Өзгөн жергесинен чыккан «Аян» тобу туурасында жазганыбыз бар. Топтун курамын Жумали, Санжар аттуу жигиттер жана Каныкей аттуу кыз түзчү. Санжар жүрөк оорусунан каза тапкан. Ошондон улам топто жаңы курам түзүлүүдө. Ал эми Жумали өзүн кинорежиссёрлук жаатта сынап көрүүдө. Дегенибиз, «Ошфильм» киностудиясы тарткан «Багынбас махабат» аттуу тасманын сценарийин жазып, режиссёрлук кылды.