Орус ажосу Владимир Путиндин аялы Людмила менен ажырашуусу учурдун чоң жаңылыгына айланды. Үй-бүлөсү, жеке жашоосу дайыма коомчулук үчүн сыр бойдон келе жаткан президенттин минтип агынан жарылышы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуя болду.
30 ЖЫЛДЫК НИКЕНИН ДООРУ БҮТТҮ
Мындай «ысык» жаңылыкты угуп басылмалар тим болмокпу. Орус маалымат булактары көбүнесе «ажырашуудан ажонун аброю түшкөн жок, тескерисинче, рейтинги өсүүдө» десе, батыш басылмалары «балеттин танаписинде кокусунан маек берип, ажырашканын жар салганы бул кадимки уюштурулган спектакль» дешти. «Ири державанын башчысы ажырашуу менен коомдогу үй-бүлө институтуна доо кетирди» деген да пикирлер көп. Өлкө башчы жубайы менен расмий түрдө ажырашып жатканын кээ бирлер түшүнүү менен кабыл алышып, Путиндин бул жоругун чыныгы мырзалык сапат деп да чыгышты. Ошентип, өлкө жарандары үчүн өздөрүн дайыма үлгүлүү үй-бүлө катары көрсөтүп келишкен Владимир Путин 60, жубайы Людмила Путина (Шкребнёва) 55тин даамын татып калганда 30 жылдык никесине чекит коюшту.
«ВЛАДИМИРГЕ АКЫРЫНДАН КӨНҮП, АНАН СҮЙДҮМ»
Жолдошу менен балетке келип, танапис учурунда берген кыска маегинде Людмила айымдын ыңгайсыз абалда болгонун видеодон байкоого болот. Эл алдына чыкканды жактыра бербеген экс-канайым күйөөсүнүн карьерасы деп, өзүнүн милдети болгону үчүнбү, жанында коштоп жүрүп, акыры чыдамы кеткен көрүнөт.
Экөөнүн сүйүүсү экс-канайымдын эскерүүсүндө мындайча башталган. Путин оор басырыктуу болгондуктан, «сүйөм-күйөм» деп деле катуу кетпептир. Президент менен экс-жубайын 1980-жылы ажонун досу театрдан тааныштырган. Ал кезде Людмила стюардесса болуп иштечү. Болочок жолдошу менен таанышуу үчүн учак менен атайын учуп келген деп айтылат. Экөөнүн мамилеси тууралуу Людмила: «Жашоодо бир көрүп сүйүп калуу деген болот эмеспи. А менде андай болгон жок. Владимир Владимировичке акырындан көнүп, анан сүйө баштадым. Жолугушууга эч кечигип барчу эмесмин. А Владимир такай кечикчү. Мен үчүн аны бир жарым саат күтүү кадимки көрүнүш эле. Кечигип келерин билсем деле, «а балким, бүгүн эрте келип күттүрүп коём» деп ойлоп өз убагында келип алчумун. Жумушта пунктуалдуу болуп, жеке жашоодо өзүн таштап коёт окшойт»,- деп эскерет. Мындан сырткары Людмила «менин күйөөм «вампир», бирок ичпейт, чекпейт, урбайт» десе, Владимир «менин аялым менен үч жума жашаган адамга эстелик тургузуш керек» деп айтканы бар.
Эске салсак, экөөнүн ортосунда 1985-жылы туулган Мария, 1986-жылы туулган Катерина аттуу кыздары бар. Эки кызы тең үй-бүлөлүү. Путиндин жакында эле таята болгону тууралуу да кептер айтылып келет.
«Орус кызы Людмила Шкребнёва Владимир Путин эч ким эмес кезинде турмушка чыгып, президент болгондо коё берип жатканынын чыныгы себеби эмнеде болду экен?..» деген суроо жаралат. Ооба, бул баары үчүн кызык. «Владимир Путин ажырашты» деген жаңылыктан да «эми өлкөнүн биринчи канайымы ким болот?» деген суроо баарынын бүйүрүн кызытып жаткан кези. Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону, Думанын депутаты Алина Кабаева менен ажонун мамилеси тууралуу кептер суюлмак түгүл, тескерисинче, күчөп турган чагы. Владимир Путин менен спортчу айымдын сүйүү мамилеси тууралуу алгач «Московский корреспондент» гезити жазып чыгып, аз өтпөй жабылып калган эле. 2009-жылы «The New York Post» гезити Кабаева Путинге уул төрөп берип, атын учурдагы премьер Дмитрий Медведевдин ысымынан Дмитрий деп койгону тууралуу жазышкан. Ушул эле гезит 2013-жылдын январь айында Алина ажого кыз төрөп бергени тууралуу айтып чыкты. Басылманын билдиришинче, азыр Кабаева эки баласы менен «Бочаров Ручей» резиденциясында жашайт. Мындан да кызыгы, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Людмила Путинаны 55 жылдык мааракеси менен социалдык тармактардын биринен куттуктап жатып «биринчи аялы» деп айтып алган. Мындан улам Путиндин жубайы менен жашабаганына көп жыл болуп калган деп жоругандар бар. Анан ажонун айрым кечелерге аялы коштобой, жалгыз барып калганын көпчүлүк журналисттер байкашкан.
ПУТИНДИК СИНДРОМ
Путин расмий түрдө «ажыраштык» деп элге жар салгандан көп өтпөй, 11-июнь күнү Чехиянын өлкө башчысы Пётр Нечас 25 жыл бирге жашаган жубайы Радка Нечас менен ажырашууга арыз бергени ачыкка чыкты. Интернет коомчулугу буга «Путиндик синдром жугуштуу :)» деп баа беришүүдө. Мындан тышкары Франциянын экс-ажосу Николя Саркози президент болуп шайлангандан бир жылдан кийин ажырашып, модель Карло Бруниге баш кошкон. Ал эми Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони 20 жылдан ашуун чогуу жашаган жубайы менен ажырашып, учурда өспүрүм кыздар менен чардап жүргөнү айтылып келет.
Лунара Бекиева
star@super.kg