Бишкек шаарынын тургундары жолдорду оңдоп, ага өзүнүн же жакындарынын ысымын ыйгарса болот. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Союзбек Салиев билдирди. «Бишкектин каалаган жашоочусу жолдорду оңдоп-түзөп, ага өз ысымын берүүгө болот. Бирок ал жолдор талапка жооп бергидей болуш керек»,- деди Салиев. Анын айтымында, оңдоодон кийин аны көзөмөлдөө шаардык тиешелүү органга берилет. Мындай ыкма менен тургундар шаардын инфраструктурасынын оңолушуна салым кошо алышат.
Ал эми калаа башчысы 2012-жылдагы аткарган иши боюнча 25-июнда шаардык депутаттарга отчёт берет. «Отчётту кабыл алууда биз сөзсүз түрдө шаар тургундарынын жана коомчулуктун пикирин эске алабыз»,- дейт шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов. Бул жыйындан кийин шаардык эл өкүлдөрү эс алууга тарап, 1-сентябрда ишин улантышат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg