2010-жылкы Июнь окуясында бейкүнөө кеткендердин бири, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ардактуу окутуучусу Айша Маматсакова жөнүндө эскерүү макала даярдайлы дедик. Каарманыбыздын атын уккан ар бир мугалим башын чайкап «Айша мыкты адам болчу» деп көзгө жаш алды. Жакшы адамдын артынан пайда болгон жараат, жакшы адам үчүн төгүлгөн көз жаштар үч жыл болсо да сакайып, кургай элек экен...
«КОШУНАЛАРЫ АЙША ЭЖЕНИ САКТАМАК ТУРСУН АРАЧЫ ДА БОЛУШПАДЫ»
КАНЫБЕК ИСАКОВ, ОшМУнун ректору:
– Айша эжебиз бул институтта 30 жыл эмгектенген кадыр-барктуу окутуучу эле. 2006-жылдын 7-декабрында мен ОГПИнин ректорунун милдетин аткаруучу болуп келгем. Айша эжекебиз биринчилерден болуп «ушул жигит жөнүндө жакшы сөздөрдү көп уктук, бизге келиптир, ишеним билдирели, иштеп көрсүн» деп ак жол каалаганы эсимде. Мен эженин алдында чоң жоопкерчилигимди сезип, сөзүнө ыраазы болуп жүрдүм.
Бир жолу Айша эже мага «турмуш шарты оор студенттерге жардам бериңиз» деп калды. Ал колледжде кесиптик кошуундун төрайымы болчу, жардамга муктаж студенттердин баарын жатка билер эле. Ар биринин көйгөйүн, ооруп калган студенттердин да ал-абалын энелик мээрими менен сурап турчу. Эженин демилгеси менен 25 миң сом акча бөлдүрүп, студенттерге жардам бергенбиз.
Кээде окуу жайдын иш-чараларында жакшы ырдаган окутуучуларга «элдин көңүлүн көтөрүп ырдап берсеңиз» деп айтсаң макул болбой коюшат го, ал эми Айша эжеде мындай учурда «жок» деген сөздүн өзү жок болчу. Эсимде, бир жолу ырдай турган болуп, улуттук формасын унутуп калып, үйүнө такси менен барып формасын алып келип, элдин маанайын көтөргөн. Эже аябай жакшы ырдачу. Жагымдуу, мукамдуу ырларды берилип аткарар эле. Анын жүргөн жери майрам болчу.
1990-жылкы Ош окуясында да Айша эже Кара-Суу көчөсүндө жашачу экен. Ошондо ошол көчөнүн башчысы катары кошуналарын сактап калыптыр. Каргашалуу окуя 20 жылдан кийин кайра кайталанып, анда да Айша эже «мен кошуналарымды сактап калышым керек» деп далбастап, оюнда жакшылыктан башка ой жок жүргөн жеринен өзү сактап калган кошуналары Айша эжени сактай алышкан жок. Сактамак турсун жырткыч зөөкүрлөр эжени кыйнап өлтүрүп жатканда да арачы боло алышпады.
Айша эжени жоктоп жамаатыбыз куран окудук. Үй-бүлөсүнө Билим берүү министрлиги 100 миң сом, институттун жамааты 80 миң сомго жакын акчалай жардам бердик.
«10-ИЮНДА МИҢ ӨЛҮП, МИҢ ТИРИЛЕБИЗ»
ЭЛИЗА ШАДЫБЕКОВА, сиңдиси:
– Үй-бүлөдө 6 бир тууган: 3 уул, 3 кыз элек. Эжем кыздардан экинчиси болчу. Бир туугандар ортосунда кандай көйгөй жаралса, эжемдин үйүнө чогулчубуз, сабырдуулук, акылдуулук менен чечип берчү. Ар жылы 10-июнда миң өлүп, миң тирилебиз.
Жашоодогу эң оор нерсе – адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Айрыкча бир тууганың, жакын сырдашың, санаалашың, таянар тооң мыкаачылардын колунан өлүп кеткени эки эсе оор. Мындай аял дүйнөгө аз келет, башкаларга үлгү болуш үчүн да жашаш керек эле... Жардамга муктаж студенттерине менин кийимимди деле берип койчу. «Сен иштеп, башкасын алып аласың» дечү.
Бул тополоң менин эжемдей канчалаган бейкүнөө жакшы адамдардын жанын алып кетти?! Кыргызда «атаң өлсө да, атаңды тааныгандар өлбөсүн» деген сөз бар. Эжемди кадырлаган ошол адамдар өлбөсүн. Мен тааныбаган адамдар эжемди урматтаганы үчүн мени менен саламдашат.
Ошол күнү эжем менен бат-баттан эле байланышып турдук, «кошуна балдар менен чай ичип отурам, өзбектер келсе булар чыгат, кыргыздар келсе мен чыгам, коркпогула, баары жакшы» деди. «Келчи биз жакка» десек такыр көнбөдү. «Мен бул көчөнүн жетекчисимин, ушул жерде болушум керек» деп туруп алды. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө октун үндөрү угулуп жатты. «Мен жакшымын, анан өзүм чалам» деп өчүрүп койду. Үнү дирилдеп, коркуу сезими бар эле. Көп көтпөй дагы байланышсам башка бирөөлөр алып «мына бул аял өлүп жатат» деп сөгүнгөн кыйкырык үндөр чыкты. Үй-жайы менен өрттөп салышыптыр. Көрсө, үнү дирилдеп калганда эле эжем барымтага алынган экен, анын баары тергөөдө билинип жатат. Өмүрү өлүм астында турганда да эжем айкөлдүк кылып бизге эч нерсени билдирбептир.
«ӨЛДҮ, ГИТЛЕР КАПУТ!» ДЕГЕН ЖООП КЕЛДИ»
ШИРИН ТОКТОМУШОВА, курбусу:
– Жакында эле түшүмдө Айша мага «ыр жаздым эле, типография берип, китеп чыгарып берчи» деп жаткан эле. Көрсө, бул түшүм аян берип жаткан турбайбы, Айша жөнүндө сурап келип калдың. Айша мага дагы эле тирүүдөй, бир карасам тепкичтен чыгып келе жаткансыйт, бир туруп артымдан басып бараткансыйт. Канча айттым «ошол жерден чыгып кетчи, сатып жиберчи үйүңдү» деп. «Жок, мен буларга жардам беришим керек» деп жүрүп жардам берген кошуналары анын жанын алып тынышты.
Тополоңдо телефон чалып эмне кылып жатканын сурасам, «бир байкуш кошунам бар эле, жакында баласын үйлөнтүп той бермек, ошого сойчу букасын кайтарып жатам, бирөөлөр уурдап кетпесин деп» деди. Бир убакта телефонун такыр албай калды. Анан СМС жибере баштадым, анан «Өлдү, Гитлер капут!» деген жооп келди. Жанымда туугандарым бар эле, «ушундай СМС келди го» деп аларга айтсам, «Айша эже тамашакөй эмеспи, өзбектерди Гитлер деп атап койгон го» деп коюшту. Көрсө, ал СМСти аны өлтүргөн адамдар жиберишкен экен.
МИРЛАН АБДУРАИМОВ, уулу:
– Апам атамдан 21 жашында ажыраган. Өмүрүнүн баарын мага арнап, мага тарбия берип жашап келген. Апамдын көп мүнөздөрү менде, үч небересинде калды. Аны жоготуу чоң бир дүйнөнү жоготконго барабар болду. Апамды жакындары эркек аял деп коюшчу.
Шартка байланыштуу Бишкекте жашап калдым. Апамдын урматына көп кайрымдуулук иштерди өткөрүп жатабыз, дагы андай иштерди өткөрүүдө көп пландар бар. Жакында апамдын наамында фонд ачабыз, жакшы окуган студенттерге колдоо, жардамга муктаж студенттерге жардам көрсөтөбүз. Апамдын үчүнчү небереси Ош окуясы болгондон бир айдан кийин төрөлдү. Атын апамдын урматына Айша деп койдук.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg