Феруза Жамашева, КРнын Жогорку Сотунун төрайымы:«БАТУКАЕВДИН ИШИ СОТТО КАРАЛАРЫН БИЛГЕН ЭМЕСМИН»

Учурдагы эң чуулгандуу иштердин бири – кримавторитет Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун абактан бошоп кетиши. Ушул жана башка соттук иштер тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен маектештик.

– Феруза айым, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылып кетиши бир топ ызы-чуу жаратты. Батукаев катуу ооруп жаткан күндө да, сот анын күнөөсүнүн оор-жеңилин эске алышы керек болчу. Бул окуяда эң негизги жоопкерчилик аны бошоткон судьяда болуш керек беле?
– Мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу бир да ишти сот өз каалоосу менен карай албайт. Сөзсүз түрдө жаза өтөп жаткан мекемеден сунуш келип түшүшү керек. Анан сот прокурордун жана жаза аткаруу мекемесинин өкүлүнүн катышуусу менен түшкөн материалды карап, бардык тараптар суралып, андан соң гана өз чечимин чыгарат.

– Орун басарыңыз Канат Турганбеков «Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгаруу менен одоно ката кетирген» деди. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдүбү? Эгер туура эмес чечим чыгарса, ал кандайдыр бир жазага тартылабы? Негизи эле «Нарын шаардык сотунун судьясы Жогорку Соттун көрсөтмөсү жок Батукаевди чыгара албайт болчу» деп жатышат...
«Эки токтом чыгып калган» деп депутаттык комиссия таап чыккан. Анан биз да кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Соттун судьяларын Нарын шаардык сотуна жөнөткөнбүз. Жыйынтыгында иштин материалдарында тиркелген токтом 2 баракта жазылып калган. Маани-маңызы бир эле, бирок бир абзац жок болуп калган. Судья муну «компьютерге чоң шрифт менен эки баракка терип делого тиркегем, анан тараптарга бериш үчүн бир эле баракка чыгарам деп шрифтти кичирейткенде бир абзац түшүп калыптыр» деп түшүндүрдү. Бул боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын мага алып келишкен.
Мыйзам боюнча, судьяга кандайдыр бир чара көрүүгө менде укук жок, ошондуктан «тактагыла, эгер күнөөсү болсо, чара көргүлө» деп аны Соттор кеңешине жөнөттүм. Биздин өлкөдө соттор көз карандысыз. «Батукаевдин иши сотко түштү, каралат экен» деп мага эч ким айткан эмес. Айтыш керек деген мыйзамда да жок, ошондуктан анын соту болорун билген эмесмин.

– Батукаев кримавторитет болгону үчүн деле мөөнөтүнөн мурда бошотулбашы керек эле. Эми деле шаардык соттон жогорку инстанция «Батукаев камалсын» деген чечим чыгара алабы?
– Андай мыйзам жок, бирок ишти карап жатканда бүт жагдайлар, анын ичинде соттолуучунун өздүгү да каралышы керек эле. Бул кримавторитетпи же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, ошолорду тактап изилдеш керек деген мааниде. Ал эми бошотулбаш керек деген мыйзам азырынча жок. Батукаевди чыгарыш же чыгарбаш керек болчу деп айта албайм. Анткени ал токтом чыгып, күчүнө кирди. Тараптардын бири бул чечимге макул эместигин билдирип даттануу келтирсе, анда ал ишти Жогорку Соттун соттук коллегиясы карап, ар бир аракетине юридикалык баа берип, өз чечимин чыгарат. Азырынча бул иш боюнча даттануу түшө элек. Эгер Жогорку Сот «Батукаев мөөнөтүнөн мурун бошотулбасын» деп өкүм чыгарса, прокуратура ишти Орусияга жөнөтүп, аны экстрадициялап алууга мүмкүн. Эгер мен азыр ал соттун чечими туура же туура эмес деп айтсам, анда мен коллегиянын сөзүн мөөнөтүнөн мурун айтып койгондой болуп калам, анткенге акым да жок.

– Эл ичинде «коррупцияга күнөөлөнүп кармалгандар көп, соттолгондор жок» деген сөз лакап болуп калды. Бизде «акча жеп койду, пара алды» деген коррупционерлер кармалып, камалат, бирок эмне үчүн алар соттон акталып кетишет?
– Бул учурда мен жалаң соттор күнөөлүү дегенден алысмын. Соттордун деле аша чаап кеткен учурлары болот, бирок башка себептери да бар. Тергөө органдары биз кандай алып келсек, сот сөзсүз түрдө ошондой өкүм чыгарыш керек деп ойлошот. Эгер биз камагыла десек, сот камаш керек дешет. Андай болбойт да, анда соттун эмне кереги бар? Мыйзамдарды өзгөртүп, тергөө органдары баш коргоо чараларын тандай беришсин да. Тергөөнүн сапаты да абдан начар болуп жатат, көз көрүнөө болгон кылмыштарда тийиштүү далилдер жок болсо, көп учурда иштер «сындырылып» кетет. Кылмышка шектелгендердин кээ бирлери ооруп, кээлери далилдери жетишпей калышы мүмкүн, ошонун баарын карап, анан сот өз чечимин чыгарат.
Иш козголбой туруп тергөө аракеттери жүргүзүлүп, кылмыш болгон жерди кароо, аудио, видеого жаздырылган учурлар бар. Ал эми мыйзам боюнча, соттон санкция алынып, кылмыш иши козголгондон кийин гана ошол аракеттер жүргүзүлүшү керек. Конституцияда «эгерде далилдер мыйзамдарга ылайык келбейт деп табылса, ал далилдер күнөөлүү деп табуунун негизи болуп саналбайт» деп жазылган. Далил болуп турса да күнөөлүү деп тапканга негиз боло албайт. Биз же мыйзамды өзгөртүшүбүз керек, же мыйзамга ылайык тергөө жүргүзүшүбүз керек. Кээде соттор жактоочунун позициясын алып да өкүмдөрдү чыгарып калат.
2012-жылы «баш коргоо чарасын тандап бергиле» деп УКМКдан эле 185 материал келген, анын 171 ишинде камакка алынган же үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган. 14 иш боюнча гана сот башкача чечим чыгарган. 2012-жылдын жыйынтыгында кызматтык кылмыштар боюнча 249 өкүм чыгарылып, анын ичинен 221 адам күнөөлүү деп табылып, 69 адам эркинен ажыратылган. 74 адамга айып пул же материалдык чыгымды төлөп берүүсү белгиленген. 19 адамга мунапыс колдонулуп, 9 соттолуучуга үй-мүлкүн конфискация кылуу белгиленген.

– Мурун Феликс Кулов «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деп 7 жылга, Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылган болчу. Революциядан кийин алар бийликтин саясий курмандыгы катары акталып чыгышты. Кийинки бийликте учурда коррупцияга күнөөлөнүп 5 жылга соттолгон Равшан Сабиров дагы ошентип акталышы мүмкүнбү? Балким, Түлеев дагы...
– Революциядан кийин Куловдун, Исаковдун иштери боюнча прокуратура өзү жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап бергиле деп сунуш киргизген. Аны соттук коллегия карап, мамлекеттик айыптоочу орган болгон прокуратура «биздин эч кандай дообуз жок, анын күнөөсү жок, актап бергиле» деп айткан. Эгер мамлекеттик айыптоочу орган өзү «актап бергиле» деп жатса, анда аны соттоого эч кандай негиз жок. Ал эми Сабиров, Түлеевдин иши тууралуу азыр айта албайм. Муну кийин мезгил, тарых көрсөтөт.

– Чечим чыгарууда кимдир бирөөнүн тагдыры колуңуздарда эмеспи. Качандыр бир кезде туура эмес чечим чыгарып койгон учуруңуз болду беле?
– Кээде өкүм чыгаруу аябай оор болот, андайда «сот атайылап создуктуруп, өкүм чыгарбай жатат» деп айтышат, бирок татаал иштерде көбүрөөк ойлонгонго туура келет. Менде да кээде «туура эмес өкүм чыгарып алдымбы» деген күмөн болот, бирок жаңылышып, күнөөсү жок адамды соттоп жиберген эмесмин деп ишенимдүү айта алам.

– Маегиңизге рахмат!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Батукаевдин иши сотто караларын билген эмесмин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Wave.
2013-06-17 17:17:27
Баары таптаза. Эч кимде куноо жок.
"Карга карганын козун чукубайт" деген макалды кыргыздар тактык м-н ишке ашырышат. Негизи баарынын арты таза эмес. Бир нерсе болсо компромат бар...
0
PROS
2013-06-18 08:47:45
Сабиров, Тулеевти азыр айталбайм, аларды да актап бергиле десе, актап бергенден кийин айтам дебейсинби?!
0
Bekabeku
2013-06-18 11:38:04
"Ал эми Сабиров, Түлеевдин иши тууралуу азыр айта албайм. Муну кийин мезгил, тарых көрсөтөт" революция болсо (кудай сактасын деп тообо келтирейин) акталат дегиси келген го
0
mahabat.
2013-06-18 20:54:11
аны айта албайм.муну билген эмесмин.это мы не проходили.это нам не задавали дегендей сот эмес эле бул антошка айым го
0
orupturatjurogum
2013-06-19 02:30:49
Аны айта албайм буну минте албайм.мезгил корсоттот десе жогорку сот.анда мезгил корсотот экен деп журо бербей мезгилден артта калбай жумуштан кетсе жакшы болмок.
0
Baha909090
2013-06-20 20:29:55
Тушунсом буюрбасын. Бул эжеке, карапайым калктын "понятиесине" туура келбеген тилде суйлоптур. Айтор актанып мактаныптырда
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан