10-июнь күнү кечки саат алтылар чамасында Сузак районунун Жар-Кыштак айылында 1986-жылы туулган Бакыт Жоробаев Кемпир-Абад каналында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу барышып, саат 20:30да Бакыт Жоробаевдин жансыз денесин суу түбүнөн таап чыгышты.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg