний ошону табыш керек туурабы, биз ишти ошондон баштайбыз, башка жумуш жок болгондон кийин
0
egemberdievagulbara
2013-06-12 20:27:22
тажиктер оздорунун жерине батпай кетип атат ,чек аранын тажик тарабы ото тыгыз жайланышып болунгон жерге чейин тамдарын тургузуп ,еми кыргыздардын жерине уй тургузганы жатыщат.ошонун айынан ызычууу.
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан