ЖАЛЫН МЕНЕН КАРМАШКАН ӨРТ ӨЧҮРГҮЧТӨР

Көчмөн турмушта бабаларыбыз боз үйдө жашагандыктан, өрт өчүрүү кызматынын анчалык зарылчылыгы деле болгон эмес. Анткени азыркыдай отурукташканга ылайыкталган имараттар жок, жеңил материалдардан куралган боз үйдө баш калкалап келишкен. Ал эми Совет доорунда айыл-кыштак, шаарлардын түптөлүп, имараттарда жашап калышы тилсиз жоодон коргонуу өзгөчө мааниге ээ экени айкындалды. Кырсык каш-кабактын ортосунда, тилсиз жоонун тилин таап, аны болтурбай коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан кырсыктын алдын алуу жана аны менен күрөшүү зарылчылыгы пайда болду. Мындай кызматтардын бири – Өрткө каршы күрөшүү кызматы. Аталган кызматтын Кыргызстанда түзүлгөнүнө быйыл 15-июнда 87 жыл болот. Бул датаны утурлай өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиби тууралуу чагылдырууну эп көрдүк.

АРТКА КЫЛЧАЙСАК, АТ АРАБАДАН БАШТАЛАТ...
15-июнь өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы катары 1994-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Так ушул күнү, мындан 87 жыл мурда, тактап айтканда, 1926-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу Фрунзе шаарында түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларда унаа катары 4 ат араба, 1 автоунаа болгон. Азыркыдай автоматташтырылган суу бүркүүчү автоунаалар жок, сууну кол менен иштетүүчү насостун жардамы аркылуу чачышкан. Учурда республиканын аймагында 83 өрткө каршы күрөшүү бөлүгү бар жана 300 өрт өчүрүүчү унаа кызматта. Ал эми кызматкерлердин саны 3000ге чейин жетет.

«БИР КҮНДӨ ОНГО ЖАКЫН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛАТ»
Өрткө каршы күрөшүү кызматы тууралуу тааныштырууну алгач чалуулар келип түшкөн пункттан баштоону туура көрдүк. Өрт чыгар замат 101 номурун терип кабарлаш керектигин билдирген Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары НУРЛАН ТАШМАМБЕТОВ:
– Бул жер Өрткө каршы күрөшүү кызмат агенттигинин 24 саат бою тынымсыз иштеген Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик пункту болуп эсептелет. Мында республика боюнча «101» кызматына чалган бардык чалуулар келип түшөт. Кызматкерлер чалуулардын дарегин аныктап, өрт катталган жерге жакыныраак жайгашкан аймактагы өрт өчүрүүчү бөлүктөргө кабарлап турушат.
Бир күндө өлкө боюнча онго жакын өрт кырсыгы катталат. Бул пунктта ар бир облустагы чалууларды кабыл алуу үчүн бардыгы болуп 8 жана шаардык номур менен катталган 2 гана телефон линиясы бар. Буюрса, жакынкы аралыкта мындан чоңураак пункт ачуу иштери жүрүп жатат.

«МАСТАР ТАЖАТАТ»
Тикесинен тик туруп, эркектерден кем калышпай, чарчадым-чаалыктым дебей 6 жылдан бери Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматында радиотелефонист кызматын аркалап келаткан сержант АЙЖАН ОРОЗБАЕВА:
– Сутка бою иштеп, ар бир чалууну кабыл алып турабыз. Республика боюнча чалууларды кабыл алгандыктан, көпчүлүк учурда эки, үч трубканы бирдей алып тыңшоого туура келет. Кээде бул алдымда турган телефондордун баары шыңгырап калганда 5 трубканы бир алууга мажбур болобуз. Анан да жалган чалуулар аябай көп болот. Кичинекей балдар ойношот. Ал гана эмес, чоң эле адамдар мас болуп алып тажатышат. Ошондуктан ар бир чалуунун чын-төгүнүн жеринен текшере албасак да, бул жерде отуруп аныктап, психолог болуп каласың. Жалган чалуулардын айынан ар бир чалууну текшерүүгө да убакыт кетип калат. Мындан сырткары 102 жана 103 номуруна түшкөн чалуулар болуп турат. Аларды тиешелүү жакка багыттайбыз.

ТИЛСИЗ ЖОО МЕНЕН ТИКТЕШКЕНДЕР...
Андан кийинки сапарыбыз Бишкектин Өрткө каршы күрөшүү кызматынын №5-аскерлештирилген бөлүгүнө болду. Бул кесиптин күнгөй-тескейин сүрөттөп берүүгө аталган бөлүктө алгач кызматын катардагы өрт өчүрүүчүдөн баштап, бүгүнкү күндө кароол башчылыгын жетектеп келаткан АРТУР МУСУРБАЕВ менен кепти уладык.

– Бул кесипке кандайча келип калдыңыз эле?
– Кесибим менен элиме жардам берип келем. Мага ушунусу жагат. Көптөгөн коркунучтуу өрт кырсыктары болгон жерге барып, өрт өчүрүү менен бирге куткаруу иштерин да жүргүзөбүз. Бул эмгегибизге эл аябай ыраазычылыгын билдирет. Мектепте окуп жүргөндө эле аскердик форма өзүнө тартып турчу. Аскердик кызматты өтөп келгенден кийин аскер адамы болуп, тилегиме жеттим. Өзүм пенсияга чыксам да, жумушумду таштабай эмгектенип келатам.

– Пенсияга чыккан экенсиз, анда өрт өчүрүүчүнүн түйшүгүн жакшы эле тарткандардын катарында турбайсызбы?
– Жумуш оор, өмүргө кооптуу болгондуктан, пенсияга эрте чыгабыз. Мыйзамда 20 жыл иштөө керек деп көрсөтүлгөн. Бирок өрт өчүргүчтүн 1 жыл иштегени 1,5 жыл болуп эсептелет. Чакыруулардын саны ар кандай. Бир күндө кээде эки, үч чакыруу болуп калат. Менин практикамда эң көп чакыруулар бир күндө 5 жолу болгон. Кээде бир жумага чейин чакыруу түшпөйт. Ал учурларды текке кетирбей, жаш кызматкерлерди окутуу жана машыгуулар менен өткөрөбүз.
Кышкысын турак жайлардан көп өрт чыкса, жайкысын чөп кургаган маалда талааларда өрт күч алат. Турак жайлардагы өрттүн 80 пайызы электр зымдарынын туура эмес туташтырылганынан, эскилиги жеткендигинен келип чыгат. Ошондой эле адамдардын өзүлөрүнүн шалаакылыгы да себеп болот. Кээ бири газды күйгүзгөн боюнча унутуп калса, кээ бири электр мешин иштеткен боюнча таштап кетип калышат.

– Тилсиз жоо менен күрөшүүдө коркуу сезими болобу?
– Өрт өчүрүүдө өз өмүрүңө коркунуч туулган учурлар да кездешет. Өзгөчө өрттөнүп жаткан үйдөгү газ баллондор жана электр зымдары коркунуч туудурат, имараттын үстү түшүп кетиши мүмкүн. Өрт өчүрүп жатканда газ баллон жарылып кеткен учурлар болгон. Бир ирет «Орто-Сай» базарындагы бир кафени өчүрүп жатканда ачык калган зым сууга тийип, иштеп жаткан балдар токко урунуп, бактыга жараша, аман калганбыз.

– Ажал тооруган жалындан адам өмүрүн сууруп алган учурларыңыз болду беле?
– 2009-жылы болсо керек эле, бир кафе өрттөнүп, ичинен үч кыз чыга албай калышкан экен. Кесиптешим экөөлөп жалын арасында калган кыздарды аман алып чыкканбыз. Ошондо 5-10 мүнөт кечиккенибизде куткаруу мүмкүн болбой калмак беле... Себеби имараттын ичинде газ баллон бар экен, ал биз чыккандан кийин жарылган эле. Мамлекет тарабынан «Көрсөткөн эрдиги үчүн» деп сыйлык, медалдарды алганбыз. Жакында эле бир үйдүн 5-кабатынан 80ге таяп калган карыяны өрттөн аман алып чыгып, 1-кабатка жеткенде анын жүрөгү кармап каза болуп калды. Ушул сыяктуу өкүнүчтүү окуялар да болот.

– Көпчүлүк «өрт өчүрүүчүлөр күйүп бүткөндөн кийин келишет» деп нааразы болушат. Эмнеге кеч аракет кыласыздар?
– Ооба, өрт чыккан жерге кечигип жеткен учурларыбыз да жок эмес. Бизге борбордук пункттан маалымат келип түшөрү менен дарегин тактап, 2 мүнөткө жетпеген убакытта жолго чыгып кетебиз. Өрт өчүргүчтүн кийимин кийүүгө 18-24 секунд сарптайбыз. Негизи, биздин норма боюнча чакыруу болгон жерге 10 мүнөттөн кечикпей барып калышыбыз керек. Бирок бул убакыттын созулуп кетишине эң эле биринчи жолдогу тыгындар себеп деп айтат элем.

– Кызматка жигиттерди кандай жол менен алышат?
– Биздин кызматка ден соолугу чың, аскерде кызмат өтөп келген, чымыр денелүү, спорт менен машыккан жигиттерди алабыз. Ошондой эле университеттерде аскердик кафедраны окуп жаткан, сырттан окуган бөлүмдүн студенттери да келип иштешет. Эң биринчи кезекте кызматка тандоодо дененин физикалык абалы каралат.

«БИЗДИН КЫЗМАТКЕРЛЕР 5 АЙДА 52 АДАМДЫ ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛДЫ»
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин директорунун орун басары, полковник ДОГДУРБЕК АБДИРОЕВ:
– 15-июнь – өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы. Аталган кызмат түзүлгөн 87 жылдын ичинде биздин кызматкерлер көптөгөн адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактап келатышат. Мисал катары үстүбүздөгү жылдын 5 айындагы маалыматтарды айтсам, жалпы республика боюнча 1232 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 38 адам өмүрү кыйылып, жарандарыбыз 91 миллион сомдук чыгым тартышкан. Бул 5 айдын ичинде тилсиз жоодон биздин кызматкерлер 52 адамды өлүмдөн, 500 миллион сомдон ашуун мүлктү сактап калышкан. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы бардык кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалап кетким келет.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жалын менен кармашкан өрт өчүргүчтөр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
asyl85
2013-06-18 21:45:36
майрамынар менен!!!
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан