АБАЙЛАҢЫЗ! КУРТТАГАН КОЛБАСА ЖЕП, ТӨРТ АДАМ УУЛАНДЫ

Орусиянын Ижевск шаарынын бир жашоочусу колбасанын ичинен бриллиант шакек таап алып, сүйүнгөн жайы бар. Ал эми биздин өлкөдө 4 адам ичи курттаган колбасаны жеп, ууланып, күйүнүшүүдө. Муну укканда колбаса жей койчу жаным «экинчи жебейм» деп жиберипмин. Бул окуяны окуган көпчүлүк да ушинтип айтары бышык. Чуулгандуу окуянын чоо-жайын чубап көрөлү.

«ЦЕХТИН ЭЭСИНЕ КУРТТАГАН КОЛБАСАНЫ ӨЗҮҢ ЖЕСЕҢ, КЕЧИРЕМ ДЕДИМ»
Биз жабырлануучу Д.ЖАПАРОВА менен байланыштык (белгилүү себептер менен жабырлануучулардын аты-жөнү өзгөртүлдү). Ал күйүп-бышып төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен 3-июнь күнү түштө Маевка айылындагы «Айдин» дүкөнүнө бардым. Сатуучу кыздан халал колбаса сурасам, ал «мына, андай колбаса жаңы эле келди. Муздаткычка да салып үлгүрө элекмин» деди. Мен байланган 2 колбасанын бирин алып, үйгө келдим. Аны үйдө оңдоо-түзөө иштерин жасап жаткан 3 жумушчу болуп кесип жей баштадык. Аңгыча бир жумушчунун оозунан агарган нерсенин чыгып калганын көрдүк. «Оозуңдагы эмне, ыя?» деп жанагыны алсак эле, курт болуп чыкты. «Апей» деп колбасанын ичин жара койсок, ортосунан курттар чыга баштады. Ошентип, колбаса жеген төртөөбүз тең ууланып, жаман абалда калдык. Мен бир аз өзүмө келген соң колбаса сатып алган дүкөнгө барып, сатуучуга ушундай деп айтсам, ал да чочуп кетти. «Сатыла элек берки бирөөсүн кесип көрчү, ишенбесең» дедим. Кесип көрсө, ал бөлүгүнөн да курт чыкты. Сатуучу колбаса чыгаруучу цехтин кожоюндарына чалды, 2 сааттан кийин эки орус келди. Аларга айтсам, мени менен узакка тартышышты. «Колбаса чыгарууга документиңер барбы, кайсы цехтенсиңер, аты-жөнүңөр ким?» десем, айтпай коюшту. Анан «бизди кечирип кой, сага канча акча керек, айт, биз ошол сумманы берип тынышалы» дешти.
Мен жиним келип, «биз жеген курттаган колбасанын калганын өзүң жеп түгөтсөң гана кечирем» деп жооп бердим. Антсем алар «колуңдан эмне келет, ишти баары бир бүтүрөбүз» деп кетип калышты. Мен алардын машинасынын номерин жазып калдым. Анан тааныш-билиштерден сураштырып отуруп, машинанын ээсинин аты-жөнүн билип алдым.
3-июнь күнү колбасанын калган бөлүгүн көтөрүп, Аламүдүн районунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, ал эми 4-июнда Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментине да барып, арыз жаздым. Эртеси алар менен текшерүүгө кошо чыктым.
Текшерүү боюнча сиздер департаменттен айтып беришти дедиңиздер. Мен муну кошуп кетейин. Дүкөндөрдөн колдонуу убактысы өтүп кеткен колбасаларды жыйнап алып келип коюшканын көрдүм. Алардын сыртындагы кабыгын чыгарып коюшуптур. Сыягы ага даам, жыт берүүчү бир нерселерди кошуп жаңылап, кайра саттырат окшойт.
Азыр курттаган колбаса жеген берки үчөө тең оңоло элек. Дарыланышса деле (ашказандарын жуудуруп, тамчылатма дары алышканы менен) абалдары жакшы эмес. Мен бул иштин аягына чейин чыкмайынча тынчыбайм.

«АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН КУСУП, ТАМАК ЖЕЙ ЭЛЕКМИН»
Эми экинчи жабырлануучу АЙКАГА кайрылып, сүйлөштүк:
– 3-июнь күнү мен, Айнура, Закир болуп күндөгүдөй оңдоо-түзөө иштерин жасап жүргөнбүз. Түштө үй ээси чайга деп колбаса алып келди. Мен колбасадан 2 тилим жеген соң эле өзүмдү кызыктай сезип калдым. Анан 1 кесим калды эле, «кой, муну деле жеп коёюн» деп жеп, ишке киришмей болдум. Ошондо үчүнчү жумушчубуз келип, чай иче баштады. Аңгыча оозунан агарган нерсени көрүп, алып чыксак эле курт экен. Колбасаны кесип-кесип жиберсек, ичинен курттар чыгып жатат. Ошо менен кусуп, жаман боло баштадык. Мен куса берип шайым ооп калгандыктан, жолдошум машина менен келип алып кетти. Колбаса жеген төртөөбүз тең ооруканага барып, ашказаныбызды жуудуруп, керектүү дарыларды ичтик. Цехтин ээлери дарыларга кеткен чыгымдарды төлөп бермек турсун, абалыбызды сурап да койгон жок. Уулангандан бери канча күн өтсө да, көңүлүмдүн айланганы, кусканым токтобой, тамак ичпей калдым.

«500 СОМДУК КОЛБАСА АЛЫП КАЛГАМ»
ЖАМИЛЯ, сатуучу:
– 3-июнь күнү кардар келип, байланган 2 колбасанын бирин алып кеткен. Бир сааттан соң «мындан курт чыкты» деп алып келди. Карасам, чын эле курттап кетиптир. Экинчисин кесип көрсөк, курт көрүнбөдү. Тигил айым «күнгө жайсак чыгат» деп кесип, күнгө жайган соң бир аздан кийин кыймылдаган курт көрүндү. Ошол күнү 500 сомдук колбасаларды алып калган элем.
Мен цехтин кожоюндарына чалсам, алар кечирээк келишти. Кардар менен талашып-тартышышты. Кардар керектүү жерлерге арыз жазган экен, биз эртеси ал жерлерге баягы кесилген колбасалардын баарын алып бардык. Текшерүүгө алып калышкан.

«ХАЛАЛ ЭМЕС ЭКЕНДИГИ АЙКЫН»
ТОКТОГУЛ БАЗАРБАЕВ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин гигиена жана тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси.

– Сиздерге колбасадан курт табылгандыгы тууралуу кабар кимден түшүп, кантип изилдеп калдыңыздар?
– 4-июнь күнү бизге Аламүдүн районундагы Маевка айылынын бир тургуну келип, сатып алган колбасадан курт чыгып, адамдардын уулангандыгы тууралуу айтты. Ал ошол колбасанын калганын көтөрө келиптир. Колбасада курттардын жүргөнүн көрдүк.

– Анан ал боюнча арыз жазылып, текшерүү иштерин жүргүздүңүздөр...
– Ооба, биз дароо эле ал адамга арыз жаздырып, ошонун негизинде эртеси мен, Аламүдүн районунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери болуп рейдге чыктык. Сатуучу жабырлануучуга колбаса сатканын мойнуна алып, Пригородноедеги цехтегилер алып келише тургандыгын айтты. Аталган айылга барып изилдесек, жанагыдай колбасаларды Елена Качкуркинанын наамына катталган жеке ишкана чыгарат экен.
Ошол цехти текшердик. Барсак, колбаса чыгарууга уруксат берүүчү документ да, иштеген кызматкерлеринин биринин да санитардык китепчеси жок болуп чыкты. Бүтө элек цех болгонуна карабастан курулуш иши да, колбаса чыгаруу да кызуу жүрүп жатыптыр. Халал дегени менен, Кытайдан алынып келинген эттер, карайып кеткен эттер да жатат. Халал колбаса үчүн малды мууздап союп, канын агызышат. Мындай эттин өңү ачык болот. А тигил эттер мууздалбай союлган эттей болуп өңү кара. Андыктан колбасанын адал эмес экендиги айкын. Санитардык эрежелер таптакыр сакталбаган. Даяр продукция менен чийки продукция аралаш, чымындар каалагандай учуп жүрүшөт. Эттин оорубаган малдын эти экендигин тастыктоочу ветеринардык маалым каттар да жок.
Колбасалардын сыртында «мусульманский, полукопчённый, халал» деген гана жазуу бар экен. Чынында, колбасанын сыртында кайсы ишкана тарабынан, качан чыгарылгандыгы, кандай эттен даярдалгандыгы жана курамында эмнелер бар экендиги толук жазылыш керек эле. Колбасада болсо андай маалыматтар жок.
Изилдей келсек, аталган ишкана 1 күндө 300-400 килограмм колбаса азыктарын чыгарат экен. Жабырлануучу Д.Жапарова апкелген колбасанын ичинде курттардан башка дагы эмне балээ бар экени лабораториялык текшерүүдөн кийин билинет. Азыр анын жыйынтыгы чыга элек.
Текшерүүдөгү фактылардын негизинде колбаса цехи жабылып, жетекчисине 2 миң сом айып салынды. Учурда материал прокуратурага жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөзүлүп жатат.

Мына, окурман, сырттан алынып келинген азыктардын көбү зыяндуу деп какшаганыбыз менен, минтип өзүбүздөн чыккан азыктар да соо эмес экен. Аягында суроо жаралат: бизде мыйзам иштебейби же көзөмөл жокпу? Мындай окуянын болушуна ким жол берген? Кыскасы, эмне жесеңиз да этият боло көрүңүз!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Колбасадан курт чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
mira.
2013-06-18 17:27:33
2000сом уят айып салыш,аларды сот жообуна тартыш керек,ошондо башка жакта иштеген фирмалар ойлонуп таза так иштегенге аракет кылышат,ансыз аларга эмне кытайдан келген эттерди халал деп,курттагандарды, сата беришет,текшерип келсе 2000сом штраф толойбуз деп ойлошот,ошондуктан коп суммадагы акчаны штраф кылып салыш керек буларды 5-кг.колбасасынын акчасын албастан,миллиондогон алыш керек,башка мамлекеттерди жакшы турашат биздин олко,баардык жагын чогу алып журуш керек туурап.
0
Shota69
2013-06-18 19:11:39
Уяты жоктор 2000сом да салабы, 200000сом салса да аздык кылат, просто мышык ыйлайт дааа,соз жок чочколорго.
0
Shota69
2013-06-18 19:15:51
Азыр телефон деген бар го, видеого тартып алсанар болмок, акча сунуштаганын.
0
aigulkg
2013-06-18 22:10:52
2мин эмес 100мин салсада аздык кылат.мындай адамдарды сот жообуна тартыш керек.
0
baby93
2013-06-19 00:42:42
okup alyp koonup aylanyp ketti((((
0
zamko
2013-06-19 04:34:07
Фуууу ужасс Кудай сактай
0
sambo
2013-06-19 12:34:43
Кудай сактай көр 2000 сом айып пул эмне болмок эле. Ал цехтин каттоо документи да жок болсо элди алдап ХАЛАЛ колбаса деп сатып жатса. Камап салыш керек жанагы цехтин кожоюнун. Эми халал колбаса да жебес болдук.
0
Gul90
2013-06-19 17:41:41
а эмнеге атын жашырып атышат так айтса дагы да канча эл ууланбай калышат эле
0
kuyal83
2013-06-20 07:27:57
Иии байкууш, эми кантип таап берет болду экен 2мин сом штрафын! Карыздап алса керек э? Аябай коп штраф салган турбайбы!
0
Gsuita
2013-06-20 08:00:00
чындап мен кускум келип кетти жегендер эмес эле.
0
belosnejka1
2013-06-20 09:44:48
Кытайдын азык тулугун такыр эле албаш керек. Акча менен эле кутулуп кетишет да мындайлар. Жакшы козомол керек. Тартип керек. Кайдигер болбош керек. Азык тулукторду сатып алганда маани беруу керек да.
0
abaychik
2013-06-20 14:17:11
belosnejka1, бул колбасалар Кытай эмес озубуздун Кыргызстандан чыгып жатпайбы?
0
abaychik
2013-06-20 14:18:08
Тамагым тушуп калды окшойт.
+1
samirchik
2013-06-21 02:53:26
2000????????????????7777
0
shazi
2013-06-21 14:09:46
Вообще жоопкерчилик деген нерсе жок, эптемей баары фирмасы да, соту да.2000 деген не бул назары пастар, пара алганда 2000 берем дечи не дейт экен көзүнүн каягы менен карап жиберишет аз деп. Иши кылып аман эле болгула да бети жоктор.
+1
nazi.kg
2013-06-22 19:41:29
коонум айланып кетти 2000сомда салабы жоопко тартпайбы
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан