– Саламатсыздарбы,«Супер-Инфо»! Эгер мүмкүн болсо, сиздердин гезит аркылуу кыргызга төбөсү көрүнүп калган ак таңдай акындар Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучевге ыраазычылык билдирүү менен учурдагы төкмөлүк өнөргө карата оюмду билдире кетсем.
Алгач Элмирбектен баштайын. Элмирбекти төкмөлүктөн сырткары акын жана обончулук таланттын ээси катары жакшы билебиз. Обондору да уккулуктуу, кыргыздын жан дүйнөсүнө жакын. Ошондой эле акындар айтышында сөз байлыгынын кенендиги, өткүрлүгү менен айырмаланып, элдин алкышына арзып келет. Төкмөлүк өнөрдө акын үчүн үн да мааниге ээ экен. Анткени кээ бир акындар бар, сөздөрү жакшы, уйкаштыгы, мааниси жагынан, бирок үнүн келиштире албаган. А Элмирбектики баары төп келет. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, анын улуу жазуучубуз Ч.Айтматов дүйнөдөн өткөндө жоктоп ырдаганы, 7-апрель күндөрүндө бейкүнөө кеткен азаматтарга арнаган ыры жалпы кыргыздын каңырыгын түтөттү. Ал эми Жеңишбектин ырлары да тарбиялык мааниси терең, салмактуу.
Аалы Туткучев тартынбаган, акылы зирек, мекенчил жаштардын бири. Муну анын казак акындарына кайтарган жообунан байкаса болот. Андай болуп ырчыларга татыктуу жооп кайтарууга эрк керек эмеспи.
Бул акындар кыргыздын төкмөлүк өнөрүндө тоодой орду бар Токтогул, Эшмамбет, Калык, Осмонкул, Алымкул, Коргол сыяктуу залкарлардын көчүн улап, улуу өнөрдү унутта калтырбай аркалап келе жаткандарына кубанам. Эзелтеден эл акындары коомдо болуп жаткан окуяларга калыс баасын берип, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп, элди, жаштарды тарбиялоодо чоң роль ойношкон. Калк башына кыйын күн түшкөндө же жакшылыктарда жар чакырып, ар дайым эл менен бирге болушкан. Бирок заманга жараша учурда акындарыбыз ал милдетин унутуп баратышкандай же ал бүгүнкү күнгө ылайык келбейби, айтор, аларды чоң акча сайылган айтыштарда гана көрүп калдык. Жөнөкөй эл менен жолугуп, калк аралап, гастролго да чыгышпагандай.
Төкмө акындар айтышып гана тим болбой, санат, насыят, терме, үлгү ырларын көбүрөөк ырдашса, ал кайсы бир деңгээлде элге таасирин тийгизмек. Мисалы, Какен Алмазбеков аттуу акындын «13 жашар баланын арманы» деген чыгармасы ушул күнгө чейин уккан адамды кайдигер калтырбайт. Бул ыр менен канча муун тарбияланып, канча муун таасирленди...
Андыктан Элмирбек, Жеңишбек, Аалы сыяктуу таланттар көбүрөөк эл аралап, эл менен байланышта болуп, алардын кубанычын-кайгысын, жакшылыгын-жамандыгын ыры аркылуу чагылдырып турса, аны уккан эл өздөрүнө сабак алат беле дейм. Акындын бирден-бир милдети ошол да...
Канышай Өмүралиева,
Ысык-Көл облусу