Ош кинологиялык борборунда эмгектенген Чек ара кызматынын прапорщиги, кинолог Мурат Дооронов Казакстандын Алматы шаарында өткөн кинолог-адистер сынагында 1-орунду ээледи. Ал аталган сынакка Кинология борборунун тарбиялануучусу Багира аттуу ити менен катышкан. Бул сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандан кинолог-адистер өз тарбиялануучулары менен келишкен.
Кинолог-адис казакстандык жана өзбекстандык кесиптештеринен артта калам деген ойдо болгонун айтат. Себеби сынакка катышкан коңшулаш өлкөлөрдө атайын иттерди үйрөтүү үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Бирок сынакка катышкан иттер аба ырайынын катаал шарттарында инструкторлордун көрсөтмөсүн аткаруудан баш тартышты. Ал эми Багира аба ырайына карабастан бардык шарттарды аткарып, 1-орунду камсыз кылган. Биринчиликти алган Багира учурда 2,5 жашта.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg