СПОРТЗАЛ КУРУУ ҮЧҮН 280 МИҢ СОМ АКЧА БӨЛҮНДҮ

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Тажикстан менен чектеш Көк-Таш чек ара айылына спортзал курууга өзүнүн резервдик фондунан 280 миң сом бөлдү. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылында 700гө жакын түтүн же 3500 адам жашайт.
Мындан 2 жыл мурда чет өл­көлүк гранттын жардамы менен тур­гузулган мектептин алдындагы спортзалдын курулушу башталып, бүт­пөй калган. Токтогон курулушту аягына чыгаруу боюнча облус башчысы Жеңиш Разаковдун демилгесин колдоп Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков 50 миң сом, Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков 12 миң, УМККнын башчысы Талант Салиев 12 миң сом акчалай жардам көргөзүштү.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bzkgn
2013-06-18 19:41:54
Ал акчага кандай спортзал салат экен эми?! Чонураак бир кухня аран саласын го ал акчага
+1
tynara81
2013-06-19 10:44:12
bzkgn, мен да ошону айтайын дегем.
0
eldiyarmacho
2013-06-20 15:45:59
bzkgn, butpoy kalgan sport zal dem jatatko owonu ayagyna jetkiretda
0
admin_superstan
2013-06-20 10:48:19
kg.nurik, провокацияга жол берилбейт.
3 күн БАН!
0
Djon
2013-06-20 14:54:35
жеп жок боло турган акча экен.
0
beka88
2013-06-21 08:56:37
хехе
0
kn0109
2013-06-23 10:32:38
калганын элден чогултуп анан жеп койушат
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан