– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо»? Мен жакында эле «Фарида Карбосова 5-курстун студенти менен жүрөт экен» деп уктум. Ал бала өзү аксылык экен, жадакалса экөө жакында баш кошолу деп жатышыптыр. Силердин гезитиңерден Фариданын «жакында турмушка чыгам» дегенин окудум эле. Чын эле ал өзүнөн 9 жаш кичүү мырзага турмушка чыгат бекен, ошону билип бергилечи.
Фарида Карбосова:«АЛ ЖАШ БАЛА ДА...»
– Туура, өзүмдөн кичүү, чыгармачылыгымды сыйлаган иним бар. «Мага турмушка чык» дегени да чын, бирок ал жаш бала да. Катуу кагып койгом, «андай нерсени ойлобо дагы» деп. Мен акылдуу айым катары мындай нерселерге жол бере албайм. Аны иним катары көрөм, турмушка чыгайын деген оюм жок.