SUPER.KG ПОРТАЛЫН ТАНДАГАН АТАКТУУЛАР

«Супер-Инфо» гезитинде жарыяланган макалалардын баарын батырган көп тармактуу, кошумча «Соңку кабарлар» деген бөлүм менен толукталган www.super.kg порталы бар. Ал жакка кирип бир гана ыр-клип көрүп тим болбой, кумириңиз менен түз баарлаша аласыз. Кыргыз эстрадасынын бир канча өкүлдөрү дал биздин порталда отуруп, күйөрмандары менен ой бөлүшүп турушат. Алардын расмий аты менен киргендер канча да, ар кандай ник менен жүзүн жашырып отургандары канча... Кыскасы, көп кызыктын баары биздин порталда.

Айнура Салахидинова, ырчы:«ЫРЧЫЛАР АР КАНДАЙ НИК МЕНЕН КИРИП МЕНИ СЫНДАШАТ ЭКЕН»
– Былтыр «Супер-Инфо» гезити жылдын мыктыларына тандоо жүргүзүп жатканда бул жакка катталган элем. Ошондон бери колум бошоду дегиче кирип турам.
Бир жолу Новосибирск шаарына концерт койгону барып, мекендештерибиздин үйүнө конуп калдык. Ал жактагылар «сиздин жаңылыктарыңызды, ырларыңызды такай super.kg сайтынан угуп, көрөбүз» дешти. Карасам, чындап эле компьютерлеринде кечке ачык турат экен. Ошондон кийин сайтка катталуу тууралуу ойлонуп калган элем.
Азыр бул порталдын жардамы менен күйөрмандарым менен тыгыз байланышып турам. Эсимде, бир күйөрманым мага сайттын «купуя кат» деген кызматы аркылуу кат жөнөтүптүр. «Айнура эже, сиздин дарегиңизге сын-пикир жазгандар өзүңүздүн эле чөйрөңүздөгүлөр. Алар эки-үч ник менен кирип алып сизди жамандап жатышат» дегенде таң калып койгом. Көрсө, андайлар да бар турбайбы.

Айпери Сыдыкова, ырчы:«АЙРЫМДАР ЖИНГЕ ТИЙИШ ҮЧҮН КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫШАТ»
– Super.kg порталына 2012-жылдын аягында катталгам. Башында сыр сөзүмдү унутуп, көпкө кире албай жүдөгөм. Өз атым менен катталганыма аз убакыт болсо да, порталга кирип клип, ырларга оюмду калтырып турам. Анан да сын-пикир айткандарга актанып жооп берип коймоюм бар. Бая күнү менин маегимдин видеоверсиясына «чачын боёп албаптыр» деген өңүттө бир колдонуучу комментарий жазып кетиптир. Мен болсо «убактым жок болуп калды эле, азыр боёп алгам» деп койдум (күлүп). Колдонуучулардын арасында ар кандай адамдар болот. Кээ бири чын жүрөктөн жазышса, айрымдары атайын жиниме тийиш үчүн комментарий калтырышат.
Мен көбүнчө «Супер ТВ» бөлүмүнө кирем. Гезитке чыккан интервью менен видеосу эки башка нерсе го. Видеодон адамдардын эмоциясын, маанайын көрүүгө болот. Ал эми гезитте «сочный» учурларды чагылдырыш кыйын болуп калат. Башка сайттардан өзгөчөлүгү, жаңы, «свежий» ырларды, клиптерди биринчи ушул порталдан көрөм, ошонусу менен айырмаланып турат.

Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти, «Супер-Инфонун» версиясы боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы»: «СОҢКУ КАБАРЛАР» БӨЛҮМҮНӨ КӨП КИРЕМ»
– Катталганыма көп эле болуп калды, убакыт болсо кирип, форумдагы суроолорго жооп берип коём. Көбүнчө «Соңку кабарлар» бөлүмүнө кирип, акыркы жаңылыктарды окуп турам. Негизи, бул портал кыргыз шоу дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларды кенен чагылдырат, башка сайттардан өзгөчөлүгү мына ушунда болуш керек.

 

 

Эрнист Сыдыков, клипмейкер:«МЕНИН ЛОГИНИМ МЕНЕН КЫМБАТ КИРЕТ»
– Убакыттын тардыгына байланыштуу өзүм көп кире албайм, менин логиним менен келинчегим Кымбат отурат, ал бекерчи да (күлүп). Кыргыздар эң көп кирген сайт деп www.super.kg порталын айтмакмын. Анткени колдонуучулардын баары кыргыз тилдүүлөр. Кээде бошоп калганда «Элдик видео» бөлүмүнө клиптеримди жүктөп калам. Негизи, жаңы чыгып келаткан ырчылар үчүн абдан пайдалуу ресурс деп эсептейм.

Лунара Бекиева
forum@super.kg

 Кыстарылган видео 
SUPER.KG порталын тандаган атактуулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aida92
2013-06-17 10:53:44
Anjelikadan nege interviy algan joksuzdar. Alda uwul saittan chukpait go
0
BAGIROCHKAA
2013-06-17 18:50:22
aigerim ras kyzynan nege interviy algan joksuzdar. Alda
uwul saittan chukpait go
0
novayariga
2013-06-17 20:01:25
Менден эмнеге интервью алган жоксуздар. Мен да ушул сайттан чыкпайм го
0
shazi
2013-06-18 15:04:47
novayariga, хе хе хе өлтүрүпсүз го. Мен деле чыкпайм бул сайтан.
0
JANUM
2013-06-17 22:19:53
Айнураны аябай жакшы кором! Ушунчалык жонокой, адамгерчиликтуу, сулуу айым! Чыныгы талант деп Айнураны айтса болот. Ырчы кыздар Айнурадан улгу алсанар боло!!!!
0
admin_superstan
2013-06-18 16:02:21
Жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар!
Барыңарга эскертүү!
0
admin_superstan
2013-06-19 15:15:22
AidaiAlieva, JANUM, ар бир колдонуучу эреже бузбай өз оюн жазууга укугу бар.
AidaiAlieva, shazi, JANUM, жеке айтышууларга жол берилбейт.
Силерге эскертүү!
0
jamiyla
2013-06-19 18:31:33
)))Ooba Aiperi eje joop jazyp jiberet eken daima,agentten da kop korgom joop jazganyn.
0
aika2009
2013-06-22 17:20:48
оооо !!!!! форумчулардан да бииииииир статья жазып койсонуздар суйундуруп!!!
0
meerimlady91
2013-07-24 14:59:11
ушу уйбуло жонундо гана ойлоп,турмушка терен конул болсонуз жакшы болмок ырчылык эч жарашпайт да
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан