Май айынын аягында Нарын шаарында нааразычылык акциялары катары менен болуп кетти. Алар ар кандай өңүттө болду. Демейде «баланча кетсин, элди соруп бүттү» деген ураандар менен чыккан эл бул ирет башкача жол менен кетти. Жетекчилерди колдогон митингди да башыбыздан өткөрүп айран таңбыз.
ДҮРБӨЛӨҢ №1
Облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков кызматын өткөрүп бере тургандыгы тууралуу маалымат шамалдай тарап кеткен эле. 21-майда эл Нарын шаарындагы борбордук «Теңир-Тоо» аянтында өкмөттүн өкүлүн колдогон митингге чогулду.
Пикеттен шумдуктуу божомолдорду угууга болот. «Депутаттар Карганбек Самаков, Чыныбай Турсунбеков, экс-депутат Аскар Салымбеков өз кишилерин коёт экен же ичинен бири губернатор болот экен» деген сөздөр айтылып, ал тургай айрым тааныш эмес фамилиялар да аталды. Акыры облустагы өкмөттүн өкүлү Канатбек Муратбеков чыгып, мындай деди:
– Менин кызмат ордумдан кетишиме бийлик тарабынан саясий кийлигишүү жок десем болот. Бул кызматтан кетүү маселесин өзүмдүн жеке жашоомо байланыштуу пландарымдан улам көтөрүп, арыз жазуу чечимине келгем. Бирок арызымды кабыл алышпады. Сиздердин мени колдоп, кызматтан кетүүмө каршы чыгып, ишеним көрсөткөнүңүздөрдү эске алып, арызымды кайра алууну чечтим. Азыр өз кызматымды улантып жатам.
ДҮРБӨЛӨҢ №2
Абал турукташып, эл тынчып калганда экинчи дүрбөлөң 28-майда башталды. Нарын ОИИБинин жетекчиси Таалайбек Нуралиев кызмат ордунан бошоп, ордуна мурдагы жетекчи Нарынбек Молдоисаевдин келишине эл макул эместигин билдирди. Нарынбек Молдоисаев 2010-жылы Нарын
ОИИБинин жетекчилик кызматынан кеткен. Кийин арыз менен сотко кайрылып, сот анын иштен мыйзамсыз кеткенин далилдеп берген. Министрлик аны кайра кызматына коюу буйругуна 2013-жылдын 27-майында кол койгон. Нарын эли анын кайрадан кызматка келишине каршы чыгып, үч күн
ОИИБдин имаратынын алдында пикет уюштурду.
Кымгуут болгон элдин алдына Нарынбек Молдоисаев талаптарын укканы чыкканда «сени кабыл албайбыз, кет» деген кыйкырык-сүрөөн башталды. Көз ирмемдеги баш аламандыкта эл арасынан бирөө суу толтурулган желим стаканды ыргытып жиберди. Ал сүйлөп жаткан Молдоисаевге тийбей калды. Абалды турукташтыруу үчүн милиция кызматкерлери өз аракеттерин кыла баштаганда эл менен бир аз кагылышуу болуп кетти.
29-май күнү чогулгандар Нарын ОИИБинин жаңы жетекчисине макул эместигин, маселе оң тарапка чечилбесе, боз үй тигип, жол тосууну билдиришкен. 30-майда 200гө жакын адам Нарын шаарынын борбордук аянтынан
ОИИБ имаратына чейин жөө жүрүш жасашкан. Эл алдына чыккан бул учурда Нарынбек Молдоисаев кызматтан кеткенин, ордуна орун басары Махабат Жумаевди калтырганын маалымдаган эле. Чогулгандардын арасынан айрымдары Таалайбек Нуралиев келмейинче кетпей тургандыктарын билдиришип имараттын алдында турушканда Нарын
ОИИБинин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Махабат Жумаев эл алдына чыгып, министрликтен жооп күтүлүп жатканын айтып, элди тынчтыкты сактоого жана сабырдуулукка чакырды. Учурда пикетчилер талкалап, бузуп салган тосмону кайра калыбына келтирип коюшту.
Нарын ОИИБинин имаратында кандай чыгымдар болгонун сураганыбызда аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Жусубалиев: «Тосмону кайра калыбына келтирүү үчүн каражат кеткен жок. Тосмонун өзүнүн материалдарын эле кайрадан калыбына келтирип, кулаган тумбалар кайра эле өзүнүн кышынан тургузулду. Темир тосмолорду оңдоп-түздөп, тумбаларга бекитип тагып койдук»,- деп жооп берди.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg