Чет элдиктерге талантын тартуулоо үчүн даярданып тургандардын катарын Гүлзада Рыскулова да толуктайт. Бул жолу Алтайга туристтик фестивалга аттанууда. «Катышуучулар 5-июлда Алтай өрөөнүнө чогулуп, андан ары тоо койнунда орнотулган сахнага 2 күн жол жүрөт экенбиз. Буюрса, эч кандай аспапсыз ырдай алган, табиятка тамшанган, чыныгы таланттуулардын фестивалы болот»,- дейт бул тууралуу Гүлзада. Жакында эле ырчы айым жергиликтүү телеканалга конокко таң атпай барганын жана кызматкерлери көпкө күттүрүп, орой мамиле жасашканын интернет баракчасына жазып чыкты эле. Алтайлык туугандар ырчы айымды минтип таарынтпастыр.