Төкмө акын Сапарбек Зулпуев тасма тартканын кабарлады. «Чыгармачыл жашоого аралашкан соң бир эле багытты көздөп кетүү болбойт. Колдон келишинче жаңы ачылыштарды жасап туруу чыгармачыл адамдын шыгына шык кошот. Андыктан өзүмдү тасма жаатында сынап, «Эне» аттуу толук метраждуу фильмге режиссёрлук кылдым. Тасма бир аялдын кейиштүү турмушу тууралуу болмокчу. Азырынча түштүктө көрсөтүлүп жатат, буюрса, борборго да койсокпу деген оюбуз бар»,- дейт төкмө акын.