Күлүйпа Сатарова, уз:«ООР СЫНООГО ЧЫДАБАЙ КЕТКЕНДЕ ЫР ЧЫГАРАМ»

Эмгекчил адамдар кандай заман болсо да алдыда. Алар айыл арасынан тынч тиричилигин кылып жаткан карапайым адамдар. Каарманыбыз Күлүйпа Сатарова учурда 52 жашта. 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой эне. Жалгыз кызын башкалардан кем кылбай, төрөлгөндөн тарта өзү тарбиялап жатканын айтып кеп баштады.
– Бала кезден ооруйм. Өзүм 12 бир туугандын улуусумун. Учурда баары үй-жайлуу болуп, борбордо турушат. Ата-энем Ат-Башынын Кара-Суусунда жашайт. Кызым менен Нарын шаарында бир бөлмөлүү батирде турам. 1997-жылы турмушка чыгып, бир кыздуу болгом.
Турмушта өйдө-ылдый болот экен, жолдошум экөөбүз тил табыша албай, кызым төрөлө электе эле эки айрылыш жолго түш­көнбүз. 1984-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болуп каттоого алынып, мамлекеттен пенсия ала баштагам. Ага карабай Нарында тигүү цехинде иштеп жүрдүм. Көп кабаттуу үйдө жашаган соң коммуналдык төлөм, кызымдын окуусуна, кийимине, күнүмдүк тамак-ашыбызга эле оңор эмес акча кетет.
«Бир тоокко да жем керек» деп коёт эмеспи, азыркы жашоодо оорудум деп жатып алганда эч ким казаныңа аш салып бербейт да. Бир туугандарым жардам берип турушат, бирок мен алардын деле өз жашоосу бар экенин жакшы түшүнөм. Үйдү болсо 1989-жылы сатып алгам. Тигүү цехинде иштеп жүргөндө ошол жактан документ топтоп, менчикке чыгарып алганым ырас болуптур деп калам.

Күлүйпа эже таржымалын айтып отуруп, кол машинасы менен көздүн жоосун алган жер төшөктөрдүн көзчөлөрүн курап жатты. Келген максатым жакшынакай жер төшөктүн кандай жасаларынын сырларын билүү экенин айтып, көбүрөөк токтолуусун өтүндүм.

– Алгач кездеме тандайм. Сапаттуусун тандоо керек, анткени кардарлар ошону талап кылышат. Анан кызым экөөбүз ченеп, майдалап кесебиз. Ар бир курактын өзүнчө кыйынчылыгы бар. Көзчөлөрдү куроонун алдында эски, бышык чү­пү­рөк­төр­дү алдына төшөп, майда кездемелерди тигем. 1400 сомдук кездемеден эки жер төшөк чыгат. Ичин ичтеп, кебез салганга даярдап, кардарга тапшырам. Эптеп тигип, колуна салып берип койсоң, анда кардарды качырасың. Ар бир жер төшөктү 1300 сомдон өткөрөм. Ортодо мага түшкөн таза пайда 850-900 сомду түзөт.
Курактын бардык түрлөрүн билем. Алгач чакмак дептерге эскиз түшүрүп, ага өңдөрдү тандап, түстүү боёкторго боёо керек. Ар бир эмгектин азабы болот эмеспи, кездемелерди кесип, майдалаганда чаңы чыгып, ооз-мурунга толуп калат. Жөтөлүп, көз ачышып чыккан күндөр болгон. Өзүм оорукчан болсом, ден соолугума бир топ эле зыян келет, бирок айла жок. 6 ай сайын борборго барып, дарылануу курстарынан өтүп келип турушум керек. Тилекке каршы, каражаттын жоктугунан барбай калганыма көп жыл болду.
Кээде жууркан каптайм. Меники жалаң эле кол өнөрчүлүк. Тааныштарым жаңы кийим алышса, кыскартып же кичирейтип бериңиз деп алып келишет. Баса, жан дүйнөм ээнсиреп турганда чиймелеп бирин-экин ыр да жаза коём. Турмуштун ачуу азаптарына туруштук бере албай кеткенде аны да ырга салып калам. Кичинемде ырчы болууну каалачумун. Ата-энем жайлоого чыкчу. Мейкин талаага чыгып, койлорго «концерт коюп берчүмүн».

Айтмакчы, өнөрлүү эже биздин гезиттин күйөрманы экен. 2008-жылдан бери бир санын да калтырбай чогултуп келе жатканын айтты. Ыр жазган дептерин барактап отуруп биздин гезитке арнап жазган ырын таап алдым.

«Супердин» сулуу кыздары,
Көз уялтат нурлары.
Кайгыга батат жүрөгүм,
Окулбай калса бир саны.
Таанытып бардык дүйнөнү,
Көңүлдө дайым турасың.
Жүрөктө сырды айттырып,
Өзүңө мени бурасың...

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Begim8678
2013-06-17 10:28:09
Азаматсыз, эжеке! Кызыныздын жакшылыктарын коруп, аман-эсен журунуз. Колунузга береке!
0
Kg.lady
2013-06-17 17:18:21
сонунго курактары
0
spartak_fan
2013-06-18 20:49:13
Аман болунуз эжеке!Кызыныздын убайын корунуз!
0
laghin
2013-06-21 11:51:54
kop jashaniz
0
Jazgulina
2013-06-24 04:22:46
Апалар сиздер оорубасанар экен, коп жашагыла!!!
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан