Дайыр Исмадияров, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын каарманы»:«ЫРЧЫЛАР МЕНИ ТОГОТУШЧУ ЭМЕС»

«Катын алсаң, отун ал» дегендей, Дайыр Исмадияров маңдай тери менен Бишкектен эки бөлмөлүү үй алган. Эми ичин эмеректерге толтуруу менен алек. Бойдок жигит кандай жашап жатат болду экен деп Дайырдын ак өргөөсүнө баш бактык. Өзгөн палоосун эмес, ысыкта жакшы өтөт деп дымдама жасап тосуп алды.

ЧАЙ ҮСТҮНДӨ МАЕК

– Дайыр, айтсаң, көптөн бери кыздар менен туруктуу мамиле түзбөгөнүңдү сенин кыздарга талабыңдын күчтүүлүгү деп түшүнүү керекпи?
– Кеп менин табитимде же катуу койгон талабымда эмес. Мына эки жылдай болуп калды, дагы деле мурунку кызымды унута албай сагынып, эстей берем. Ал кыз менен 3 жыл сүйлөшүп, үйлөнөм деп да калгам, бирок насип эмес экен. Азыр кыздар менен таанышсам да ошого салыштыра берем. Чынында, өзгөчө кыз эле, мисалы, аяштар менен конокко барганда эртең менен бет жууганга суу даярдап, бут кийимимди тазалап турчу.

– «Эрте туруп, суу жылытып берчү» дегениңе караганда чогуу жашап жүргөн окшойсуң?
– Конокко баргандагыны айтып жатам да (каткырып).

– Чыгармачылыгыңдагы эң оор учур деп кайсы мезгилди айтасың?
– Шоу чөйрөсүнө жаңы аралашып жаткан кез. Көп ырчылар тоготпой, учурашпай өтүп кетип, адам катары кабыл алчу эмес. Балким, азыр деле андайлар бардыр, бирок аларга көңүл бурбай калгам. Эң негизгиси, ырларым элге жетип жатканы мага маанилүү.

– Ар бир адамда дос-душман деген болот. Сенде да шоу чөйрөсүндө жактырбай мамиле кылган киши барбы?
– Негизи, чыгармачылыкты көрө албагандар толтура, артымдан сөз кылып дегендей. Эгер жактырбай жатса, бетке эле айтыш керек, жакпайсың деп, туурабы? Менин көк беттик жайым бар, ошол эле учурда унутчаакмын. Урушкан адамым болсо деле унутуп калам, көңүл жумшак. Эч ким менен кастыгым жок. Мисалы, мурунку продюсерим Канат Кадыржан менен иштешпей калгандан кийин сүйлөшпөй койсом болмок, бирок азыр деле чалышып ал-абалыбызды сурашып турабыз.

– Кемчилигиң кайсы деп ойлойсуң?
– Бирөө мага кичине эле жакшы сүйлөп койсо ага ишенип, жакын тутуп, бүт сырларымды ачып салам.

– Сулуу кыздар менен мамиле түзүүгө атагың жардам береби же амалкөйлүгүңбү?
– Кыздар менен таанышканда көпчүлүгү мени тааныбайм дешет. Бирок сүйлөшө келгенде ырларымды угуп жүргөн болот. Ошондуктан атактуулугумдун жардамы тийбейт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дайырдын үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
janus
2013-06-18 09:54:50
Жакшы, чыгармачылыгына ийгилик!!!
0
aika0906
2013-06-18 10:26:59
соонун кулот экен хахахахахахаха!
0
Gul.08
2013-06-18 15:44:33
Молодец,мага Уйдо тамак жасап жегени жакты)))
0
AFRODITA-89
2013-06-19 12:54:43
Gul.08, ооба мага да жакты, копчулук эркеке окшоп кочодон тамактангандан коро уйдо озун каалагандай жасап жеген зор
0
Aisuluu7
2013-06-18 16:46:16
PLAY BOY журналын акырын диплом мененжаап койду видеосунда.
0
Шаиста Шатманова
2013-06-18 17:45:33
Таза, тыкан жашайт экенсиң, азамат. Сенин жашыңдагы балдардын канчасы алигиче өзүн балакай сезип, эне-атасын кыйнап, маңкасын аарчый албай жүрүшөт.
0
prezent
2013-06-18 20:33:33
shasi, кылыктанган намысы жок кыздар коп каттап турат уйуно!ошолор тазалап берет болушу керек
0
zaairbek89
2013-06-18 21:54:13
бет жууганы суу жылытып,бут кийимин арчып берчу кыз издеп журот окшойсун э дагы
0
AFRODITA-89
2013-06-19 12:52:52
Кайсы кызды бактылуу кылаар экен ээ... Уйу сонун экен жасалгасы да жарашыктуу, табитинде соз жок. Оз уйун олон тошогу демекчи оз уйундо буту колун кенири сунуп отурат молодец жетишкендигине.
0
jamiyla
2013-06-19 18:13:56
Chyn ele tykan jashait eken,bul uiuno bir gana kojoike jetpei jatkan okshiot:)
0
asil-08
2013-06-20 14:37:06
негизи ушул ырчыны бой которуп журсо керек деп ойлочумун бирок коментарийин коруп ал оюмдан кайттым молодец так жержать а так дом ништях еще раз молодец
0
omurbek9393
2013-06-22 22:06:29
asil-08, мен да сага окшоп бой которгон бала деп ойлоп жургон экем менин да оюм озгорду мен да эл катары сага ийгилик каалаймын!!
0
elif
2013-06-20 17:06:12
Дaйырчик,aзыркы мaйлaрды дaктaбaй эле кой,aлaр тaзaлaнгaн мaйлaр,болбосо жок жерден гaз плитaнды,дубaлынды мaй чaчырaтып кирдетип aлaсын,aл эми aпaндын aйткaны(менин aпaм дa aйтa берет:)) aлaр ошондой коруп,конуп кaлышкaн дa.Уйдо озундун тaмaк жaсaп жегенин жaкты,ушунундaн жaзбa,
ийгилик сaгa!
0
shazi
2013-06-21 13:45:59
Сонун адам экен, жагатта мага да Дайыр.Кызын жакшыле сүйгөн экен да... ошого окшош кыз издеп, бирок андайды таппай калдыго. Ийгилик сонун сонун ырларды жарата берсин.
0
angelo4ka_96
2013-06-22 15:01:45
Мага бул бала жакпайт болчу да бул маегининен кийин жактырып калдымго уялчаак ак конул экен азамат Дайыр чыгармачылыгынызга ийгилик!
0
Мэри
2013-06-24 12:52:20
Дайырдын дайыма күлүп, жайдары, шайыр жургону жагат жана абдан аракетчилдиги байкалат. Муну жакшы деп баалайм. А үйлүү болгону да кубандырды, ушинтип бардык жагынан ийгилик жаратып жүрө бер дейт элем.
0
kymixo
2013-06-29 20:41:22
Сол колу менен тамак жасайт экен,солокол деп коет беле!? Вообще сонун бала да,жаль уйлонуп алса керек эми,менин синдим ииий муйдушунан деп эркелетет,мен да кошулуп алам кичине синдиме тенелип:-)
0
meerimlady91
2013-07-24 15:01:35
уну жок эле тантырай берет да ушу..кыздардан эч бошобойт..уйлонушу кыйын гоо ..
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан