Милицияга Панфилов районундагы Жайылма айылынын 45 жаштагы Любовь Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2-майда 20 жаштагы уулу сабап салганын билдирген. Денесинен алган оор жаракаттарынан улам энеси ооруканага жатып калса, зөөкүр баласы качып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Бир топ убакытка чейин карматпай жүргөн зөөкүр жакында укурукка илинди. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg