7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-премьер-министр Данияр Үсөновду 15 жылга сыртынан соттоп, «күчөтүлгөн режимде жаза өтөсүн» деген өкүм чыгарды. Мындан сырткары анын мүлкү конфискацияланмай болду. Ал «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жер тууралуу мыйзамды бузган» деп күнөөлөндү. Ага «2007-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен «Ататүрк» сейил багынан 11 гектар жерге үй курууга уруксат берип, муну менен мамлекетке 160 миллион сомдук зыян келтирген» деген айып тагылган.
Бул жер өзгөчө коргоого алынган маданий аймак болуп саналганына карабастан, жалпы 107 гектардык территориянын ичинен кесилип алынып, турак жай салууга сатылып кеткен. Мэриянын бул токтому шаар кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ал тургай ошол кездеги өкмөт бул маселени кароого тийиштүү болсо да, караган эмес.
Данияр Үсөнов 2007-2008-жылдары Бишкек мэри, 2009-жылдан Апрель окуясына чейин премьер-министр болуп иштеген. Ал ошондой эле «Апрель окуясында митингге чыккан элге ок атууга буйрук берген» деген айып менен да сыртынан соттолууда. Белгилүү болгондой, Үсөнов Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен.
Данияр Үсөнов өлкө тарыхында алгачкылардан болуп мамлекеттин жерин саткандыгы үчүн соттолуп турган чакта Бишкектин кийинки шаар башчыларынын ортосунда кайым айтышуу башталды. 2013-жылдын март айынын башында шаардык кеңештин «Республика» фракциясы мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөн.
Ушул эле жылдын март айынын аягында ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев да азыркы мэрге «жер сатууда» деп кине койгон эле. Депутат өзүнө кайрылуу түшкөнүн айтып, анда Бишкек шаарындагы «Ататүрк» сейил багына караштуу жерлер мэрия тарабынан мыйзамсыз берилип, курулуш иштери жүрүп жаткандыгы боюнча бир катар фактылар бар экенин белгилеген. Бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия «Жеңиш» жана «Ататүрк» сейил бактарынын аймагынан 10 гектар жерди Иса Өмүркулов 2011-жылдын 3-октябрында мыйзамсыз бөлүп бергенин жана ал жерлерге учурда кафе, ресторандар курулуп баштаганын аныктап чыкты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина 11-июнда билдирди.
Шаардык кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Эрнис Докенов «Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги эмен дарактуу скверге тиешелүү жерди да учурдагы шаар башчы сатып жиберди» деп чыккан. Ага жооп иретинде Иса мырза бул жерди сатууга буга чейинки Бишкектин башчысы Нариман Түлеевди айыптап чыкты. Ден соолугуна байланыштуу Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жаткан экс-мэр азыркы шаар башчы Иса Өмүркуловго жооп кылып кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда: «Ал жер 2004-жылы, мен мэр боло электе эле берилип кеткен. Сиз кызмат адамы жана саясий фигура болуп туруп телеканал аркылуу такталбаган маалыматты таратып, менин атымды булгап, абийиримди, кадырымды түшүрүп жатасыз. Бул сөзүңүздү артка алыңыз же ушул маалыматтарыңызды тастыктаган документтерди көрсөтүңүз»,- деген.
Ал сынды четке каккан учурдагы мэр Түлеевдин жер сатуудагы токтомун ММКларга жарыялап, ага түшүндүрмө да берди. «2009-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык мэриясынын №352-токтомунун негизинде Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси кафе-бардын курулушу үчүн бөлүнүп берилген. Белгилей кетчү нерсе, жер тилкеси Нариман Түлеев шаар башчы болуп турган кезде бөлүнгөн»,- дейт.
Алым сабактын кезегин улаган, ансыз да учурда соттук иши аягына чыга элек Нариман мырза эгер Иса Өмүркулов үч күн ичинде коомчулук алдында ММК аркылуу кечирим сурабаса, аны сотко берерин кулак кагыш кылды.
«Шаардын аймагынан 11 гектар жер сатты» деп Данияр Үсөнов 15 жылга соттолуп отурганда, эми 10 гектар үчүн жоопкерчилик кимдин мойнуна жүктөлөт болду экен? Эгерде Үсөновдун 15 жылга кесилиши саясий буйрук болбосо, анда Ахунбаев көчөсүндөгү жерди сатууга жооптуу шаар башчысы да соттолушу кажет.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg