Малик Аликеев:«КОЗУГА ЭНЕ БОЛГОМ»

– Мындан көп жыл мурун Токтогул өрөөнүн кыдырып концерт берип жүргөм. Бир жолу жар менен суунун ортосунда камалып калган козуну таап алдык. Кичинекей, тыпырайган экен. «Муну эмне кылабыз?» деп баштаганда мен «өзүбүз менен кошо ала кетебиз» дедим. Ошентип, козуну багып алдык. Бөтөлкө менен сүт берип жүрүп мага аябай көнүп калды. Машинага түшсөк машинага түшөт, клубга кирсек клубга кирет. Аны «кош, бул жерге, тиги жерге» деген деле адам жок. Бир күнү адаттагыдай эле алып баруучунун чакыруусу менен сахнага чыксам, эл дуу каткырып калды. Балээ болуп чапанымды тескери кийип алган окшойм деп өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим. Комузумду колума алып, үстөлгө отурсам, жанымда козум турат. Эртеден кечке сүт берип жүрсөм, анан мени энесиндей көрүп калган да. Ошентип, козу экөөбүз ырдадык. Бири-биринен уккандар «артист козуңар бар турбайбы, ээ, ал дагы концертке катышабы?» дей беришчү. Аксыга келгенде ал козумду досумдун үйүнө таштоого туура келди. Анткени андан ары Ош тарапты кыдырмак элек. Кийин ал чоң кочкор болгонун айтып келишкен.

Гүлзинат Суранчиева:«БАЛДАР БИЗДИ ТОБУРЧАК МЕНЕН УРГУЛАП...»
– Шайлоо учурунда ырчылар ар кайсы партияга ырдабадыкпы. Кесиптештерим менен Токтогулда эл кыдырып концерт берип жүргөнбүз. Токтогул шаарчасындагы аянтта ырдап жатканда кичинекей балдар тобурчактар менен ургулап жатышпайбы. Ким ырдаганы чыкса эле согушат десең. Дагы жакшы, менин бетиме тийген жок. Кээ бирлердин оозуна, бетине, чекесине тийип, кийин шишип да чыкты. Же алар менен уруша албайсың.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Bagirra
2013-06-18 14:13:32
ахаха Малик байкенин окуясы жакты )))
0
mahabat.
2013-06-18 18:16:32
дагы жакшы гулзинатты таш менен урбаптыр
0
Gulzinak
2013-06-20 22:58:32
Негедир ушул ырчы кыз такыр жакпай .
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан