АЙЫМДАРДАН КЕП-КЕҢЕШ

Айжамал Кабылова:«КЕЛИҢИЗ, КИМПАБ ЖАСАЙБЫЗ»

Кимпаб (корей сушиси) жасоо үчүн төмөнкү азыктар керектелет:
Деңиз өсүмдүгү болгон ким жалбырактары (пресстелген) – 4-5 даана
Күрүч – 500 грамм
Туздалган сельд балыгы – 200 грамм
Бадыраң – орточо 2-3 даана
Помидор – орточо 1 даана
Соя соусу Азыктардан тышкары бамбук супарасы керектелет.

Замира Молдошева:«ЖАКШЫ КҮТҮЛГӨН ЧАЧ АР ДАЙЫМ МОДАДА»
– Аялзаты кийим тандоодон же макияж коёрдон мурун өзүнүн тибин туура аныктап алуусу зарыл. Андан кийин ошого ылайык айрым эрежелерди сактоо менен жарашыктуу түстү тандаса болот.

КАЙСЫ ТИПКЕ КИРЕСИЗ?
Аялзатын 4 типке бөлүп карайбыз. Алар:
Кыш – чачынын табигый өңү кара
Жаз – чачынын өңү күрөң, ачык күрөң
Жай – ак же сары түстөгү чачтын ээси
Күз – кызгылт, күрөң кызгылт, сары кызгылт

ЖАРАШЫКТУУ ТҮС ТАНДАҢЫЗ
Типти аныктап алган соң ага карата көз боёктун, кийимдин түсүн туура тандоого мүмкүн.
Кыш – кара, ак, күлгүн, сыя, кочкул жашыл, кочкул көк, кызыл
Жаз – ачык жашыл, сары, күрөң
Жай – кара, ак, күлгүн, сыя, ачык көк, жашыл, кызыл
Күз – кызыл өң аралашкан түстөр, кызгылт сары, кызыл, ачык кызыл

БЫЙЫЛКЫ МОДА
Кийим
Белгилүү «Луи Витон» мода үйүнүн версиясы боюнча 2013-жылдын тренди деп чакмак сызыктуу кийимдер эсептелүүдө. Жогоруда сөз кылынган типтерди эске алып кызыл-ак, кара-ак, кызыл-сары, жашыл-кара же ушул сыяктуу сизге ылайык түстөрдүн айкалышын тандасаңыз, модалуу кийиндим деп эсептей бериңиз.

ЭНДИК (РУМЯНА)
Эндикти тандоодо бир эрежеге көңүл буруу керек. Айымдар азиялык жана европалык деп экиге бөлүнүп каралат. Европалыктардын бети ичке келгендиктен, аларга бетти чоңураак көрсөтүү үчүн күлгүн, кызгылт түстөр колдонулат. Ал эми биздин кыргыз бийкечтерине, тескерисинче, бетти ичке кылып көрсөтүү үчүн күрөң, ачык күрөң түстөгү эндик сунушталат. Эндикти беттин формасын гана жакшыртуу максатында эмес, беттеги чарчоонун издерин жашырып, сергек көрсөтүү үчүн да колдонууга болот.

ЧАЧ
Мезгилге баш ийбеген, ар дайым модалуу деп эсептелип келген чач жасалгасы – жакшы күтүлгөн, жалтырак жана жандуу узун чач. Андан тышкары бир канча жылдан бери модадан түшпөй келе жаткан креативдүү каре. Тактап айтканда, алды артынан узунураак же бир капталы экинчисинен кыска жана ушул сыяктуу өзгөчө кыркылган чачтар быйыл да актуалдуу.

Неля:«БАЛЫКТЫН ЖЫТЫН КЕТИРСЕ БОЛОТ»

  • Манна боткосун жасап жатканда бөлтөктөр болбош үчүн сүт кайнай элек кезде маннаны салып аралаштыруу керек.
  • Нан оңой жана сулуу кесилиши үчүн аны кесе турган бычакты алгач кайнак сууда бир аз кармоо кажет.
  • Тоок этин электр мешине салып жатканда тооктун үстүн бир сыйра коюу каймак менен сүртүү керек. Ошондо эттин сырты кызыл жана кытырак болот.
  • Жыттанып кеткен балык туш келип калса, аны алгач уксус кошулган сууга салып 1 саат кармаңыз. Ал үчүн 2 аш кашык уксусту 1 литр сууга кошуу керек. Бул балыкты жагымсыз жыттан арылтат. Эми адаттагыдай эле кууруп же бышыра берүүгө болот.
  • Балыкты туурап жатканда тактайга же идишке балыктын жыты сиңип калары маалым. Бул жытты кетириш үчүн лимондун ширесин же уксус кошулган сууну колдонууга болот.

Нурзат Токтосунова:«КҮРҮЧ КҮЙҮП КЕТСЕ КЕЙИБЕҢИЗ»

  • Томат муздаткычта туруп деле көгөрүп кетет. Көгөрүп кетпеш үчүн томатты ачканда эле үстүнө бир аз туз сээп, 2-3 аш кашык өсүмдүк майын куюп коюу керек.
  • Айнек идиштерди жууй турган сууга туз кошуп алсаңыз, идиштер өзгөчө жалтырап чыга келет.
  • Жумуртканын кабыгын 3-4 күн сууга чылап, анан ошол суу менен бөлмө гүлдөрүн сугарсаңыз, гүлдөрүңүздү азыктандырган болосуз.
  • Күрүч түбүнө тартып күйүп кетсе, идиштеги бардык күрүч жагымсыз даамданып калат. Бул учурда күрүчтүн үстүнө бир кесим нанды 10-15 мүнөткө салып койсоңуз күйүк даамдан арылтат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айымдардан кеп - кеңеш
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
rozka
2013-06-17 13:26:34
Турмушта эн керектуу нерселер . Рахмат кенешинерге
+1
sonka89.
2013-06-17 15:15:52
Нурзатка жолук абдан жарашыптыр.
+2
zarima_1988
2013-06-17 19:07:33
айжамал эже аябай жагат жана сонун ырларды ырдайт ийгилик сизге!
+1
begish_92
2013-06-17 23:26:21
жакшы кенештер екен рахмат силерге
+1
saya4ka
2013-06-18 11:43:30
Нурзат эже чынында мыкты кожейке окшойт. Тарсылдап суйлогону да орду менен. Кайсы бактылуунун жары болоор экен?.. Бактылуу болунуз!
0
nuranura
2013-06-18 14:54:51
Деңиз өсүмдүгү болгон ким жалбырактары (пресстелген) кандай биринчи угушум.
0
diiazbek
2013-06-21 13:40:21
nuranura, kim degen koreada kytaida kop koldonulat bizde jok ese kimpap koreilerdin nany desek dele bolot ex kimpapty jegim kelip keti
0
aigulkg
2013-06-18 20:12:21
Айжамал Кабылова бар жогунан топ келген айымда.Нурзат Токтосуновада калышбайт,сиздерге ийгилик менин гозуларым.
+2
anuka
2013-06-19 10:44:05
рахмат абдан сонун кенештер
0
AFRODITA-89
2013-06-19 13:21:53
Пайдалуу кенеште экен размат сздерге. Баарыныздарга бактылуу турмуш каалайм. Бул жерде баары мага жаккан аялзаттары экен.
0
nurperishka05
2013-06-19 15:51:00
мен билбеген нерселер бар экен
0
bekishova
2013-06-20 00:16:50
Айжамал курчураак бычак алса болмок, сонун кесилмек.
0
ajxana
2013-06-21 18:49:07
Нурзат айым мага такыд жакпайт аябай куу го тим эле.
0
Ella_0321
2013-08-10 19:59:46
ajxana, акылдуу адамдын бир сапаты митямдык.
0
Samat.A.A
2013-06-22 23:48:00
Айжамал москвада сушиде иштейт окшойт)))
0
Ella_0321
2013-08-10 20:01:49
Азаматтар! Сонун кенештер экен.
0
Ayka1994
2015-03-10 17:14:28
Суперчилер видео токтоп токтоп уну катып катып чыгып ататго силерде да ошондойбу Супер инфо сизда эмнеге мындай болуп атканын айтынызчы же жакшы жуктолбогонбу билбейм катып-катып калтаат жооп берип койгулачы. Алдын ала рахмаат
0
admin_superstan
2015-03-10 17:21:30
Ayka1994, саламатсызбы!
Бул көйгөй тууралуу адистерге кабарлап койдук. Жакынкы арада оңдолот деген ойдобуз.
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан