«Баткен районунун Кызыл-Бел айылында эки айдан бери 15ке жакын адамдын үйүнө ууру кирип, эл коркуу менен жашап жатат» деген маалыматты угуп, ал айылга жол тарттык. Айылга барып эл менен сүйлөшкөндө акыркы эки айдан бери табышмактуу уурулар пайда болгонун айтып беришти.
УУРУЛАРДЫН «БЕСПРЕДЕЛИ»
Кызыгы, колу туткактар бүгүнкү күнгө чейин кармала элек. Башында айыл тургундарынын буюмдары жоголуп келген болсо, акыркы күндөрү уурулар үйлөргө кирип, бейкапар өз ишин жасап чыгышууда. Дүкөндөрдүн эшиктерин бузуу үчүн колдонгон каражаттары, темир кесүүчү араа, балталары калып калган.
Башка адамдын үйүнө кирип, үйдө болгон бут кийимдердин баарын сууга салып, унаанын үстүнө тизип койгон. Дагы бир тургундун таза идиштерин жугундуга салып чыгып кеткен. Түнү бир үй-бүлөнүн кыздары жаткан бөлмөгө кирип, сандыктарды аңтарып эч нерсе таппай, ашканада турган майды килемге, жаздыктарга төгүп, күзгүгө помада менен «ха-ха-ха» деп жазып коюшкан. Бул убакта бөлмөдөгү кыздар корккондугунан үн чыгарбай жата беришип, алар кеткенден кийин ата-энесине айтышкан.
Дагы бир окуяда бир үйгө кирип, уну менен күрүчүн үйдү айланта чачып коюшкан.
Акыркы жолу Инаят Юлдашованын үйүнө кирүүгө аракет кылган. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:– 30-май күнү кечинде тамактанып бүтүп, эс алганы ар ким өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткен. Биз уктап жатканда улуу кызым уктабай, интернетте отурган экен. Түнкү саат 1де айнек тыкылдап баштады. Анан кызым экөөбүз коркуп, энеме да айтып, колубузга таш алып үйдү айланып чыктык. Үйдүн жанында дөң бар эле, терезенин астында ошол дөңдүн алдында боюн ылдый кылып бирөө отурат, колумдагы таш менен аны урдум. Ташым тийбей мүрүсүнөн өтүп кетти эле, ал адам шашып кошунамдын үйү аркылуу качып кетти. 30 жаштан ашкан кишидей көрүндү. Караңгы болгондуктан, жүзүн даана көрө албадык. Бул адам жалгыз эмес болуш керек деген ой менен үйдүн айланасын карап чыктык. Ошол түнү уктай албадык. Ансыз деле айылдагы уурулук боюнча угуп коркуп жүргөнбүз. Бул окуядан кийин түнү да жакшы эс ала албай калдык. Эми мындай нерселер кайталана берсе, бизде жакында өрүктүн сезону башталат, анда кандай кылабыз билбейм...
«МИЛИЦИЯГА КАЙРЫЛСАМ МАЙНАП ЧЫГАБЫ?»
Элден сураштырсак, бир канча үйгө кирген учурда билип калып артынан кууп жетпей калгандар көп экен. Бирок ууру кирип, алчусун алып кеткенин билбей калган учурлар да кездешет. Аталган айылдын тургуну Сайдимар Абдуллаевдин 15 миң сомго бааланган 3 кап өрүгү түндө жоголуп кеткен.– Менин үйүмдөн түндө 3 кап өрүгүмдү уурдап кетишти. Биз ууру киргенин билбей эле уктап жата бериптирбиз. Эртең менен турсак эле килограммы 160 сомдон болгон 95 килограмм өрүгүм жок.
Бир майнап чыгабы же жокпу деп милицияга кайрылбадым. Ууруларды өзүм кармоону чечип, түнү унаамды үйүмдүн жанына коюп, бир нече түн ошонун ичинде жатып жүрдүм. Уурулар кайра келеби десем келген жок. Өзүм кармай албаган соң 2-3 жолу аймактык тескөөчүгө барсам жумуш ордунда жок экен, ошол бойдон аларга да кайрылбай койдум.
Дагы бир жумадан кийин түнү жубайым сыртка чыгып, үйдүн кырында бир адам турганын көрүптүр. Мен ал адамды жолунан чыгып тосуу максатында үйдү айланып өтсөм, мени көрүп, качып кетүүгө үлгүрдү. Эркек киши экен, дамбал кийип алыптыр. Ошентип, экинчи жолу да кармай албадым. Андан көп өтпөй эле Токтогул деген досумдун 2 кап өрүгү уурдалды. Азыр балдар топтолуп, түнү күзөткө туруп кармайбыз деп жатышат, бирок дагы деле кармала элек.
Учурда айылда абал кооптуу. Айыл тургундары коркуп, тынч жашоо жок. Айрыкча бизде жаштар чет мамлекетке иштеп кетип, неберелери менен калган чоң ата-чоң энелер көп. Баарынан да ошолорго кыйын болуп жатат. Ушуга чейин эл милицияга кайрылбагандыктанбы же башка себептенби, эч кандай кылмыштын бети ачыла элек. Биздин айылда болуп жаткан окуяга олуттуу көңүл бурган адам жок. Айыл тургундары өзүбүз түнү чыгып кармоого аракет кылып жатабыз. Бир жагынан караганда буларды ууру деп атасаң, акыркы кылган жоруктарын карап акылы тайкы немелер го деген да ойлор келет. Качан гана айылдан бир адам катуу запкы жеп болбой калганда жетиштүү түрдө көңүл бурулат окшойт.
Айыл элинин ушундай сөздөрүнөн улам аймактык тескөөчү Талант Кожогуловго барып жолуктум. Бирок ал менин оозумду ачырып «эч кандай уурулук боюнча билбейм, уккан эмесмин» деди. «Бизге эч ким арыз жазган эмес» деп жолума салды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн да пикирин угайын деп аны менен байланыша албай койдум. Ар ким өзүнүн эле казанында кайнап жүрөт окшойт деген жыйынтыкка келип кайта бердим. Уурунун арты кууш, бир күнү кармалар...
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg