ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-июндан 23-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада оңдоп-түзөө иштери менен алектенбей туруңуз. Натыйжасы сиз каалагандай болбойт. Сүйүктүүңүз менен мамилени кайра куруудан коркпоңуз. Шейшембиде бейтааныш адамдар сизге жакшылык кылышат. Бейшембиде жаңы максатка жумшалган акча киреше эмес, чыгым алып келет. Жекшембиде күтүлбөгөн чыр-чатак маанайыңызды бузат. 

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сүйүүгө мас болуу жаман деле эмес.Жакшы көргөн адамыңыз да сонун мамиле менен жооп кайтарат. Иште эксперименттерге киришүү жакшы пайда бербейт. Келбетке көңүл буруп, кечки 6дан кийин ашканага жакындабай эле койгонуңуз оң. Апта ортосунда күтүлбөгөн кырдаал айлаңызды кетиргени болбосо, апта тынч эле өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сүйүктүүңүзгө карыз болуп жүргөн назиктикти, эркелетүүнү, белек берүүнү кайтарыңыз. Бирге иштешкендердин оюн угуп, алар менен чогуу болуңуз. Болбосо «ак карга» болуп бөлүнүп каласыз. Стресстен арылуу үчүн кара шоколад жеңиз же дос-курбуңузга датыңызды айтып жеңилдеңиз. Алыстагы катташпай калган досуңуз өзү тууралуу кабар берет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизге эл «сүйгөнү бар» деп айтсын үчүн эле бир адамды кармап жүрүү зарылбы, ойлонуп көрүңүз. Жаңы сезимдер чыныгы бакытты тартуулай аларын ойлоңуз. Иште ынтымакты бекемдөө зарыл экендигин эске алып, киного чогуу барууну же табият койнунда эс алууну сунуштаңыз. Күчүңүз канча ишти бүтүрүүгө жетсе, ошончо гана ишти аткарсаңыз, ден соолукка зыян келтирбейсиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Баалаган адамыңыз тартынчаак болсо, анысын калтырууга билгизбей аракет жумшаңыз. Колуңуздан келет. Гардеробду алмаштырып, жумушка майрамдагыдай келе баштасаңыз, күндөр шаңдуу өтөт. Тамак-ашка ашкөк, жер-жемиштерди көбүрөөк кошуп, витаминдердин запасын толтуруңуз. Дем алыш күндөрү бейтааныш адамдарга ишеним көрсөтпөө керек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Туура тандалып, иштелип чыккан пландын арты менен максатка жете аласыз. Жаңы долбоорго, жаңы ишке киришүүгө ыңгайлуу кез. Жетекчилик, үйдөгүлөр да сизди колдошот. Кеч болуп кете электе гемоглобинди көтөрүүгө, ичеги ооруларынан арылууга киришиңиз. Досторуңуздун бири сапаттуу буюм алып берип кубантат. Уккан маалыматтын чын-төгүнүн тактамайынча, бирөөлөрдү күнөөлөбөңүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Күтүлбөгөн жерден башталган роман узакка созулат жана жыйынтыгы жакшы болот. Жетекчи менен ачык сүйлөшүү сизге да, ага да пайдалуу болмокчу. Массаж алуу стресстен куткарып, күч берерин унутпаңыз. Туугандардын бири сизге нааразычылыгын билдирип, карызыңызды убагында берүүдөн баш тартат. Балдар көңүл бурууну көбүрөөк талап кылат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүктүүңүзгө мен үчүн убакыт таппайт деп таарынбай туруңуз. Чындыгында эле анын иши көп жана сезимдери сууп калган жок. Иш ордун алмаштырууну каалагандардын тилеги ишке ашып, ийгилик жылмаят. Кээ бирлер үй жандыктарын сатып алуу оюн ишке
ашырат. Дем алыш күндөр тынч өтөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сүйүүнүн жаңы барактарын ачыңыз. Утуш сиздики болот. Иште чогуу иштеген адамды «мени күнөөлөдүң» деп жарга такабай туруңуз. Анын чын сүйлөгөнү жакында бир фактылардан билинет. Жумушу бир орунда отурууга байланышкандар көнүгүүлөрдү жасап, бел жана муун ооруларынын алдын алуулары зарыл. Достордун бири чакан кечеге чакырышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Убактылуу кыйынчылыктардан улам жан шеригиңизге катуу мамиле жасоодон сак болуңуз. Жетекчилик иштермандыгыңызды баалап, сыйлык бериши күтүлүүдө. Нерв системин бекемдөө үчүн тынчтандыруучу чөп дарыларды ичиңиз. Апта ортосунда жакындар үйүңүзгө баш багышы ыктымал. Апта аягында ортомчу болуп достордун биринин ишин бүткөрүп бересиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бакыттан улам өзүңүздү жетинчи асманда жүргөндөй сезесиз. Антсе да сүйүктүүңүздү элдин көзүнөн катыңыз. Бул бузукулардын санын азайтат. Башталган ишти бүткөрмөйүнчө жаңысына киришпеңиз. Үй эмеректерин которуштуруп жайгаштырууга убакыт бөлүү кажет. Имиджди өзгөртүү жаатында адистен кеңеш алууңуз күтүлүүдө.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жеке жашоого байланыштуу кыялдарыңыз аптада ишке аша баштайт. Сүйүктүү адамды тандоодо жаңылбаганыңызды сезесиз. Иште жетекчиңиз оор жумуштарды берип сынайт. Чыдап койсоңуз, карьераңызга жол ачасыз. Иште болгон жөндөмдү көтөрүү үчүн ромашка же жалбыздан чай демдеп ичүү кажет. Апта аягында маданий жайга баш багууңуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан