10-июнь күнү Кыргызстандын чек арасына төгүлгөн тажик жарандарынын 50 КамАЗ топурагын алдыруу талабы менен Баткен районундагы Паскы-Арык айылынын 30-40тай кыргыз жараны топтолду. Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөндө, алар топуракты алып чыгып кетүүгө каражаттары жок экенин билдиришкен. Натыйжада кыргыз жарандары топуракты өздөрү унаа менен Кыргызстандын аймагынан ташып башташкан.
Андан кийин көп өтпөй эле Чарку айылында 300дөй тажик жараны колдоруна кетмен-таяктарын көтөрүп чыгышкан. Ошол эле учурда 300дөй кыргыз жараны да чогулган. Топтолгон кыргыз жана тажик жарандары жолдун эки тарабына туруп алышып, алардын ортосунан жаңжал чыгып кетүү коркунучу пайда болгон. Бирок эки элдин тең укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, натыйжада эки тарап келишимге келишти. Тажик жарандары Кыргызстандын чек арасына кирбөөгө сөз беришти.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg