УИТНИ ХЬЮСТОН

«Алтын үндүү ырчы» атакка конгон Уитни Хьюстондун тагдыры, ырчылык таланты көп­төр­дү кызыктырып келет. “Чыныгы таланттын жолу татаал болот” дегендей, ырчынын тагдыр жолу татаал болгонун кээ бирөө­лөр биле бербейт. Эмесе, ырчылык гана таланты эмес, актрисалык чеберчилиги менен да элге таанылган, учурда 43 жаштагы дүйнө жылдызынын турмушунан...

ЭНЕ ЖОЛУН УЛАГАН ЫРЧЫ

Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта АКШнын Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. Уитнинин апасы учурунда популярдуу ырчылардын бири болгон. Эмили Дринкард элге Сисси псевдоними менен таанылган. Уитниге ырчылык өнөр апасынан өткөнү талашсыз. Ал эми ырчынын атасы Жон Хьюстон аялынын менеджери болуп, чыгармачылыгына чоң жардам көрсөтүп келген. Төрөп, балалуу болгонуна карабастан Сисси карьерасын токтоткон эмес. Концерт, гастролдорго кеткенде кичинекей Уитнини атасы Жон карап калчу. Уитнинин ата-энеси балдары үчүн бардык шарттарды түзүп, эч нерседен кем кылбаганга аракет кылып өстүрүшөт. Ошондой эле ырчынын үйбүлөсүндө музыка өтө чоң роль ойногон. Ата-эне кызынын келечекте дүйнөлүк ырчы болооруна ишенген.
Чоң публиканын алдына Уитни 11 жашында ырдап чыгат. Ошондогу элдин кабыл алуусу түбөлүккө ырчынын эсинде калган. “Мен ырдап жатканда элдердин мени караган көз караштары али эсимде. Отургандардын бири да кыймылдабай катып калгандай сезилген. Ал эми ырдап бүткө­нүм­дө зал жаңырта кол чабышып, ыйлагандарды көргөм.” Кичинекей Уитни ошондо ырчылык жүрөгүнө абдан жакын экенин сезет. “Ырчылык дара­метти Кудай мага тартуулаган. Ырдагын деп үн берген. Ошондуктан, мен ырдашым керек” деп айткан ырчы өзү. Ырчынын эки агасы Майкл менен Гери анын чыгармачылыгына жардам берип, карьерасы үчүн кам көрүп келишкен. Майкл Уитнинин менеджери болуп, ал турнеге чыкканда уюштуруу маселелерин моюнуна алган. Ал эми Гери Уитни менен кошо дуэт ырдап, бэк-вокалисттин ишин аткарган. Уитнинин үйбүлөсү менен тыгыз байланышта болгону анын ийгиликтерге жетишишине таасирин тийгизген. Бирок, канчалык бийиктикке жетишип, таланты менен дүйнөнү багындырып келсе да Уитни жөнөкөйлүгүн жоготпогонго аракеттенген.

ИЙГИЛИК БАШАТЫ

18 жашынан баштап Уитни профессионалдуу музыка чеберлеринен сабак алуу менен бирге бийге катыша баштайт. Музыкадан тышкары Уитни бала кезинен фотомодель болууга кызыкчу. Фотомоделдер мектебине барып билим алган соң, “Космополитон”, “Гламур” аттуу журналдар менен иштешип, беттерине анын сүрөт­төрү чыгат. Ошентсе да жандүй­нө­сү музыкага жакын болгондуктан, Уитни музыкадан алыстап кете алган эмес. Көп өтпөй ырчыга ийгиликтер келе баштайт. Анын чанда кезикчү мукам үнүнө, чырайлуу мүчөсүнө популярдуу «Ариста» аттуу компаниянын президенти Клайв Девис өзү көңүл буруп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Аталган белгилүү компания менен келишим түзүлгөндөн кийин ырчыга популярдуулуктун эшиги ачылат. Уитни менен иштешүү компания үчүн кирешелүү келишим экенин сезген Клайв белгилүү акын, композиторлорду колго алып, Уитни үчүн мыкты композицияларды жаздырат. Клайв өзүнүн ишин жогорку деңгээлде аткаргандыгы менен ырчынын көңүлүнө толот. Компания менен эки жыл иштешүүнүн аркасында ырчынын “Уитни Хьюстон” деген альбому жарык көрөт. Альбом сатыкка чыккандан кийин болуп көр­бөгөндөй ийгиликке жетишет. Ырлары хитке айланып, Американын хит-парадынан бир нече жолу 1-орунду багындырат. Мыкты ырлары үчүн “Грэмми” сыйлыгына ээ болот. 1987-жылы чыккан “Уитни” деген альбому ырчынын дүй­нөлүк аброюн көтөрөт. Ырчы 25 жашка толгондо өзү төрө­лүп-өскөн “Нью-Жерси” шаарынан 11 миллион долларга үй сатып алат.

ДҮЙНӨЛҮК АТАК ЖАНА БАКТЫСЫЗ КАДАМ

Көпчүлүктүн кумирине айланган ырчынын жеке турмушу тууралуу да гезит беттерине жарыялана баштайт. Ошентип, жыл­­ды­зы жанып турган учурда ал Бобби Браун аттуу рэперге жолугат. Боббинин турмушу чыр-чатактуу экени көп­чүлүккө белгилүү эле. Ал Уитни менен таанышканга чейин ичкиликтин, баңгизаттын айынан бир нече жолу отуруп чыккан. «Сүйүүнүн көзү көр» дегендей, ыр­чы болочок жубайынын тентек экенин билсе да ал менен калган жашоосун чогуу өткөрүүгө макул болот. Ошентип, 27 жашында 1992-жылы Уитни Бобби менен баш кошот. Той өтүүчү имаратты кооздогонго Бобби он миң роза гүлүн сатып алган. Ал эми Уитнинин тиктирген көй­нөгү үч метр узундукта бол­гон. Экөөнүн тоюна 800 адам чакырылган. Эки жаштын тоюна келген ар бир конок экөөнүн үй­бүлөлүк бактысы көпкө узабасын билишкен.
Жомоктогудай тойдон үч күн өт­көн­дөн кийин Бобби үйүнө түн ичинде мас болуп келет. Бал айы бүтө электе жолдошунун мындай мамилесине ырчы катуу капаланса да Боббиге катуу айткан эмес. Мурдагы кейпине түшкөн Бобби ичип келгенин уланта берет. Үйлөнгөндөрүнө алты ай болгондо Уитнинин денесинде көк-ала тактар көбөйөт. Ичип-чегип, аялынын көзүнө чөп сала баштайт. Ушундай ызы-чуу жашоонун кесепетинен Уитнинин биринчи баласы боюнан түшүп калат. Кийинки баласы тогуз ай боюнда болгондо жолдошунун никесиз башка аялынан үч баласы бар экенин угат. Ошондо да кол шилтеп басып кетпестен, ырчы өзүнүн төрөлө элек баласынын келечегин ойлоп, бактысы үчүн кү­рө­шүүнү улантат. «Балалуу болсок Бобби оңолот» деген ой менен жолдошунун бир дагы жоругун сыртка чыгарбаганга аракет кылат. Уитни кыз төрөгөн­дө атын Кристина коюшат. Ошондо атасы кызын колуна алып, көзүнөн жашын агызып “мен силерди эч качан таарынтпайм” деген. Бирок, бул жөн гана куру убада эле. Кыздуу болгонунан көп өтпөй Бобби мурдагы жашоосун улантат. Журналисттер бир не­че жолу Уитнини бети-башы көгө­рүп жүргөн кезинде сү­рөткө тартып алышкан. Жеке жашоосунун кы­йынчы­лыкта­ры­нан улам бир концертте Уитни ырдайын десе үнү чыкпай калат. Аны текшерген дарыгерлер “көп кейигенден үн жоголгон” деген диагноз коюшат. Эгерде ушундай жашоону улан­та турган болсо ырдай албай калышы мүмкүн экенин айтышкан. Бирок, баары бир Боббинин оңолоорунан үмүт­төнгөн ыр­чы ал менен кошо баңгизатын дагы колдонуп көрөт. Тилекке каршы, эч жыйынтык чыкпайт. Ошондо биротоло андан колун үзүп, кичинекей кызы менен жа­ңы жашоо баштоону чечет. Бирок, андан бери деле Бобби менен бир ажырашып, кайра жарашып келе жатат.

ДАГЫ БИР ӨНӨР

Турмуштун катуу соккусунан жан­дүйнөсү жабыркап турса да Уитни карьерасына көңүл кош караган эмес. “Жансакчы” аттуу киного тартылууга сунуш түшкөндө алгач макул болбойт. Ойлонуп көрүп макулдугун берген соң, 1992-жылы Кевин Костнер менен тартылат. Кинодо Рэйчел Мэрондун ролун аткаруу менен дүйнө­лүк атакка жетишет. Киного тартылуу ырчынын дагы бир талантын ачып, көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы гана болбостон, актрисасына дагы айланат. Аталган кино 400 миллион доллар киреше алып келет. Ал эми андагы саундтрек 33 миллион нуска менен дүйнө жүзүнө таркайт. Ушул эле альбомдун биринчи “I will always love you” деген ыры өтүмдүүлүгү менен американын шоу-бизнесинин тарыхында калган. Бул кинодон кийин ырчыга киного тартылуу сунуштары түшө баштайт. 1995-жылы “Демди күтүү”, 1996-жылы “Чиркөө кызматкеринин аялы” аттуу киного тартылат.

БАҢГИЗАТТЫН КУРМАНДЫГЫНА АЙЛАНУУ

Американын популярдуу ырчысы Уитни Хьюстон баңгизатына берилип кеткени көпчүлүккө маалым. Бул тууралуу Британиянын “The Sun” аттуу гезитине ырчынын баңгизат колдонгон абалындагы сүрөттөрү ачык жарыяланган. Ал эми 2000-жылы Хьюстон аэропорттон сумкасынан марихуана табылып кармалган. 2004-жылы баңгизатты ашыкча колдонуп алып, өзүнө келе албай дарыканада 5 күн жатканы маалым. Үйүнүн жанындагы акыр-чикир төгү­лүүчү унаадан репортёрлор ырчы колдонгон ийнелерди, кокаин салынган түтүкчө­лөрдү табышкан. Бир нече жолу баңгизатты колдонгондон кийин ырчы үйүндөгү болгон буюмдарды талкалап өзүн-өзү башкара албай калган абалга чейин барган. Өзгөчө март айларында ырчынын баңгизатка болгон талабы күч алат. Жакындарынын айтканына караганда, Уитни баңгизатсыз жашай албай калган. Анткени, анын организми бул нерсени талап кылат. Мындан арылуу үчүн ырчы бир нече жолу дарылануу курсунан өт­көн. Тилекке каршы, жыйынтык чыккан эмес. Ал эми Уитнинин жеке турмушуна кайрылсак, ал Боббиден кийин Жерман Жексон, Эдди Мерфи, Рэндал Кэннигем өңдүү кара түстөгү миллионерлер менен көңүлдөш болуп келген.

УИТНИГЕ СҮЙҮҮСҮН АРНАГАН УСАМА БЕН ЛАДЕН

№1-террорист Усама Бен Ладен дүйнө ырчысы Уитнини сүй­гөндүгү жана аны көп аялдарынын бири кылып ал­ып, үй тартуулагысы келгендиги тууралуу маалымат бар. Ошондой эле террорист анын күйөө­сү Бобби Браунду өлтүргүсү келет. Анткени, Уитнинин баңгизатына берилип кетишине кү­йөө­сү түрткү болгон деп ойлойт. Мындан он жыл мурун Марокконун мейманканаларынын биринде ал ырчыны өзүнүн капканына тү­шүрүп, ал менен 4 ай жашаган. «Аль-Каиданын» жетекчиси музыка угуу күнөөгө ба­туу экенин айтып келсе да ыр­чыга болгон ашыктык сезимин жашырган эмес. Уитнин сулуулугуна тан берип, «Мын­дай чырайлуу аялды мен жолуктура элекмин. Эгерде Уитни мусулманга турмушка чыкса, андан жакшы мусулман аял чыкмак” деген.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан