Кыргыздардын Андрей Малаховуна айланып бара жаткан Мирзат Мукановду «Өзгөчө пикир» («Особое мнение») ток-шоусунан көрүп жүрчүбүз. Мирзат журналисттикти тандаган соң бардык тарабын багынтайын деп жаңылыктар түрмөгүн дагы алпарууга өтүптүр. «Канымда бар нерсени толук күчкө салып иштетүүнү туура көрдүм. Чү дегенде эле карьерамды дикторлуктан баштаганга жаңылык окуган анча кыйын болгон жок, кыскасы, кызыгуу менен иштеп жатам»,- дейт ал.