СОТТОРДУН АР БИР ЭКИНЧИСИ АЙЫМДАР...

  • ДҮЙШӨНБЕК АБДЫЛДАЕВ транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2013-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо АЙЛЫК АКЫСЫ 10 723 сомду түзгөн.
  • Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын айтымында, 401 жергиликтүү соттун ордуна учурда 350сү гана иштеп жатат жана алардын 43 ПАЙЫЗЫ айымдардан турат.
  • Өлкөдө 19-кылымдын аягынан тарта Кыргызстандын жарандыгын алган 80 МИҢДЕЙ уйгур, дунган, кытай бар жана анын 20 миңдейи ишкерлер. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй билдирди.
  • Өлкөдө 2013-жылдын январь айынан бери 15 МИЛЛИАРД сомдой салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев айтты.
  • КАСЫМ ЧАРГЫНОВ эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Кыргызстанда быйыл Меккеге ажылык сапарга барчулардын саны 20 ПАЙЫЗГА кыскарып, квота 3600 адамга берилет. Буга Сауд Арабиясынын бардык мамлекеттердин ажылыкка бөлүнгөн орундарын азайтуу чечими себеп болду.
  • Бакыт Төрөбаев кызматтан өз каалоосу менен кеткенине байланыштуу «Республика» фракциясынан депутат ЧОЛПОН СУЛТАНБЕКОВА вице-спикер болуп дайындалды.
  • ИИМдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна 10-июндан баштап «ШУМКАР» ЖАНА «БҮРКҮТ» ылдамдыкты көрсөтүүчү радарларын колдонууга тыюу салынды. Инспекторлор аталган 2 жабдууну колдонгон болсо, анда жарандар Жол кайгуул кызматына арызданса болот.
  • ЖКнын жыйынында КООМДУК ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН Байкоочу кеңешинин бир жылдык отчёту канааттандырарлык деп табылды. КТРКны өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу чараларын көзөмөлдөө Байкоочу кеңешке тапшырылды.
  • Курманбек Бакиевдин иниси АКМАТ БАКИЕВ 5 жылга күчөтүлгөн режимде сыртынан соттолду. Ал 2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган жана ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен.
  • Баткен облусундагы Самаркандек айылында документтерин текшерип жаткан чек арачыны тажик жаранына тиешелүү унаа менен СҮЗҮП КЕТКЕН. Эки тараптуу жумушчу топ окуяны иликтөөдө КРнын Чек ара кызматы экинчи тарапка тажикстандык жаранды жоопкерчиликке тартууну суранган.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
PROS
2013-06-18 08:49:48
Аял киши коп жерде алсыздык кылып коёт!
0
belosnejka1
2013-06-19 10:29:35
PROS, хммм балким. Бирок биздин айымдар кыйын болот.
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан