Армандуу чыгармаларды келиштире аткарган Сапар Эркебаев «Алтыным эле, алтыным» деп акыркы ырын бекеринен ырдап чыкпаптыр. Азыр ырчы мырзанын башы эле эмес, жүрөгү да бошобой, дүкү-дүк болуп жаткан чагы. Мунун себеби оюнун баарын 21 жаштагы Айгерим аттуу жалал-абаддык кыз ээлеп алганында экен. «Сүйлөшкөнүбүзгө 1 жыл болду. Жалал-Абадга концерт коюп барганда кол тамга сурап келген жаш кызды бир көрүп жактырып, номеримди берген болчумун. Ошентип чалышып-табышып кеттик. Досторумдун баарына аны «алтын кыз» деп мактай берип, жаман да көрүнүп бүттүм окшойт. Учурда үй салууга камынып жатам, буюрса, үйүмдү бүтүп эле ак жоолугун салып апакемди келиндүү кылайын деп жатам. Ага чейин алтын кызга алтын сөйкө салып турам го»,- дейт ырчы.