Кеңсебизге «2 кызымды чет өлкөгө иштегени жиберет элем, бирок тааныштарыбыз жок, эмне кылсам болот?» деп бир окурманыбыз баш бакты. Акыркы учурларда мекендештерибиздин чет өлкөдө кор болуп кыйналышы так ушул таанышы жок же өз укугун билбегендиктен келип чыгып жаткандыгы айдан ачык мисал эмеспи. Ошондуктан бул сапар чет өлкөгө барууга чамынган мекендештерибизге кеңеш берели деп чечтик.
ЧЕТ ӨЛКӨГӨ БАРУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУҢУЗ КЕРЕК?
Эгерде сиз чет өлкөгө жумуш издеп же башка себеп менен бара жатсаңыз, төмөнкү коопсуздук эрежелерин эсиңизге тутуңуз:
1. Кайсы өлкөгө бара жатсаңыз, ал өлкөнүн тилин билгениңиз оң.
2. Документтериңиз (паспорт, мурда соттолбогондугу тууралуу аныктама жана башка тиешелүү документтер) толук болушу керек.
3. Эгерде сизге кайсы бир уюмдан «чет өлкөдөн жумуш таап беребиз» деген сунуш түшсө, анда сиз ошол уюмдун кызматкерлеринен чет өлкөдө жумушка орноштуруу үчүн атайын уруксат кагазын көрсөтүүнү талап кылыңыз (алдамчы фирма болушу да мүмкүн). Мындай уюмдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кабылдамасынан же 189 телефон номерине чалып тактаңыз (Кыргызстандын бардык аймактарынан чалып сурап алууга болот, акысыз).
4. Эгерде компания же досторуңуз, туугандарыңыз чет өлкөдөн жумуш сунушташса, эң биринчиден, эмгек келишимин талап кылыңыз. Милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзүңүз. Ал келишимде сиздин иштөө шарттарыңыз, жумуш берүүчүнүн милдеттери так жана сизге түшүнүктүү тилде болушу керек:
5. Эмгек келишими сизге жакшы көрүнгөнү менен, иш жүзүндө көптөгөн кынтыктарды тапса болот. Ошондуктан төмөнкү эң негизги шарттарды тактаңыз:
6. Кайсы өлкөгө кетип жатсаңыз, ошол өлкөнүн элчилиги менен байланышып, ал өлкөдө иштөөгө чет өлкөлүктөр үчүн кандай шарттар бар экенин билип алыңыз. Ошол өлкөдө туугандарыңыз же жакын тааныштарыңыз болсо андан да жакшы.
7. Кандай виза менен кетип жатканыңызды тактаңыз. Мисалы, туристтик виза сизге жумушка орношууга укук бербейт.
8. Чет өлкөгө кетип жаткандыгыңыз жөнүндө жакындарыңызга билдириңиз.
9. Бара турган жериңиздин толук дарегин, өзүңүздүн акыркы жолу түшкөн сүрөтүңүздү, паспорт жана башка документтериңиздин көчүрмөсүн үйгө калтырыңыз. Себеби кандайдыр бир себептер менен документтериңизди жоготуп алуу же айрылып калуу коркунучу бар.
10. Өзүңүз жөнүндө кабарды качан жана кандай жол менен үй-бүлөңүзгө, досторуңузга билдирип турарыңызды сүйлөшүп алыңыз.
11. Шартыңыз болсо жаныңызга үйгө кайтып келүүгө жол киреге жете тургандай акча салып алыңыз.
12. Сиз бара турган өлкөдө жашоо канча турарын жана жумушка орношуу жагдайлары жөнүндөгү маалыматты изилдеңиз:
13. Уруксаты жок документтер менен чек араны кесип өтпөңүз. Мисалы, жасалма паспорт же жалган виза менен. Анда сизди эки өлкөнүн жазасы күтүп турат (Кыргызстандын жана сиз бара жаткан өлкөнүн).
14. Чет өлкөгө барганда эч кимге паспортуңузду бербеңиз:
15. Визаны сиз кайсы өлкөгө багыт алсаңыз, Кыргызстандагы ошол өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү берет:
16. Эгерде колуңузда туристтик виза гана болсо, легалсыз түрдө жумуш издебеңиз:
17. Барган өлкөдө визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч калбаңыз. Сизди кармап алып, депортация кылып жибериши мүмкүн. Депортация болгондон кийин сизге кайра ошол өлкөгө бир нече жылга чейин кирүүгө тыюу салынат.
«Керегем, сага айтам, келиним, сен ук» демекчи, жогорудагы кеңештерге көз жүгүртүп эле тим болбой, эсиңизге түйүп алганыңыз туура. Балким, сиз бакыт издегени башка өлкөгө чыгып жатсаңыз, сөзсүз кереги тиет.
Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРГАН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ ЭМНЕЛИКТЕН КУЛЧУЛУККА ДУУШАР БОЛУУДА?
Гүлкайыр Эргешова, Баткен облусу:
– Мен да чет мамлекетке барып иштеп келгем. Биздин жарандар ал жакта өз укуктарын билбей эле иштешет. Көпчүлүгү тил билбейт. Жумушка орношуп жатканда да эч кандай келишим түзүшпөйт. Мындай учурда, албетте, кул болушат же айласыз эптеп жан багышат.
Улан Таабалдиев, Ысык-Көл облусу:
– Көпчүлүгү өз укугун билишпейт. Иште десе эле документин кармата коюп кулча иштей беришет. Албетте, андайда жумуш берүүчү иштеткенден кийин акысын бергиси келбей калат. Жадакалса Кыргызстандын элчилиги бар экендигин билбеген жаштар кездешет.
Мукталы Акматов, Талас облусу:
– Бул негизи бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси. Жапжаш эле балдар мектепти бүтүп-бүтпөй чет жакка иштегени кетишет. Анан өз укуктарын билбей, алданып калгандар көп кездешип жатат. Чет жердин жарандарын жөн эле коёлу, өзүбүздү өзүбүз алдап кетип жатабыз.
Кулпунай Маманазарова, Бишкек шаары:
– Мен өзүм Түркияда жана Казакстанда иштеп келгем. Көпчүлүк учурда мекендештерибизге чет өлкөлүктөр көп суммадагы акча убада кылып, алдап коюшат. Андан тышкары чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтери такыр эле иштешпейт.
Ишенбек Кененбаев, Нарын облусу:
– Тил билбегендиктен кулчулукка дуушар болушууда деп ойлойм. Канчалык билимдүү болсоң да тил билбесең оор. Кара жумушта иштегени баргандардын көбү кулчулукка дуушар болушат. Эптеп эле барып бир жумушка орношсо болду, айрымдары укуктарын да жакшы билишпейт.
Кененбек Кулманов, Талас облусу:
– Мунун эң башкы себеби, мамлекетибиздин деңгээлинин төмөндүгү. Билим деңгээли да төмөн, анан кайдан өз укугун билсин? Кыргызстанда үй-бүлөнү пенсия, айлык акы менен багыш өтө кыйын. Анан эмне кылат, айла жок жаштар чет жакка чыгып иштеп, байкуштар кул болуп калышууда.
Элеонора Кошиева, Москва шаары:
– Кулчулукка дуушар болгон кыргыздарды көрө элекмин. Бирок ойлонуп көрсөк, баарыбыз эле кулчулукта жүрөбүз. Кандай жумуш болсо да иштейбиз, «эптеп акча табыш керек, боло берет» деп. Мунун баары кулчулукка кирет.