4-июнда Нарын облустук администрациянын жыйын залында облустагы ардагерлер жана жаштардын лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Өлкөдө пикет-митингдердин байма-бай уюштурулуп жатышына ар бир жаран кайдигер карабай, ага жапа тырмак, мыйзамдуу түрдө чара көрүү маселесине токтолушту.
Жыйынга Нарын облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Кайып Калназаров, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сүйүнбек Бекмамбетов, «НурЖолБер» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева жана жаштардын атынан «Жаш данакер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахат Асанов катышып, өлкөдө түзүлүп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу өз ойлорун билдиришти. Алар бир ооздон бардык жаран өлкөнүн Баш мыйзамын сыйлоого жана мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөөгө жалпы киришүү ар кимдин атуулдук милдети экенин баса белгилешти.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg