12-июнда Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков мекенине келди. УКМК билдиргендей, президенттин атайын тапшырмасы менен ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу тобу 28-майда Конушбековду бошотуу үчүн «Талибан» кыймылынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн биринде жолуккан. Талибдер эч кандай акча талап кылбай, Конушбековду бошотууга макул болушкан.
Боштондукка чыккан Нургазы Конушбеков президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге жана башкаларга ыраазычылыгын айтты. «Кыргызстандын президентине жана өкмөт жетекчисине, УКМКнын кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми террорчуларга карата эч кандай нааразычылыгым жок. Ал жерде 48 күндөй болдум. Эл жеген тамактан жеп жаттым»,- деди Конушбеков.
Маалыматтарга караганда, учкучту талибдер мусулман болгондугу үчүн азат кылышкан. Туткундагы 7 түрк жараны да буга чейин коё берилген. Учурда алардын колунда орус улутундагы жана ооган учкучтары калды. 47 жаштагы учкуч менен кошо 9 чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талибдер барымтага алышкан.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg