КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри кызматына парламенттин коалициялык көпчүлүгү «ата журтчу» Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бирок Акаевдин кезинде башкы прокурорлукка чейин көтөрүлгөн, Бакиевдин тушунда президенттик администрацияны жетектеген ал киши өзүнө окшош карт бөрүлөрдүн амалын аңдап, «ар-намысчы» Феликс Куловдун жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин сунуштап койду.
Феликс Шаршенбаевичтин көптөн берки максаты – өкмөт башчы болуу. Ал максатын жашырбай дайыма айтып келет. Мына, мүмкүнчүлүк түзүлдү. Вице-премьер болуп иштеп, Кыргызстандагы абалды оңдоп көрбөйбү?
Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлигин коалиция эмне үчүн көрсөтүп жатканы да кызык. Балким, оппозициялык блоктун лидеринен арылуу парламентте буга чейин болуп келгендей кызматка жылдыруу жолу менен ишке ашмакчыбы?
Эске сала кетсек, 6-июнда КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg