Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 17 жаштагы Кубан өзүнүн оор турмушун айтып берди. Айрыкча апасы жөнүндө улутунуп көп айтты...
– Кичине кезимде ата-энем ажырашып кетишип, мен апамдын колунда калыптырмын. Кийин атам каза болуп калды деп уктум. Бирок мен ишенбейм. Бир күнү «сенин атаңмын» деп кимдир бирөө издеп келчүдөй күтө берем. Апам байкуш кыйын күндөрдү башынан кечирди. Эркелеткен эрмеги, караан тутуп таянары мен элем. Шаарда батирде апам экөөбүз жашачубуз. Мен билгени апам Караколдогу автобекетти шыпырып иштеди. Жайы-кышы дебей мени жанына ээрчитип алып көчө шыпырчу. Мен болсо чоң-чоң таштандыларды терип жардам берчүмүн. Апам бир күнү «сен эми мектептен окуйсуң, азыр айлык алып, сага базардан кийим сатып берем» деди. Эртеси күнү базарга барып, мага шым-костюм, аппак көйнөк, бутума туфли кийгизип, сумка алып ичине дептер, карандаш салып, аркама асынтып койду. Өзү да кубанып жүрөт. «Эми тамак ичебиз» деп бир кружка чай, ысык пирожки алып берди. Жаңы кийим кийгениме кубанып, анын үстүнө курсагым да ачып калган эле, тамактанып баштадым. Пирожкинин жарымын жеп бүтүп апамды карасам, эч нерсе жебестен мени сүйүнүп карап отуруптур. «Апа, өзүң жебейсиңби?» десем, «ачка болгон жокмун» деп койду. Көрсө, апам болгон акчасына мага тамак алып берген экен…
Эсимде, 1-класска апам жетелеп алып барган. Ар күнү мени мектепке жеткирип коюп, өзү жумушка кетчү. Сабактан чыксам, мектептин алдында күтүп турар эле. Бир жолу мен болгон жаңылыктарымды айтып, балмуздак жеп келе жаткам. Бир маалда апам мени карап, каткырып күлүп калды. Көрсө, бетиме балмуздак жабышып, мурутка окшоп калыптыр. Бетимден өпкүлөп, анан сүрөткө ошол бойдон түшкөнбүз. Апамдын ошондой күлкүсүн мына ошондо биринчи жана акыркы жолу көрдүм.
Ошентип иштеп жүрүп апам үй алды. Бирок мен мектептен 5-класска чейин эле окуп калдым. Мугалимдер «документтериң туура эмес экен» дегенинен апама айтсам, «тактап берем, кайра окуйсуң» деген эле. Ага жетпей жүрөгү ооруп, төшөккө жатып калып, көп өтпөй каза болду. «Бир үйдө кантип жалгыз жашайсың?» деп таежем мени өз үйүнө алып кетти. Бир күнү таежем апам экөөбүз жашаган үйгө барып, оокаттарды жыйнаштырып келгенин көрдүм. Көрсө, биздин үйдү сатып жибериптир.
Апамдын сүрөттөрү абдан көп болчу. Кийин алардын бирин да таппай калдым. Таежеме катуу таарынып, андан ары алар менен жашай албасымды билип, балдар үйүнө келдим. Жакында апамдын сүрөтүн таап алдым. Шаардык социалдык кызматкерлер чакырып, апамдын сүрөтүн беришти. Ошондон бери анын сүрөтүн күндүз чөнтөгүмдөн түшүрбөй, түнкүсүн жаздыгымдын алдына коюп уктайм. Менин ага арнап куран окушумду күтүп жатат го деп боолголоп куран окуганды үйрөнүүдөмүн.
Бош убактымда спорт менен машыгам. Келечекте күрөштүн чебери Данияр Көбөновдой болсом деп тилек кылам. Жакшы жумушта иштеп, акылдуу, сулуу аялга үйлөнөм. Бир кыз, бир уулга ата болуп, аларды мыкты тарбиялап, татыктуу бага алсам, арманым болбос эле. Өзүм жетим өсүп, ата-энесиз күндөрдү баштан кечирдим. Өз балдарымдын көз жашын агызбайм деп өзүмө-өзүм сөз берем!
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg