КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Жакында Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери «каракчылык, тоноо менен алектенип келген» деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүштү.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда саат 15:00 чамасында милицияга Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын 20 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Аталган айылда 18-22 жаштардагы белгисиз 3 жигит «өлтүрөбүз» деп коркутуп, күч колдонуп, акча, уюлдук телефон жана документтери бар сумкасын алып кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү «тоноо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ошол эле күнү саат 16:00 чамасында бет кап кийген белгисиз 4 адам Аламүдүн районундагы Восток айылында жайгашкан күркөгө кирип, союл, тапанча менен коркутуп, сатуучунун акчасын алып, автоунаага отуруп белгисиз тарапка из суутуп кетишкен. Бул факт боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
8-июнда иликтөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн РИИБинин из кубарлары тарабынан бул кылмыштарга шектелип 16 жаштагы Камил, 24 жаштагы Элдияр, 17 жаштагы Темирлан жана 19 жаштагы Андрей аттуу Бишкек шаарынын 4 тургуну кармалган. Мындан сырткары кылмышка колдонулган Элдиярга тиешелүү Ниссан Альмера үлгүсүндөгү автоунаа РИИБге жеткирилген. Автоунаанын салонунан 2 даана бет кап, 2 оюнчук тапанча, 2 даана противогаздын резина бет кабы жана союл табылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, кармалгандар кылмышын мойнуна алып, учурда Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланып жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aruuzat88
2013-06-17 15:18:54
Жазаларын алышсын,жаш эле балдар,мынча женил ойлуу болушпаса
0
Shekerbek
2013-06-20 14:24:19
бешиктен бели чыкпай туруп кылган кылыктарын кара! Келечегинерге озунор балта чааптырсынар
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан