«УУЛУҢ МАГА ОКШОГОН...»

Акча, бийлик, байлык... Жашоонун мындай жыргалдарынан ким баш тартсын? Ушул үчөөнүн азгырыгы менен жүрүп адам эң аялуу, баалуу нерселеринен айрылып кур-жалак калганын туйбай да калат тура. Качан гана эт жүрөк эзилип, көкүрөккө батпай бук боло баштаганда чогулткан байлыктын, абройдун, бийликтин да даамы татыбай, адам изденүүгө түшөт. Кимдир бирөө издегенин тапса, айрымдар ошол бойдон арманда кете берет тура.

– Шеф, врачыңызга кайрыла кетелиби?
Күзгүдөн өзүнө суроолуу тигилген Русландын соболун жоопсуз калтырып, жүрөк тушун ушалап баратты. Сардардын түнөргөн жүзүн көрүп, айдоочусу унчукпай калды.
Эки күндөн бери өзүнөн-өзү бук болуп жатты. “Кызык, эмне эле болуп жатам деги? Шайлоого ушунчалык тынчым кетип жатабы? Койчу, кайдагыны айтпай, качан эле жумушка минтип тынчсызданчу элең?” Өзүнө-өзү суроо берип, аягында минтип өзүн мыскылдап күлүп да койду. «Дайыма шайдоот жүрчү элем, бул эмне деген абал болду, өх-хх, ойгончу, Сардар, ойгончу!» Башын чулгуй, ордунан козголуп алды.
– Руслан, тиги радиону сүйлөтүп койчу, жымжырттыктан жарылып кетчүдөй болуп турам.
– Макул.
Шефинин көңүлүн күзгүдөн байкап бараткан айдоочусу музыка коё койду.
...Тагдыр бизди шондо кошпогон...
Ээрчитип эми жүрөсүң,
Уулуңду сен мага окшогон...
...Уулуң мага окшогон,
Мен да ага окшоном.
Кара аяр көздөрүн,
Карай албай томсором.
Аттиң, көзгө жаш алам,
Аттиң, кантип кече алам?
Кантип эми экөөңдүн,
Кадырыңа жете алам...
Радиодо Бектин ыры жаңырып жаткан экен. Жүрөк тушун мыкчый, кадимкидей бүктөлө түштү Сардар. Кылгырган муңайым көздөр аны так маңдайында тиктеп тургандай туюлуп кетти. Гүлжан... Эми сезди эмне үчүн куса болуп, буулугуп жүргөнүн. Ооба, томпоңдогон баласын жетелеп келе жаткан Гүлжанды кокустан көрүп калгандан бери тынчый албай жаткан тура. Ичи сыйрыла ырдын ыргагына кошо ыйлап жатканын да сезбеди. Күзгүдөн аяй тиктеген шоопуру анын ичинде кандай бороон жүрүп жатканын боолголоп баратты. Ак жуумал, татынакай Гүлжан экөөнүн аруу махабатынын күбөсү ушул жигит болчу.

ххх

Министрликтин чакан жыйын залына журналисттер жык-жыйма толгон. Баары “качан келишет?” деп министр баш болгон топту күтүп жатышты. Ал аңгыча дайымкысындай шайдоот министр жанына үч адамды ээрчите кирип келди. Күрүгүү заматта токтоп, маалымат жыйыны башталды. Гүлжанды Сардар ошондо биринчи жолу көргөн. Экинчи катарда калем сабынын башын улам тиштей калып, кайра алдындагы блокнотуна бирдемелерди шыпылдата чиймелеп жаткан кыздын апакай жүзүнө суктана тиктеп отурду. Алгач кыз аны байкабады. Бир топто барып каректер тиктеше калышты. Өтө олуттуу бир маселе тууралуу сөз болгон ал күнү.
Министрден кийин сөз алган Сардар бир топ сүйлөдү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип да жатты. Бирок көзүн жанагы татынакай кыздан тарта албай турду. Зээндүү кыз аны кантип байкабасын? “Жакшынакай, жылдыздуу киши экен. Кызык, канча жашта болду экен? Кырк... Жо-ок, жүзү жаш болгону менен көз карашы улуу. Мурун көрбөгөн экенмин” деп жатты, кыз ичинде. Ал ортодо маалымат жыйыны да бүттү. Кандайдыр бир күч Сардарды ордунан жылдырбай кармаса, Гүлжанды ал отурган столго дейре жетелеп барды.
– Сардар байке, мен сиз сөз кылган маселе тууралуу материал даярдап жүргөм. Убактыңыз болсо, беш-алты суроом бар эле...
– Макул, бирок азыр эмес. Саат үчтө офиске келиңиз,- дей салды. Ошентип, экөө үн-сөзсүз бири-бирине жылмая узап кетишти. Экөө тең бул жөн гана таанышуу, жөн гана суроо-жооп алуу эмес экенин сезип баратышты. Кыздын апакай жүзүнө билинер-билинбес кызыл жүгүрүп, албырып алган. Анча-мынчага солк этпеген жаны, жүрөгү элеп-желеп болгонуна түшүнбөй, Сардар да кызык бир абалда кетти...

ххх

– Руслан, машинаны тазалатып жуудуруп келчи. Саат бешке чейин. Анан жолдон бир гүлдесте ала кел... А жок, жөн эле койчу, гүлдү өзүм алам.
Тыштан шашылыш кирген шефинин жаш балача кубанып алганына түшүнө бербей калган Руслан анын тапшырмасын аткарганы чыгып кетти. Машинаны жылтылдата жуудуруп келсе, кычырай жасанып, атыр куюнган шефи күтүп туруптур.
– Бүгүн бошсуң, эртең как всегда, саат жетиге,- деп колунан ачкычты алып кете берди. Руслан оозун ачкан боюнча калды. Адатта кыздар менен көңүл ачканы барса да машинаны эч качан өзү айдачу эмес эле. Эмне болду экен? Түрүнө караганда олуттуу жолугушууга эмес, кыздарга бараткандай. Сардар менен Гүлжандын таттуу доору ошентип башталган.

ххх

– Эмне болду, бир жаман сөз айтып койдумбу?
Гүлжан жумшак күлө Сардарга тигилди.
– Эч нерсе. Ушундай жапжаш, сулуу, тентек адам кантип акылдуу, түшүнүктүү боло алат деп түшүнө албай турам да.
– Кудум далай сулууну сыдыргыдан өткөргөндөй сүйлөйсүз...
– Сен капа болбо, далайын эле өткөргөм. Жүзү сулуу экенин билген кыздардын баарынын эле башында бир тоголок акыл жок. Сүйлөшө келип, ушунчалык да глупая болушабы деп таң калып кетчү элем. Сен болсо...
– Мен эмне экемин?
– Башкачасың... Өзүң да, көзүң да, үнүң да, сүйлөгөн сөзүң да башкача. Жагымдуу жансың...
Гүлжан бакыттын учкундары чачыраган көздөрүн жумуп жиберди. Кулагына жагымдуу ушул коңур үндү магдырай угуп, бүткүл денеси балкып жатты.
– Жытыңдан, садагам. Жытыңдан сенин...
Кучагындагы аялуу, назик жанды бооруна кыса жыттап-жыттап алды. Экөөнөн башка бул ааламда эч бир жан жоктой эле ушул тапта.

ххх

Кечиккен сүйүүлөр, балдарга байланган аргасыз тагдырлар тууралуу көп айтылат эмеспи. Мындайда Сардар “ээ, баягы эле банальность да” деп текебердене кол шилтеп койчу. Өзүн мындай баш оорулардан жогору сезчү эле да. Кандайча бул жапжаш кыздын акылдуу, нур төгүлгөн көздөрүнө байланып калганын сезбеди. “Жо-ок, Сардар, мындайың болбойт, досум. Далай эле кызды көрбөдүң беле. Сүйбө дебейм, сүйө бер. Бирок башыңды жоготпо” деп өзүн эсине келтирүүгө миң ирет аракет кылат. Эт-жүрөгү кичине угуп, тынчып калгансыйт. Анан эле кечке жуук көздөрү саатка, колу телефонго жүгүрөт. Чалбайын дейт, чалат, барбайын дейт, барат... Бирок Сардар тээ башынан эле бир чындыкты жакшы билчү. Ал миң сүйүп, күйүп-жанып турса да, бала-чакасын таштап басып кете алмак эмес. Ушундай күндөрдүн биринде күтүүсүз окуя болду. Ал он беш мүнөттүк диалог Сардардын жүрөгүн тилке-тилке тилди да койду.

ххх

– Сюрпри-из!
Кабинетине жаркылдай кирип келген Гүлжанды көрүп, оозуна алпараткан кофесин ичпей тык токтоп калды.
– Эмне эле кабинет жаркырай түштү десе, менин күнүм келген тура. Келчи, жаным. Кана муйдуңу...
Моюнуна асыла эркелеген Гүлжан­ды мурдунан чымчый, алкымынан жыттады. Ушул жыт аны акылынан адаштырып жиберер эле. Маңдайына отуруп алып күлүңдөй тиктеп унчукпай калган Гүлжан азыр олуттуу бир сөз айтчудай туюлуп кетти. “Эмне дейт? Күйөөгө чыгам дейби...” Кыздын оозунан ушул сөздөр чыкса, өзүн кандай кармап, эмне деп жооп бериш керектигин билбей, заматта алдастап кетти.
– Ии, айта гой. Бир нерсе айтайын деп турасың, ээ?
Үнүн колунан келишинче тамашалуу чыгарды.
– Эмне деп айтарымды да билбей турам.
– Баштай бер, ток этер жеринен эле.
– Эстен танбайсызбы?
– Кулабаганга аракет кылайын...
Сардардын үнү эми сактангандай чыкты.
– Байкеси, мобу жерде сиздин кичинекей частичкаңыз жашай баштаптыр.
Делдейе калган Сардардын колун Гүлжан курсагына койду. Үнү дайымкыдай жагымдуу чыкса да, көздөрү Сардардын каректеринен колдоо издегендей жалдырап кетти. Шалдырай түшкөн колдор Гүлжандын курсагынан жылмышып түштү.
– Эмне унчукпайсыз?
Кыз эми ызалуу унчукту.
– Гүлжанка, алтыным... Кел, отур­саң, сүйлөшөлү. Мындай иштер эки тараптын бирдей каалоосу болгондо гана жасалышы керек. Мен... Мени билесиң, бир топ аброюм, тааныштарым бар дегендей. Анын үстүнө, кызым жакында төрөгөнү турат. Аны менен жарышып...
– Одним словом, башың баш, ба­гал­чагың кара таш деген турасыз. Түшүнүктүү. Мен сизди кубанат экен деп...
Сөзүнүн аягына чыга албады. Бакырайган көздөрүнө толо түшкөн жашты көргөзбөй ары бурулуп кетти.
– Мени түшүн, Гүлжан. Эми элүүгө барганда элестет...
– А мен жыйырмадамын. Бул жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?
– Сен жашсың. Дагы балалуу болууга жетишесиң...
– Болду! Улантпай эле коюңуз. Сизди жакшы көрөм, байке! Сизден мындай сөздү угуп, чыдап тура албайм.
Сумкасын алып, шашып тышка жөнөдү.
– Кстати, бала жөнүндө... Мен сизчелик коркок, мажирөө эмесмин.
Ошентти да шарт эшикти жаап чыгып кетти. Сардар шалак деп креслого отуруп кала берди.

ххх

Ошондон бери Гүлжанды көрө элек болчу. “Канча убакыт болду. Эки. Жок, эки жарым жыл болуптур. Жанагы колунан жетелеген бала менин...” Бул оюнан безге сайгандай чочуп кетти. Кандай айтканын өзү да байкабай калды.
– Руслан, тез. Тезинен Гүлжанды табышыбыз керек. Бөкөнбаев көчөсүндөгү бала бакчага айдачы. Көп сүйлөбөгөн айдоочу шефи кайсы бала бакчаны айтып жаткандыгын дароо түшүндү. Томпоңдогон бала ээрчитип чыгып келе жаткан Гүлжанды ошол бакча алдынан көргөн болчу. Ал эми радиодо дале Бектин ыры жаңырып жатты. “Уулуң мага окшогон...”

Айбек Нурадилов
Ренат Мамытбеков
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан