Жалал-Абад шаарында 10-июнь түнү Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базарда өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 4 ашкана жана майда соода түйүндөрүнүн имараты толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүгө ӨКМнын Жалал-Абад шаарындагы Өрт коопсуздугу бөлүмүнөн адамдар тартылып, өрт толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кечиктирилбей берген жардамынан базардын түндүк-чыгыш тарабындагы соода түйүндөрү, «Айгүл» соода борбору, «Тейлөө үйү» сакталып калган. Өрттүн себеби такталууда.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg