«КЫРГЫЗЧА» ПАРА БЕРИП КАРМАЛГАН КАССИР

10-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл округунда жайгашкан «Мүрөк-Суу» ишканасынын кассири К.М. мыйзамсыз иш алып барганы үчүн кармалды. Ал аталган ишкананын таза суу үчүн топтолгон 41 640 сом акча каражатын өз кызыкчылыгына иштетип салган. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жаткан учурда К.М. арызды текшерүүнү токтотууну суранып, милиция кызматкерлерине 10 миң сом сунуштап, пара бергенге аракет кылган. Бул иш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 310-беренеси менен (паралап сыйлык берүү) иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
saltanat.
2013-06-17 14:32:15
Ушундай адамдардын айынан олкобуз онукпой жатат да.
+1
Shekerbek
2013-06-20 14:22:10
saltanat., тазалаш керек мындайларды! Кадр маселесинде жаштарды тартыш керек
0
mayoral
2013-06-21 17:27:38
Кылмышын дагы татаалдаштырып алыптыр.
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан