ЙОГА - ДЕНЕҢДИ БАШКАРУУНУ ҮЙРӨТӨТ

ЙОГА ДЕГЕН ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
Йога – Индиянын байыркы тилинен (санскрит) которгондо, «көнүгүү», «биригүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога – индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири.
Атактуу йог Саркар адамдарды үч топко бөлгөн:
Биринчи топтогу адамдардын ою менен сүйлөгөнү жана кылган иштери дал келет.
Экинчи топко оюндагысын сүйлөгөн, бирок аны аткарбагандар кирет.
Үчүнчү топтогу адамдардын ою, сүйлөгөн сөзү жана кылган иши бири-бирине дал келбейт.
Йога адам оюндагысы менен жасаган ишин дал келтирүүнү, ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөйт. Йога адамдын жашыруун таланттарын, мүмкүнчүлүктөрүн, медитация (сүкүт тартуу), туура тамактануу, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу ачууга багытталган. Йога адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтүп, ашыкча түйшүктөрдөн арылтып, коомдогу ордун табууга жеткире алат. Сөөк, нерв жана башка оорулардын, кан тамырлардын кеңейүүсүнүн алдын алса болот.
Илгери йога көбүрөөк философиялык түшүнүктү камтыса, учурда Индиядан башка жерлерде йоганын гимнастикалык көнүгүүлөрүнө гана кызыгышат. Чоң шаарлардагы ызы-чуудан, күнүмдүк түйшүктөн, стресстен арылуу максатында йога менен бардык кесиптин ээлери машыкса болот.

ИСЛАМДА
Ислам дининде йога менен ден соолукту чыңдоо максатында машыкканга уруксат берилет. Бирок йоганын спорттук көнүгүүлөрүнөн башка ар кандай сөздөрдү кайталоого тыюу салынат.

НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
Раджа-йога (классикалык йога) – медитация аркылуу акыл-эсти башкаруу, чыныгы жашоо менен кыялдын айырмасын түшүнүүгө үйрөтөт.
Хатха-йога – раджа-йогадагы оор медитацияларды жасоо үчүн денени даярдоо системи.
Айенгара йога – хатха-йоганын түрү. Ар кандай асандарды (көнүгүүлөрдү) жасоодо отургуч, жаздык сыяктуу буюмдар колдонулат жана бардык курактагыларга ылайыкталган.
Кундалини йога – бул багытта уруш ыкмалары да аралашкан. Көнүгүү музыканын коштоосунда жасалат.

ЙОГА КӨНҮГҮҮЛӨРҮ
1. Асан – денени бир калыпта алып жүрүүгө үйрөтөт.
2. Пранаяма – дем алуу органдары аркылуу жасалуучу көнүгүү. Дем алууну жөнгө салат жана эмоцияны башкарууга үйрөтөт.
3. Ойду бир жерге чогултуу – адамдын мээсин эс алдырат.
4. Медитация (сүкүт тартуу) – денени бош кармоо. Адамдын өзүнүн ички дүйнөсүн угуусуна шарт түзөт.

ПАЙДАСЫ
Машыгуу бардык жаш курактагылардын колунан келет. Эгерде акырындык менен үйрөнсө, ден соолукка эч кандай коркунуч жаратпайт. Спортчулар йога аркылуу чыдамдуу, күчтүү жана өзүн кармоого жетише алат. Өзгөчө мелдештерден кийин денени калыбына келтирүүдө көнүгүүлөрү пайдалуу. Суучулдар йога менен машыгып, демди ичте узак убакытка кармоого жетишишет.

ЖАНА ДА...
Көнүгүүлөр:

  • Булчуңдарды чыңалтат, дене бир калыпта жүрөт.
  • Нерв системдеринин иштөөсүн жакшыртат.
  • Иммунитетти чыңдайт.
  • Стресстен арылтат.
  • Өзүнө ишенимди пайда кылат, күчтү туура багыттоого үйрөтөт.

МАШЫГУУДАН МУРУН ВРАЧ МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ КЕРЕК
Ички органдарында оорусу барлар.
Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар.
Башынан жаракат алгандар.

ЙОГА КЫРГЫЗСТАНДА
Кыргызстанда Йога федерациясы 2009-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө федерация көптөгөн багыттарды жана стилдерди бириктирип турат. Алар: хатха йога, кундалини йога, аштанга йога, балдар йогасы, жуп менен машыгуу, кош бойлуулар үчүн йога.
Кыргызстанда йоганын негиздөөчүсү деп эч ким саналбайт. Анткени мурдатан эле кызыккандар көп болгон, кийин клубдар ачылып, федерация негизделген. Азыр өлкөдө болжол менен 5тен ашык йога клубу жана 200дөй өз алдынча иштеген инструкторлор бар. Инструкторлордун көбү билими жок, дисктен же башка жерден көргөндөрүн үйрөтүп жүрүшөт. Ошондуктан машыгуу убагында жаракат алган учурлар болуп, машыгууну каалагандарда «йогада деле жаракат алат турбайбы» деген терс ой-пикир жаралууда. Машыккандардын жашы 5 жаштан 80 жашка чейин. Келгендердин болжол менен 98 пайызы ден соолукту чыңдоону каалагандар, калгандары йоганын философиясына кызыккандар.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Йога менен достошкон белгилүү инсандардын катарында Мадонна, Николь Кидман, Женифер Энистон, Дмитрий Медведев, Ксения Собчак, Валерия, Жанна Фриске жана башкалар бар.
  • Орусияда йога космонавттарды, суу астында жүрүүчүлөрдү даярдоодо колдонулат.
  • Тажрыйбалуу йогдор дем алууну жарым сааттан бир саатка чейин кармай алышат.

ТАРЫХЫНАН
Инд дарыясынын жээгинде болжол менен биздин заманга чейинки 3300-1700-жылдарга таандык ташка түшүрүлгөн сүрөттөрдө йога менен машыккан адамдар тартылган. Бул археологиялык табылгалар ошол убактагы Инд же Харапп цивилизациясындагы адамдардын йога менен машыкканын далилдейт. Ошондой эле Латын Америкадагы байыркы индей уруулары да йогага таандык көнүгүүлөрдү жасашкан.

Айбала Эргешов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nazira1989
2013-06-17 12:32:11
Йога менен оз алдынча кантип машыкса болот,жооп жазып койгулачыы?
0
antivir
2013-06-17 15:50:52
ЙОГА деп жакшы мактапсынар, машыгуу жолун да жазсанар жакшы болмок
0
abdygany007
2013-06-20 15:24:10
Йога мене машыгууну каалагандар болсо,дисктен,интернеттен уйр0нсо болот,ал жерде кенири корсотулгон машыгуу жолдору. Мен 3 айдан бери кундалини йога менен машыгам,пайдасы эн зор,негизгиси адамды эр журок кылып коет экен!
+2
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан