МЕН СЕНИ КҮТӨМ!

Соттун өкүмүн уккан залдагылар бир толкуп алышты. Солкулдаган жигиттин жаштыгын аяштыбы же улам эсинен танып жаткан апасына боору ачыштыбы, айтор, эл уу-дуу боло түшүп тынчыды. Ал эми темир тордун артында турган жигит көзү менен бир гана адамды издей берди. Акыры тапты. Аны көпкө чейин телмире тиктеди да, терс бурулду.

Эртең менен уйкудан ойгонгон Мырза саатты карап алып, ордунан ыргып турду. Апасы даярдап кеткен тамакты шашып-бушуп ичип, калтырган акчаны чөнтөгүнө салып сабагына жөнөдү. Университетке жетейин деп калганда артынан кыйкырган үнгө кылчая калып, жоон топ балдардын коштоосунда келе жаткан Бекти көрдү. Аны көрүп чекесин тырыштырып алды. Анткени бул экөөнүн башынан жылдызы келишчү эмес. Атасы белгилүү фирманы жетектегендиктен, Бектин жан-жөкөрлөрү анын айтканын айткандай аткарышчу. Анын буйругуна моюн толгоп, көрсөткөн жагына баспаган жалгыз гана Мырза эле.
– Кайда шашып баратасың?
– Лекцияга...
– Сабак качпайт. А көрө бери келсең, сүйлөшөлү...
– Сени менен сүйлөшкүм келбейт. Деги эле менден алыс жүрсөң,- деп Мырза жөнөй берди.
Ызырына тике караган Мырзанын үрөйүнөн чочуладыбы, коё берди. Экөөнүн ортосундагы келишпестиктин тамыры тереңде эле. Курсташы Мунира менен Мырзанын мамилеси баарына дайын болсо да, кийинки кездерде Бек жабышып калды. Мунира менен Мырза тээ мектептеги кездеринен бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал эми Бек көзү түшкөн кызды коё берчү эмес. Айлана жымжырт. Мырзанын ийинине башын жөлөп отурган Мунира суроо узатты:
– Эмнени ойлонуп жатасың?
– Окуумду бүтүп, аспирантурага тапшырсамбы деп жүрөм. Анан апамды, сени, кор кылбай багып...
– Дагы окуйсуңбу?
– Ооба, окушум керек.
Маанайы түшкөн Мунира ойлуу отуруп калды. Кулагына апасынын үнү жаңырды. «Сен ошол бир бөлмөлүү үйгө келин болуп барсаң жыргайт экенсиң. Китепканачы кайненең, кедей күйөөң болуп... Сенин сулуулугуң менен жок эле дегенде...». «Ооба, Мырза канчалык кыйын болсо да, Бектей болуп мен каалаган байлыкты, жасалгалуу үйдү, алдыма машинаны даяр кыла албайт эмеспи. Демек, мунун жолу башка. Эмитен кеч боло электе...».
Ушинтип ойлогон кыз Мырзаны көпкө карап турду да, үстүнө жамынган пиджагын чечип колуна карматты.
– Мунира, сен кайда?
Ушул окуядан кийин Мунира Мырзадан алыстай берди. Мунун себеби Бектин кымбат баалуу белек­тери эле. Менменсинген сулууну азгырган байлык экенин көңүлүнүн түпкүрүндө
сезсе да, Мырза үмүт үзө алган жок. Туулган күнүнө бара турган болду. Кафенин ичи күрүгүү. Ырдап-бийлеген жаштардын арасында өзгөчө жасанган Мунира жадырай күлүп, өзүн кеченин ханышасы сезип жатты. Бир кезде «Көңүл бургула, азыр силер күтпөгөн шоу болот. Кана, баарыңар сыртка чыккыла» деп чепилдеген Кубат аттуу жигиттин үнү угулду.
Мына сага, кафенин алдында жалтыраган машинанын жанында Бек турган экен. Менменсине жылмайган ал Мунирага жакын келди да, колундагы ачкычты сунду.
– Туулган күнүң менен!
– Койчу?! Бул магабы?
Мунира Бектин мойнуна асыла калды. Ушул учурда топтун арасында өзүн өрттөнө карап турган жигиттин бар экенин сезбеди. Калтырай колундагы жупуну белегин мыжый кармаган Мырза Мунираны телмире тиктеп туруп терс бурулду.
– Мырза!
Артынан кыйкырган досторунун үнүн да уккан жок.

Ххх

Ошол каргашалуу туулган күн­дөн кийин Мырзанын жашоосу түп- тамырынан бери өзгөрдү. Апасынын ыйлаганына карабай окуусун таштап салды. Алгач чакан кеңсеге күзөтчү болуп орношкон. Бою узун, карылуу жигитти көргөндө эле жактырышкан. Ошол жерден «Гранат» деп аталган криминалдык топтун жигиттери менен таанышып калды. Мырза мурун спорттун бокс түрү менен алектенчү. Андыктан анын кара күчүнө кызыккандар ээрчитип өз тобуна кошуп алышты.
Акчанын сормо сазына күндөн-күнгө батып баратты. Алардын темирдей бекем мыйзамын, карышкырдай жулунган жашоо образын, керек жерден өлүмгө башты байлап койгон кашкөйлүгүн үйрөндү. Жан дүйнөсү адилетсиздикке, зомбулукка каршы жигит мындай абалга көп чыдай албады. «Мындан ары чыдай албайм. Кетишим керек. Бирок кайда? Башка шаарга жер которуп кетсем, кутула алаттырмын?» Көптөн бери Мырзанын көкүрөгүн ушул суроо кемирип келет. Мунираны бир көрүп, анан кете берсе арманы жок эле. Акыры тапты. Жолугууга убадалашкан жерге бир саат мурун барып алган экен. Тээ көптөн кийин гана тааныш караан көрүндү. Жай басып келе жаткан Мунираны утурлай чыкты.
– Кандайсың? Мен сени келбейт го дедим эле.
– А мен келдим,- деди Мунира кө­зүнө тике карап. Жүдөп калган экен. Баягы керилген, келбеттүү кыз жок. Көпкө чейин басып кете бе­ришти.
– Үйлөндүңбү? Эки жыл болду жолукпаганыбызга...
– Жок, кыз издегенге убактым болбоду. Өзүң кандай?
– Уккандырсың, Бек менен бир жылдай гана чогуу жашадык. Анан жаман адатын баштады. Ичип, уруп, көрбөгөн кордукту көргөзгөнүнөн апамдын үйүнө кете бергем. Ошол боюнча... Мырза, мени кечир, баарына мен күнөөлүүмүн. Сенин да, өзүмдүн да тагдырымды талкаладым. Мен сени гана сүйчү экем. Кеч түшүндүм.
– Байлык керек беле сага?
– Бул табалаганыңбы?
– Сени эмнеге табалайын? Сени унута албадым, Мунира. Унутуу үчүн канча аракет кылдым? Көксөөм сууйбу деп эмнени гана кылган жокмун? Зөөкүрлүк кылдым. Колум канга булганды. Сен каалагандай акчалуу да болдум. Жүрөгүм ооруп жүрөт, Мунира. Өз жолумдан адашып калгандаймын.
Шуу үшкүргөн Мырза чакан спорттук сумкасынын оозун сыдыра берди. Долларлар... Көргөн көзүнө ишенбей турган Мунирага карап салмактуу сүйлөдү:
– Эми жакшылап ук. Бул акчалар менен бутуңа туруп, жакшы жашап кете аласың. Мен болсо алыс жакка кетип жатам. Кайра кайрылып келе аламбы, билбейм. Анткени артымдан милиция да, башка адамдар да... Ушул учурда Мырзанын кыраакы көзү өзүнө карай келе жаткан милиция кызматкерлерин көрдү. Кимдир бирөө изине салып койгонун сезди. Эми качса да кутула албай калганын туйду. Мунирага шаша ээк какты:
– Кет эми.
– Сенчи?
– Убакыт тар, кет деп жатам.
Милиция кызматкерлери топурап келип калышты. Мырзанын колдору кишенделди. Ал бир кезде артына кылчая берди. Бирок Муниранын караанын көрө алган жок.
Темир тордун артында турган Мырзанын көз алдынан ушулар чууруп өттү. Анын кулагына соттун өкүмү, өзү эмнеге күнөөлөнүп жатканы да угулган жок. Ойлоп көрсө аз убакыттын
ичинде көп нерселерди кылган экен. Эми жазасын алуусу керек. Бирок...
«7 жыл... Күтүүгө дарманым жетеби? Жок, бул жолу Мырза эмес, мен жазаландым. Абийирим, ак сүйүүм жазалады». Ушинтип ойлогон Мунира дирилдеп турду. Анан конвойлордун жетегинде бараткан Мырзага боюн таштап буркурап жиберди.
– Мырза, канча убакыт болсо да сени күтөм. Өмүрүмдүн аягына чейин күтөм...- деди жаш аралаш шыбырай.
Мырза күлүм­сүрөп жиберди. Көптөн бери чын дилинен күлгөнү ушул. Акыркы мүнөттө гана ушул сөздү өмүр бою күткөнүн сезди.

Нуржамал Жийдебаева
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
omurbek9393
2013-06-19 10:18:10
уландысы барбы???
0
belosnejka1
2013-06-19 11:00:59
Суйуунун кучу менен байлыкка жетти бирок жакшы жол менен болгондо аттин...
+1
ernis_07
2013-06-19 16:03:31
Жигит кантип ошондой болсун бир кыз учун АЛЛАХ каалабаган нерсе болбойт да
+1
Shekerbek
2013-06-20 14:04:16
кыздардын копчулугу ушундай деп ойлойм! менин да баштан откон
+2
isiasem
2013-06-20 14:23:47
уДаа ушундай жашоо экен да бир кем дуйно.Апасына жалко.
0
almaz_kg82
2013-06-22 15:54:04
Алда байкуш энесине бербейби ошо долларды.Мурун акчасы жогунда суйбогон азыр суйобу
+1
borodach
2013-06-22 19:45:44
kino kylyp tartsa jakwy kino bolot eken
0
Gundula
2013-06-23 10:03:31
Акча акча адам барыбир тойбойт туура
+1
altysha.kg
2013-06-23 15:43:10
кудай сактааа!
+1
lenka
2013-06-23 20:01:51
суйуу деген озу эмне
+1
admin_superstan
2013-06-24 12:46:15
Bishkekchanin, биринчиден, башка гезиттерди жарнама кылууга тыюу салынан.
Экинчиден, гезиттин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
5 күн БАН!
0
ZANIA-92
2013-06-24 21:28:48
Мырза Минуранын айынан ушул ишке барган турбайбы...
0
Revniva9-91
2013-07-06 21:59:19
Азыркы заманда кыздар эмес балдар байлыкты карап калбадыбы
+1
ema_cool_boy
2013-07-21 11:18:54
Байлык,бийлик менимче иллюзия,озундун фантазияндагы коп нерселерди кылам дейсин бирок,ички дуйнон кем болот,байлык деп журуп коп нерседен ажырайсын.
+1
Nuri1988Elim2010
2018-05-20 20:50:25
Байлык бийлик бир тыйын,Бакыт табуу эн кыйын!!!
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан