«МАНАС ОРДО»

«Манас» эпосу менен ар бир кыргыз тарбияланып жашап келишкени чындык. Ал кыргыздын улуу тарыхы. Манас бабабыздын күмбөзүн жети дубандан издеп келишип, ыйман тилеп, зыярат кылышат. Ушундан улам «Манас ордо» комплекси тууралуу сөз козгоону туура таптык.

«МАНАС ОРДО» КОМПЛЕКСИ ТУУРАЛУУ:

  • 1991-жылы «Манас күмбөзү» музей-коругу деп аталган.
  • 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин Мамлекеттик «Манас ордо» комплекси болуп негизделген.
  • 2001-жылы 24-мартта кыргыз өкмөтүнүн токтому менен «Манас ордо» комплексине «улуттук» статусу ыйгарылган.
  • Жалпы аянты – 225 гектар, анын ичинен алма багы – 7 гектар, ат майданы – 13 гектар, «Манас ата» гүлзар багы – 6 гектар.
  • Жалпы кызматкерлеринин саны – 77.

Алгач комплекске кирип баратканда символикалык дарбаза орнотулган. Ал комплекстин босогосу, башкы дарбазасы катары зор маанини өз ичине камтыйт. Андан ары жүрүп отурсаңыз, Кең-Кол суусу агып өтүүчү Кырк-Чоро көпүрөсү бар, андан кырк чорону эске салган найзаларды көрө аласыз. Сол тарабында болсо административдик имарат жайгашкан. Андан соң «Манас таануу» борбору орун алган. Мында комплекстин китепканасы, ошондой эле жаш манасчылар мектеби бар. Ал 2006-жылы UNESCO уюмунун жардамынын негизинде түзүлүп, иштеп жатат. Бүгүнкү күндө анда 20 окуучу үйрөнүп, бир нече сынактарга катышып, башкы орундарга да ээ болуп келишүүдө.
Ал эми оң тарапта болсо комплекстин көркүнө көрк кошкон, 6 гектар аянтты ээлеген «Манас ата» гүлзар багы көңүлдү өзүнө буруп турат. 1992-жылы бул гүлзар бакты отургузуу башталып, 1993-жылы толугу менен ишке берилген. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан алынып келген бак-дарактар, арча-карагайлар, гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган. Ошондой эле аталган гүлзар бакта улуу Манас бабабыз менен анын кырк чоросунун айкелдери тургузулган. Комплекстеги эң негизги объект болуп эсептелген мына ушул айкелдердин автору, КРнын Эмгек сиңирген архитектору Асылбек Солтобаев булар тууралуу биз менен болгон кызык маегинде баяндап берди:
– Айкел коюу 2001-жылы көтөрүлгөн идея эле. Манастын айкелинин эскиздеринин бир нече варианттарынан азыркы кылыч кармап турган образы тандалып алынды. Аталган айкелдин өзүнүн бою – 6 метр. Ал эми алдындагы колоннасын мен 19-20 метр узундукта тургузам деген оюм бар эле, бирок шартка байланыштуу 2 метр кесилип, кыскартылып калды. Ал эми кырк чоронун образдарын жаратууда биз, скульптор Байысбек Баатырбаев экөөбүз эпостун бир эмес, бир нече вариантын карап чыгып, ар бир баатырдын кулк-мүнөзүн өзүбүзгө сиңирип, андан соң гана ишке кириштик.
Аталган маданий-архитектуралык ансамблдин үстүндө эки жыл иштеп, 2003-жылы толугу менен бүттү. Ал жерде 45 фигура, 28 композиция бар. Композиция дегеним, 2-3төн топтоштуруп тургузулган айкелдер. Буларды комплекске кире бергендеги Кырк-Чоро көпүрөсүнөн музейге чейинки жолдун эки тарабына коёлу деген сунуш да түштү. Ал сунуш мага жаккан жок. Анткени алар карапайым, жөнөкөй жоокерлер эмес да, чачылып ар кимиси ар жакта тургандай. Ошондуктан бул маданий-архитектуралык ансамблди ушул турган калыбында бергим келди. Ал эми фигураларды жасоодо болжолдуу түрдө 110 тонна бетон сарпталып, сыртынан жез менен капталган.

Аталган көпүрөдөн түз кеткен узун жол «Манас» эпосунун фольклордук-этнографиялык музейине алып барат. Мына ушул музейдин жаралыш тарыхынан азыноолак кеп козгоп, музей директору АСАНКУЛ ЖУНУШАЛИЕВ буларды айтты:
– 1976-жылы адабий-этнографиялык музей ачылган. Ага чейин Кароол чоку жана күмбөздөн башка эч кандай объект болгон эмес. Аталган музей ошол учурдагы Талас облусу боюнча алгачкылардан эле. Кийин музейди кеңейтип куруу максатында 1992-жылы КРнын архитекторлоруна атайын сынак жарыяланган. Анда Эркинбек Нурбеков өзүнүн долбоору менен утуп чыгып, ошонун негизинде курулуп, ишке берилген.
Музейде азыркы учурда 10 миңден ашуун экспонат бар. Мындан тышкары музейге алгач «Айчүрөк» операсындагы артисттердин чопкут, зоот кийимдери алынып келинген. Азыр болсо андан Кошойдун кандагай шымы гана сакталып калды. Башкалары жок болуп кетти.
Музейдин жанында бал-бал таштар орнотулган. Келечекте ушул сыяктуу таш эстеликтери чогултулуп, дагы бир «Манас» музейи ачылат. Андан ары карай Манастын күмбөзүнө кез келесиз. Айтылуу Манастын күмбөзү бул – республиканын чегиндеги байыркы тарыхый-архитектуралык эстеликтердин ичинен элге кеңири таанылган. Күмбөз Талас шаарынан 13 чакырым алыстыкта, түштүк-чыгыш тарапта, Кең-Кол суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. 1923-жылдан тарта мамлекет тарабынан коргоого алынган. Ал эми зыяратчылардын суроо-талабынын негизинде 2008-жылы түлөөкана, андан соң шыпаакана курулуп, ишке берилген. 2012-жылы 132 миң зыяратчы келген, анын ичинде чет өлкөдөн келгендери да бар. Ага удаа эле шыпаакана курулуп, 2010-жылы ишке киргизилген. Ал алгач шыпаагерлер үйү, андан соң шыпаакана деп аталып, кийин гана ордо деген аталышты алды.

Гүлназ Атантаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aisuluu7
2013-06-24 11:01:02
Эн сонун жер. келип коруп кеткиле демекчимин.
0
nurik9090
2013-06-25 08:49:14
буйруса барам тилек кылдым.
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан