ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Ошентип, Асман маек куруп берди, ичтеги бугун айтты, аны менен кошо азыркы сүйүүсү тууралуу баяндады. Журналисттин «сизди ичип-чегип коёт дегендерге кандай карайсыз?» дегенине чычалабады. Жөн гана «бир күнү мен сага шоу-бизнестин анык жүзүн көрсөтөм, ошондо кимдин ким экенин аңдап билесиң» деди. Ошол боюнча унутулуп баратты. Гезитке Адилеттин атын атабаса да, ал тууралуу берилип чын жүрөктөн айтканынан кубат алды жигит, кубанды. «Эркем менин, мен бактылуу кыла алар бекем сени?» деп ойлоп койду ичинен. Адилетте байлык, мансап бар, Асманда атак-даңк, сулуулук бар. Мындай кырдаал бири-бирине ийилтмек эмес, эч качан. Алар жөн гана бүгүнкү күн үчүн жыргап-куунап күндү өткөрүп келишет. Бул учурда Асмандын бир ыры кулакка сиңимдүү болуп турган убак. Ошого карабастан Асман апасы экөө жеке бизнеси менен алектенип, мурдагыдай ырчылык менен акча табуудан алыстап бараткансыды. Мындайда Адилет да көмөк көргөздү, кол куушуруп турбады. Сулууну жандап жүрүш үчүн да, сүйүүсүнө татыктуу болуш үчүн да антпеске айласы жок эле.
Убакыт учкан куштай өтө берди. Адилет менен сүйлөшүп жүргөнүнө мына эки жылга аяк басты. Экөө бири-бирин айттырбай түшүнгөн деңгээлге жетти. Кара көз үчүн камкордуктун баарын жасай алды, керекпи, курч мүнөзүнөн кайтып, жоош жигитке айланды. Кыскасы, Асмандын көзүнүн агы менен айланат азыр Адилет. Асман кээде гана ыр жазып койгону болбосо, дээрлик бизнес менен алек. Бир чети ушак кептерден арылып, дымып эле отургансыйт. Бирок болбой эле кайда болбосун анын аты жүрөт. Жеке жашоосу бир нукта өтүп бараткан жылдыз бир күнү буюкту. Кол алдында иштеген 3-4 кызматкерди жекире тиктеп, урушуп, тимеле ал-жаны калбай ачууланып отурат.
– Буга эмне болгон? Таң заардан келип сулууланып отурчу эле, бүгүн башкача го?
– Э, билбейм, мурдунун учунан башка жакты көрбөй калганына көп болду. Жигити экөө урушуп калганбы?
Асмандан жөнсүз жеме уккан кыздар ушинтип жамандап киришти, жетекчисин. Бул ырчы кыз концерт, тойлорго деле барып ырдабай калган. Анча-мынчалар менен катышпай, сахналаштарын көрсө көрмөксөнгө салган кездерин эстеди. Адилет менен алпурушуп жүрүп сахнадан да, достордон да алыстай түшкөнүн сезди. Жок, алыстабай эле, алардын бирөө чыккынчылык кылса, экинчиси анын жанында өзүн төмөн сезгиси келбей жоголду. Дагы бирөө Асмандын ушагы ага жугуп кала тургансып жаа бою оолак качты. Ушундайда билинет экен да, достун дос экени. Бүгүн сырдашар адамы жок, ичтеги сырын, көптөн бери топтолуп калган бугун кимге айтарын билбей отурат. Жанында жандап жүргөн кыздарга айтайын десе, алардын мүнөзүн беш колундай билет. Ушинтип ачуулуу болуп турганда концертке чакыруу түштү. Баскан-турганын Адилетке айтып отчёт берип көнүп калган экен. Бүгүн ага айтпай туруп «макул, барам, саат канчада болот?» деп жооп айтты. Ошентип, бул кечте сулууланып алып филармонияны көздөй жөнөдү.
Шоу-бизнес түшүнүгү ушундай, бири-бирин сындап карашат. Кийген кийиминен минген машинасына чейин. Анан да Асманга атаандашкан ырчы кыздар көбөйүп кетти. Кандай кийим алса, ошонун эле түсү башкачараагын кийип алышат. Бүгүн Лексус тээп, чет өлкөдөн сатып алган көйнөгүн кийип, эч кимде жок зер буюмдарын тагынып, башкача келди. Бул концерт башкача өтмөк, жылдыздар кызыл килемден басышат экен. Машинасынан жардамчы кызы менен чогуу түшкөндө эле тегеректегилердин баары аны карап калышты. Көз уялтат, Асманда сулуулук деги бар, келбет-мүчө келишкен. Жарашыктуу кийим кийсе, адам өңү чүпүрөк го, бир укмуш ажарына чыгып турду. Элдин кеп-сөз кылганы деле, караганы деле Асман. Канчалык бой көтөрбөсүн, баары бир жүрөгү ак, кечиримдүү, ала көөдөн кыз. Бүгүн адаттагыдан башкача күлүп, көңүлү куунак экенин көрсөткүсү келди. Ошентип, концерт башталды. Асман жүргөн жерге Мирзат кантип келбесин? Ал ырдап жатканда көшөгө артынан телмире тиктеп карай берди, карай берди. Караган менен эмне пайда?..
Бүгүн бул кеченин урматына жаштар түнкү клубга барышмак экен.
– Асуля, булуттан чыккан айга окшоп жаркылдап келип калыпсың. Сахналаштарыңды деле сагынгандырсың, биз менен бар. Жабык кече, бүгүн той, бүгүн майрам,- деди кечени уюштурган аты белгилүү айым.
– Албетте, сизге кантип жок демек элем, эже. Мен кийимимди которуп келем,- деп сөз берди.
Жолдо баратып Адилетке чалды, «жан, бүгүн клубга барабыз» дегенине ашыгы кетенчиктеп жатып акыры макул болду. Аны көндүргөн соң эсине журналист досу түшүп, Рома менен байланышты.
– Ромчик, салам!
– Ой, тобо! Сенин үнүңдү уга турган убак бар экен, ээ?
– Короче, сөздү көбөйтпө, мен сага сенсация таап берем!
– Жетип барам, калганын өзүм табам, адрести айт!
Чынында, Рома мурдунда жыты бар журналист. Саясатчыдан баштап ырчыга чейин коюн-колтук алышып жүрүп эле далай сенсация жаратып салмайы бар, сөзү курч, өзү мурч
жигит. Асман Адилетти ээрчите келип, маданияттуу отурушат. Жашы, карысы дебей артисттердин баары ушул жерде жүрөт. Продюсерлер, менеджерлер, бийчилери дагы бар. Күрү-күү, шаан-шөкөт, ичип-чекмей, ырдап-чоордомой. Бир убакта Асман Ромага шыбырады.
– Кызыктын баары али алдыда. Сен өзүңдү ыңгайсыз сезбей отура бер, бири тааныса, экинчиси тааныбайт деле сени. Тиги бийчини кучактап алсаң, болду. Калганына өзүң күбө болосуң,- деп койду.
Чын айтыптыр, түнкү саат 2ден ооп калганда «концерт» башталды.
– Ай, сулуу жигит, мени менен ичип койбойсуңбу,- деп келген бир мырзанын сөзүн укканда кабарчы жигиттин төбө чачы тик турду.
– Байке, тамашалабагылачы!- деп араң кутулду андан. Андан ары басып, жапжаш ырчы кыздардын бутуна түз туралбай мас экендигин көрдү.
– Эй, сен бизди жазып койбо. Шүмшүк болосуң жазсаң! Могуну тааныйсыңарбы, баягычы?- деп каткырышты эле, чыдабай кетти Рома.
– Карындаш, жазбайм сени. Ойной бер, күлө бер, мен деле адаммын,- деди.
Антсе ого бетер тиги кыздар жалжакташат. Ушул убакта Асман Ромага карап «биз кеттик, мен өз үйүмө, Адилет өз үйүнө. Эми түшүндүңбү, эми көрдүңбү, шоу-бизнестин жүзүн» деп чыгып кетти.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Kg.lady
2013-06-17 17:54:55
Ыпыластык менен тапкан аброй,атак -данк менен жер баспай журушотда кайрандар....
0
aiza11.3
2013-06-17 19:38:36
мага чойросу жаккан жок.жакшы да куйоого тийип кетти биздин сулуу
0
respektmoi
2013-06-17 21:12:49
Bakulya ejeke ushunu okup myiygynan kulup koiso kerek jon gana :-) Emne demek elem...meni lichnyi jashoosu kyzyktyrbait eken.Kak vsegda krasivaya uhojennaya lubymaya umnaya hitraya i konechno v sentre vnim.Bakulya vy prosto super!
0
kg_07
2013-06-17 21:35:16
ozun angel kilip koiuptur men 4ininda kim mn jurgonun al kiwinin ohranasi badievanin BB dep koiuw4u kandai gana soz kilganin ukkan elem jazbai ele koeuin baktiluu bolsun
0
Ainur85
2013-06-18 13:07:04
Эми дагы бир жума(((
0
kara-koz
2013-06-18 19:12:36
кызык
жашооодо боло берет тура эээ тобооо
0
tea23
2013-06-18 19:33:18
Бакуляны Асуля деп :)
0
balshirin
2013-06-23 17:12:22
tea23, ооба да , анан да чыгарманын башында Асман айтат го мага оз атым жакпайт, неге Асман деп койдунар деп. Бадыевада айткан го БАШЫНДА МАГА ОЗ АТЫМ ЖАКПАЙТ ЭЛЕ, Эжелеримин аттары жакшынакай Светлана а менин атым Бактыгуль деп, бул Бактыгул алгачкы интервьюларында айткан эле ушинтип
0
aigulkg
2013-06-18 21:08:19
Мына кызык,дагы 1 жума.
0
Zhyldyz123456
2013-06-20 00:49:44
Babueva ele eken
0
N.Bakazova
2013-06-20 01:10:04
Мен ушуну окусам эле Бадыеваны элестетип окуйм. Ким билет, балким башкадыр.
Кимиси болсо да, шоу дуйнонун утурумдук жылдыздарынын нагыз жузун ачыптыр.
0
Barchun
2013-06-21 17:15:59
болсо болуптурда Бадыева
0
Kaika
2013-06-21 21:12:01
толуп кеткенинен бери окшоп кеттиго Бактыгулго
0
Ulanbek1992
2013-06-22 08:03:08
Тагдыр оюну качан чыгааааат? Бул чыгарманын бир сериасын да окубадым.. Билбейм анча жаккан жок темасынан эле.
0
balshirin
2013-06-23 17:03:20
Мен ойлодум эле Мирзат Нургулго уйлонот деп
0
borodach
2013-06-27 23:22:24
balshirin, eger nurgulgo uilonso tochna ele badyevanyn istoryasy bolup kalmak da))))))))))
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан