Июнь коогалаңынын запкысы алиге чейин бүтө элек. Айрыкча жакынын жоготуп сыздаган адамдардын көңүл жарааты кыйын. Биз сөз кылчу каарман Жалал-Абад шаарынын тургуну Марсияна Мамаеванын уулу. 1986-жылы туулган Акыл Мурзаев 2010-жылдын 13-июнунан тарта дайынсыз.
«БАРАТАМ» ДЕГЕН, БИРОК КЕЛБЕДИ»
– Уулум Акыл ыймандуу, маңдайы жарык жигит эле. Ошол 13-июнь күнү үйдөн чыгып кетсе, мечитке намазын окуганы кетти деп ойлопмун. Ага чейин үйгө кирип-чыгып жүргөнүн байкап «балам, тынчыраак эле үйдө отурсаңчы» деп айтканмын. Ал кеткенден жарым саат өтпөй үйдүн жанынан дүрүлдөп БТР өтүп кетти. Ошондо жүрөгүм бир нерсени сезгендей коркуп кеттим. Акылга чалып «Акыл, келип калчы үйгө, кайдасың?» деп ыйлап жибердим. «Мына баратам» деген болчу, келбеди. Ошол бойдон баламды көрбөдүм.
Акыл биринчи турмушумдан эле, атасы мени аябай жакшы көрүп, артымдан чуркап жүрүп, экөөбүз Орусияда баш кошконбуз. Акыл боюма бүтүп калганда «мен окуумду таштабайм, боюмдан алдырам» деген элем. Ооруканага барсам, дарыгер аябай катуу жемелеп мени эшикке чыгарып койгон. Ошентип жүрүп төрөгөм. Кийин окуум да калып кетти, атасы оорудан улам каза болуп калды. Атасы да китеп, журналдан башын көтөрбөгөн, акылдуу инсан болчу. Кийин мен башка адамга турмушка чыктым.
«АПАМ НЕБЕРЕСИНИН КҮЙҮТҮНӨН КЕТЕ БЕРДИ»
– Азыр экинчи турмушумдамын. Балам дайынсыз жоголгондо азыркы жолдошум да ыйлап «өз баламдай болчу» деп сыздап жүрдү. Базарда соода кылчубуз баарыбыз. Акыл жоголгондон кийин мен базарга бара албай калдым. Уулумдун теңтуштарын көрүп ичим сыздайт, көөдөнүм өрттөнөт. Атасы да иштей алган жок, «ошол жерге барсам эле Акыл көз алдыма элестей берет» дейт. Күйөөм дагы жумушун таштап, учурда Орусияда жүрөт.
Мектепте окуп жүргөндө мугалимдери «уулуңуз өзү теңдүү балдар менен да берилип ойнобойт, чекеде карап туруп, зыңкыйып класска кирип, кайра зыңкыйып окуудан чыгып кетет» дешчү. Уулум ушунчалык акылдуу болчу. Апам да Акылды башкача көрөр эле. Айылдаштарыбыз «мүнөзү жакшы, келишкен балаң бар, бирок этиятта, Торкендин балдары бир аз тополоң келишет» дегенинен кийин шаарга алып келе бергенмин. Апам Акылдын дайынсыз экенин угуп инсульт болуп о дүйнөгө кете берди.
«АК ЖООЛУК САЛБАЙ КАЛДЫМ...»
– Акылдын сүйлөшкөн кызы да бар экен, мен аны кийин билдим. Кээде байкап калчумун, менин, атасынын жанында бирөө чалып калса, акырын телефонун үнсүзгө коюп койчу. Көрсө, 5 жыл бир кыз менен сүйлөшүп жүрүптүр. Алар жадакалса Орусияга да чогуу барып келишкен экен.
Бир жолу телефонунан бир СМСти окуп калдым, «үйдөгүлөрдүн жанында чалбай жүр дебедим беле, жөжө. Бул сага жаза» деп жазыптыр. Акыл дайынсыз болуп кеткенден кийин ызы-чуу түшүп жүрсөк, телефонума бирөө чалып калды. Алсам, бир кыз «эже, Акыл кайда, мен сүйлөшкөн кызы болом...» деп ыйлайт. Кийин экөөбүз жолуктук. Сүйлөшкөн кызы аябай акылдуу, ыймандуу экен. Ал да ыйлап, мени менен кошо издеп жүрдү. Ичимден сызып, «ошондо үйлөнүп келсеңер болмок экен, кызым, үйлөнгөндөн кийин көчөгө чыкпай калат беле...» деп кейидим. Кийин деле байкуш байланышып жүрдү. Акыл дайынсыз жоголгондон 1 жылдан кийин мага белек көтөрүп келиптир, мен да ага Бишкектен сумка алдырып белек кылдым. Акыл ага «менин апамдай апа жок дүйнөдө. Турмуш курганыбыздан кийин деле мен үчүн эң биринчи апам, анан сен!» дечү экен.
Аябай күйүмдүү эле. Көчөгө чогуу чыксак, жолдон коргоп, мени бирөө түртүп кетпесин деп аябай корголоп басар эле (ыйлап). Азыр кичүү уулум 5-класста окуйт, ал эрке анан дардаңбай, аман болсун. Инисин бала бакчага да моюнуна көтөрүп алып барып таштачу.
Акылдын дайынсыз экени жаныма катуу батат. Айласыздан бакшыга да барып көрдүм. Кыргызстан боюнча барбаган бакшы, эмчи-домчу калбады. Менин энелик жүрөгүм да аны өлдүгө чыгарбайт. Ал тирүү, мен сезем.
Акыл эр жетип, балдарым чоңоюп калганда боюма бүтүп калды эле. Аябай ыңгайсыз болуп «боюмдан алдырып салайын» дедим. Негедир Акылдын алдында ичимди томпойтуп жүргөндөн уялдым. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры алдырам деп чечтим. Алдырам деп жүргөн күндө түш көрдүм. Түшүмдө колумда жаңы туулган бала бар экен. Бөбөктү кармап турган колумдун жанында кичинекей куран китеп туруптур. Ары жактан бир үн угулуп жатты «аты Хадича. Аты Хадича» деген. Ал түштү ойлоп турганым менен, баары бир алдыртып салдым. Эсептеп көрсөм, ошол баланы алдырбасам 2010-жылдын 10-июндарында жарык дүйнөгө келмек экен. Балким, мени Кудайым жазаладыбы деп да ойлоп кетем.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg