10-июнда Жогорку Кеңеште Нарын дарыясынын «Кумтөр» ишканасынан агып чыккан зыяндуу заттардан улам уулануусу көйгөйлүү маселе катары белгиленди. Өкмөттө жана ЖКнын талкууларында бул маселе каралышын жана Нарын облусуна илимий лаборатория куруп берүүнү сунуштаган химия илимдеринин кандидаты, доцент, НМУнун окутуучусу ИЙМАНЖАПАР ТУРДАЛИЕВ буларды маалымдады:
– Биздин кафедранын алкагында ар тармактагы адистер эмгектенишет. Алардын арасында кардиолог-терапевттер да бар. Алардын айтымында, акыркы жылдары Нарында рак, жүрөк, кан тамыр жана башка оорулардан жабыркагандар көбөйдү.
Биз 2 жолу Нарын дарыясынан суу алып, лабораториялык текшерүүдөн өткөрдүк. Анда суунун курамында цианиддин көрсөткүчү бир канча пайыз бар экен. Мындан бир аз көбөйсө, сууну талаачылыкта жана ичүүгө колдонууга мүмкүн эмес.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg