Алып баруучу Али Токтакунов 3 жылдан бери кол кармашып жүргөн Самара Сагынбаева аттуу ди-джей кыз менен тойду болжоп, даярдыктын үстүндө жүрөт. «Самара экөөбүз ортодо сүйлөшпөй калган учурлар да болду. Бирок жолубуз бир экен, буюрса, турмуштун ысык-суугун бирге татууга аттаналы деп турабыз. Алгачкы жолу Самараны сүрөтүнөн көрүп көңүлүм түшкөн. Көп өтпөй өзү биздин редакцияга келип калды. Анан ага жагынуунун миң түркүн амалдарын кылып отуруп сүйдүрдүм окшойт»,- дейт алпаруучу.