Орусия каржылаган Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулуш иши башталды. Курулуш аземине өлкө башчы катышып, Нарын эли менен баарлашып келди. ГЭСтерден түшкөн пайда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда тең бөлүнөрүн айткан президент Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, электр энергиясын ири экспорттоочу мамлекетке айланарын белгилеп өттү.
«Кемин-Алматы электр чубалгыларын куруу тууралуу келишим бар, Кытайга чубалгы тартылат. Кыргызстан эми Кытай менен Казакстанга жайы-кышы электр энергиясын сатат»,- деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчынын айтымында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган иш сапарында Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу тууралуу меморандумга кол коюлат.
Өлкө башчы эл менен болгон жолугушууда өлкөдөгү окуяларга карата пикирин билдирди. Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар кайсы бир күчтөр өлкөнү кайрадан апаатка, баш аламандыкка түртүп жатканын таасын көрсөтүп койгонун айтты. «3 жыл мурун өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев «Атамбаев – кыйратуучу, а мен жаратуучумун» деп үн ката баштады. Мен премьер-министр болуп турган кезде, 2007-жылы «Кумтөр» боюнча келишим даярдап баштап, бирок өкмөт башчылык кызматтан кеткендигиме байланыштуу аны аягына чыгарууга жетишпей калгам. Мен даярдаган менен М.Бакиевдин командасы даярдаган келишимдин ортосунда олуттуу айырма бар. «Кумтөр» менен келишимди өзү үчүн ийгиликтүү түзөрү менен Максим Бакиев биринчи миллиард долларын Москвада казинодо белгилеп, майрамдаган»,- деди Атамбаев.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg