АРДАГЕРЛЕРДИН АРАЗДАШУУСУ

Талас шаарында аксакалдар кеңеши эки ажырымга бөлүнүп жаткан убагы. «Уруштун башы – көр жеме» демекчи, чыр эмнеден келип чыкканын иликтеп көрөлү дедик.

«АКСАКАЛДАРДЫН ПЕЙИЛИ ОҢОЛСО, БААРЫ ОҢОЛОТ»
Талас шаарындагы облустук администрациянын жыйындар залында 3-июнь күнү аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 30дай аксакал катышышты. Ага ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев жана өкмөттүн облустагы өкүлүнүн экинчи орун басары Рыскелди Ботиков келип катышты.
Аксакалдардын нааразычылыгын күчөткөн 24-майда Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин залында өткөн конференция болгон. Анда милиция кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын ардагерлери, Баткен, Чернобыль жана Ооган окуяларынын катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары ошондой эле тылда эмгектенген ардагерлер катышкан. Жыйында ардагерлердин коомдук бирикмеси түзүлүп, ага учурдагы Талас облусу боюнча коррупцияга каршы күрөшүү кабылдамасынын жетекчиси Жолойбек Мадиевди эч кимге кабарлабай туруп төрага кылып шайлап алышкан. Ал эми Жолойбек Мадиевдин айтуусунда, ардагерлердин көйгөйлүү маселелеринин чечилбей келгендигинен, мурунку жетекчи Мүнүр Мамбеталиев ардагерлердин таламын талашып иш алып барбаганынан улам нааразычылык чыгып, өздөрүнчө коомдук бирикме түзүшкөн. Ардагерлер кеңешинин төрагасы МҮНҮР МАМБЕТАЛИЕВ буларды билдирди:
– Май айында Бишкектен ардагерлер кеңешинин атайын өкүлү Бекжан Мырзаканов келип, аны менен айрым ардагерлер жолугуп, ошонун негизинде 24-майда конференция өткөрүштү. Мына ушул Талас облустук ардагерлер кеңешин бөлүп-жарган конференция болду деп айтар элем. Анткени буга бизди чакырышкан жок. Ал эле эмес, анда менин аброюма шек келтирген сөздөр айтылды. Бул үчүн согуштун ардагери Владимир Некрытовду сотко берем. Ал эми Бекжан Мырзакановду элди бөлүп-жарганы үчүн сотко берем. Дагы бир айта кетчү нерсе, бул жыйын жашыруун өттү, анткени жыйын өтүп жаткан залга эч кимди киргизген да, чыгарышкан да жок. Милиция кызматкерлерин эшиктин алдына коюшкан. Ошондой эле жергиликтүү бийлик да билбейт экен. Ошондуктан биз аталган жыйынды мыйзамсыз деп табуу маселесин козгоп жатабыз.

Ал эми өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлүнүн 2-орун басары РЫСКЕЛДИ БОТИКОВ өз оюн төмөнкүчө билдирди:
– Чындыгында, облуста болуп жаткан окуяны биз билишибиз керек эле. Биз баары өтүп кеткенден кийин облустук телекомпания даярдаган видеосюжет аркылуу көрүп калдык. Ал жерде ардагерлер кеңешин кайра түзүү боюнча маселе көтөрүлүптүр. Коомдук уюм түзүүгө ар бир адамдын укугу бар. 3 адам биригип, мыйзам чегинде өздөрүнүн уставын бекитип, уюм түзсө болот. Бул да ошондой багытта түзүлсө каршылык жок болчу. Мен дайым айтып келем, коомдо качан аксакалдардын пейили оңолгондо, коом оңолот деп. Ал эми бул маселе Талас облусунда резонанс жаратты.

«ЧОҢДОР ЖАРМАНКЕГЕ КЕТИШИПТИР»
Чырдын экинчи тарабы болгон ЖОЛОЙБЕК МАДИЕВДИ кепке тарттык:

– Айтсаңыз, төраганы алмаштыруу демилгеси кайдан пайда болду?
– Укук коргоо органдарынын ардагерлери Мүнүр Мамбеталиевге өздөрүнүн бир топ маселелери менен бир нече жолу кайрылышкан. Бирок көйгөйлүү маселелер чечилбей келиптир. Ошонун натыйжасында ушундай коомдук бирикме түзүлдү. Бишкектен атайын өкүл – Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Бекжан Мырзаканов келген. Ал Ооган, Баткен, Чернобыль окуяларынын ардагерлери менен жолугуп, анда куралдуу күч органдарынын, укук коргоо органдарынын ардагерлери «өзүбүзчө конференция өткөзөбүз, өзүбүзчө уюм түзөбүз» деген сунуштарын айтышыптыр. Бирок мен анда жок элем.
Кийин конференция өткөрүштү да, коомдук бирикме түзүлүп, мени төрага кылып шайлап коюшту. Бул согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылда эмгектенген ардагерлер коомдук бирикмеси деп аталат. Анын максаты – ардагерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү. Мисалы, жеңилдиктерди карап чыгуу сунушун киргизүү, пенсияларын көтөрүү сыяктуу маселелер.

– Уюштуруучулар кимдер болду?
– Уюштуруу демилгеси ардагерлердин лидерлеринен чыкты. Анткени согуштун катышуучуларын Мүнүр Мамбеталиев кабыл албай койгон.

– Бул жыйынды мыйзамсыз өттү деп жатышат, буга сиздин оюңуз?
– «Жыйын жашыруун жана мыйзамсыз өттү» дегенге мен кошулбайм. Кадимкидей эле гимн ырдалды, тууну көтөрүп киришти. Аскерлер артыбызда турду. Ошол күнү шаардын мэри, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын 1-орун басары Бишкекте өткөн жарманкеге кетишкен экен. Ал эми Мүнүр аксакал болсо ооруканада деген маалымат алдым. Ошондуктан катыша албай калышты. 3-июндагы өткөн жыйынга чакырып келишиптир, бирок мен ордумда жок элем. Ордумда болгон күндө деле алардын тизмесинде эмесмин, ошондуктан барып катышканга эч кандай акым жок.

Учурда бул маселе чечиле элек. Мүнүр Мамбеталиев болсо «жыйын мыйзамсыз өттү» деп сотко кайрылып жатса, Жолойбек Мадиев өз ишин мындан ары да улантууга белсенип турат. Аксакалдар акыл калчап, ынтымакка келип, маселени жакшы жакка чечип алышат деген ойдобуз.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Wave.
2013-06-17 12:03:24
Баарына баш коз болчу аксакалдарыбыз калды эле эми интрига оюнун баштабаган.
Азыртадан чырды басып, жонго салбаса Таластын эли эле эмес, баарыбыз уят болобуз. Жаштар кандай акыл, насаат алат мындай кишилерден?
0
ХАНЗАДА
2013-06-17 15:07:39
Баарынан аксакалдар айныбасын да. бул жерде деле карап турсан, баягы кресло учун курош экен, тобо.
0
Kg.lady
2013-06-17 17:26:04
Кудай урган турбайбы так талашып,булда болсо мода!!!
0
SHATY
2013-06-18 19:34:13
Карыядан жаш сурабай акыл сура деген соз бар эле. Азыркы чалдардан эмне акыл сурайсын?
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан